Саясий майрам кантип элдик майрамга айланды?

Аялдардын эл аралык күнү кандай жаралган, бир кездерде саясий мааниге ээ болгон бул дата кантип элдик майрамга айланып кетти?

Тарыхчы окумуштуулар Ташманбет Кененсариев менен Кыяс Молдокасымовдун талкуусу.

Ташманбет Кененсариев: Дүйнөдө түрдүү майрамдар бар. Бирок жалпы адамзат үчүн негизи эле жазгы майрамдар аябай кызыктуу болсо керек. Ошолордун арасындагы эң бир көрүнүктүү жана шаңдуу майрамдардын бири бул - Бүткүл дүйнөдөгү аялдардын тилектештик күнү болгон 8-март! Бул майрамдын саясий дагы, социалдык, маданий, моралдык мааниси бар. Тарыхта белгилүү болгондой байыркы дүйнөдө деле анча-мынча майрамдалган экен. Маселен, Байыркы Римде ушуга окшогон майрам кездешкен. Иш жүзүндө атайын расмий майрам катары XIX кылымдын 50-жылдарында баштап турмушубузга сиңди.

Кыяс Молдокасымов: Бул майрам алгач 1857-жылдын 8-мартында Нью-Йоркто жумушчу аялдар көчөгө чыгып, анан ошол жерден өздөрүнүн укуктарын талап кылып, социалдык теңсиздикти айыптап чыкканда башталган экен. Андан кийин 1908-жылы 8-мартта Нью-Йорк шаарында фабрикада иштеген жумушчу аялдар иш таштап, балдардын эмгегине тыюу салуу талабын билдирип чыгышкан. Мына ушундай нааразычылыктар уланып олтуруп, 1909-жылы АКШда социалисттик партия февралдын акыркы жумасын аялдардын улуттук күнү деп жарыялаган экен. 1910-жылы Копенгаген шаарында өткөн социалист аялдардын II эл аралык конференциясында немис революционери Клара Цеткин 8-Март бүткүл дүйнөдөгү аялдардын тилектештик күнү катары белгилөөнү сунуш кылып чыккан. Ушундан баштап майрам катары белгилене баштады. Биринчи жолу 1911-жылы Германияда, Австрияда, Швейцарияда, Данияда майрамдалса, кийин 1913-жылы Орусияда майрамдала баштады. Советтер Союзунда 1965-жылы СССР Жогорку советинин президумунун жарлыгы менен майрам катары кызыл дата менен белгиленген.

Сүрөттүн автордук укугу Rufat ergeshov

Ташманбет Кененсариев: 1920-жылдарда Кыргызстанда баарыбыз билгендей сабатсыздыкты жоюу, колхоздоштуруу, индустриализация жана башка көптөгөн иштер жүрүп жаткан мезгил болчу. Мына ошол мезгилдерде аялдардын арасында теңдикти алып келүү маселеси жана китепканалар аялдардын сабатсыздыгын жоюу боюнча масселелер ушул майрамга карата дагы атайын уюштурулуп турган. Маселен, 1925-жылы 8-март күнү Ысык-Көлдүн Талды-Суу кыштагындагы Күрмөнтү болуштугунда Кыргызстандагы аялдардын биринчи жолу клубу (тобу) ачылган. Демек, Кыргызстанда дагы ошол мезгилден баштап, ушул убакка чейин белгиленип келе жатат. Анан 1978-жылы БУУда бул майрамды расмий түрдө таанышты. Ошондон тарта дүйнөлүк масштабдагы майрам болуп калды. Анан бул майрамга көптөгөн иш-чаралар туура келген учурлар бар. Мисалы, 1930-жылы 8-мартта Махатма Ганди жетектеген нааразылык башталган. Айталы, Канаданын Түштүк жана Түндүк-Батыш аймагында 1973-жылдын 8-мартында спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салган атайын чечим кабыл алышкан.

Сүрөттүн автордук укугу Rufat ergeshov

Кыяс Молдокасымов: Албетте, аялдардын укугу жогору болсун, ар дайым аялдар коомдо эркектер менен тең болсун деген талаптардан кийин 8-март келип чыкканы талашсыз. Ал эми кыргыздарда болсо ар дайым аялзатына урмат-сый менен мамиле кылып келишкен. Кыргызстанды түрө кыдырган чет элдик саякатчылар Кыргызстадагы аялдардын XIX кылымдагы абалын көрүп эле, "Борбордук Азиядагы башка элдерге караганда кыргыздардын аядары өтө эркин жүрөт экен", "Булар эркектер менен тең укукта болуп, керек болсо айрым бир учурларда коомдо чечүүчү ролдорду ойногон учурлар дагы болгон экен" деп таңдануу менен жазышкан. Чокон Валиханов болсо кыргыз аялдары өтө тамашакөй, ачык айрым келгендигин, өзгөчө бир суктануу менен жазганы бар. Мына ошондуктан Кыргызстанда Кыз Сайкал, Айчүрөк, Каныкей жана кечээ эле тарыхта өткөн Курманжан Датка, Жаркын Айым, Зияда Датка, Бурулча сыяктуу кыргыздын көрүнүктүү инсандары ар дайым өзүнүн акылмандуулугу жана данышмандыгы менен коомдо сый-урматка ээ болуп келгени бекеринен эмес.