Сөгүнгөндүн ордуна сөзгө тартыңыз

Two women arm wrestling Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жөн эле кыйкыра берүүнүн кажети жок, андан көрө аргументиңизди туура кураңыз

Пикириңиз дал келбей калса, сүйлөшүү жолу менен маселени чечүү оорбу? Конструктивдүү аргумент келтире аласызбы?

Психологдордун айтымында, кайым айтыша кетпейин деп көпчүлүк адам өз пикирин билдирбей коёт. Бул туура эмес. Психолог Тимандра Харкнесс аргументтерди туура түшүндүрө алсаңыз, талаш-тартыш, талкуу аркылуу өзүңүздү өнүктүрө аласыз деген ойдо.

Харкнесс айым "туура аргумент түзүү" аттуу китебинде кызыкчылыктардын кагылышы, моралдык көз караш жана мунаса табуу жолдорун изилдеген.

Сөгүнбөй туруп сөзгө тарткыңыз келеби? Анда төмөнкү кеңештерге көңүл буруңуз:

Биринчи кезекте оппонентиңиздин сөзүн угуңуз

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Биринчи айттым, катуурак кыйкырдым!"

Урушуп жатканда өзүбүздүн жүйөөнү жеткирем деп, берки тарапты укпай коёбуз. Бирок оппонентиңиздин аргументин угуп, так түшүнүү абдан маанилүү.

Ар бир аргументте эки тарап болот. Оппоненттин жүйөөлөрүнө "көңүл бурбай койсо болот" деген түшүнүк чоң жаңылыштык.

Эгерде өз позицияңызды бекемдегиңиз келсе, оппоненттин сөзүн түшүнүү керек. Анын жүйөөлөрүн колдонуп, өз аргументиңизди кураганга аракеттениңиз.

Сезимдерди түшүнүңүз

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Шылдыңдоо жакшы стратегия эмес

Жөн эле укпастан, айтышып жаткан кишинин сезимдерин түшүнүүгө аракеттениңиз. Өзүңүздү анын ордуна коюп көрүңүз.

Көп учурда өз пикирибизге таянып, башка тарапты укпай, алардын сезимдерин түшүнбөй койгондуктан, чоң уруш чыгат.

Психологдор "ар бир аргумент окшош, жүйөөлөр бирдей" деген ой менен баштоо керек экенин белгилешет. Оппоненттин сөзүн уккандан кийин анын сезимдерине да көңүл буруу аркылуу чыныгы абалды түшүнсө болот.

Каршылаш тараптын жүйөөлөрүн кайталаңыз

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Туура түшүнүп алгандан кийин гана өз пикириңизди билдириңиз

Бирин-бири түшүнбөй калгандыктан кайчылаш пикир кайым айтышууга чейин жетет.

Бул көйгөйдү чечүү абдан оңой. Психологдор айтышып жаткан кишинин жүйөөлөрүн кайталоону сунуштайт.

Аргументтерин кайталасаңыз, бири-бириңизди туура түшүнөсүз.

Талкуу жараткан жүйөөлөрдү эрте аныктаңыз

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кайсыл маселелерден талаш чыгышы мүмкүн экенин алдын ала болжоңуз

Коңшулар менен талаш узакка созулуп кетиши ыктымал. Дал ошол себептен пикир келишпеген жактарды эрте аныктап, эрте чечип алуу керек.

Ошондой эле келечекте дагы кандай көйгөйлөр чыгышы мүмкүн экенин алдын ала билип туруу зарыл. Эгерде талаш чыккан болсо, аргументтериңиз даяр болот.

Албетте, үйүңүздүн алдына чоң кампа курам деген оюңуз болсо, кошунаңызга да айтып койгонуңуз туура болот.

Мунасага келген учур барбы?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кайсыл сырды сатып алабыз деп айтуудан мурун, сыр жегиңиз келеби же жокпу, ошого жооп издеңиз

Кайым айтышуудан мурун кандай маселеде пикириңиз келишпей жатканын аныктап алыңыз.

Эң жөнөкөй баалуулуктар боюнча кайчылаш пикирде болсоңуз, маселени талкууга алуу керекпи?

Башында кайсы маселелер боюнча бир пикирде экениңизди аныктап алсаңыз, кийинки аргументтерге жол ачылышы ыктымал.

Ар дайым сылык болуңуз

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Пикириңиз келишпесе да сылык болуңуз

Кайчылаш пикирде болгондор деле өз жүйөөлөрүн сылык түрдө айтып, конструктивдүү талкуу жүргүзсө болот. Адамды шылдыңдоонун кереги жок.

Коомдук тармактардан улам көптөр өз аргументтерин айтпай туруп эле, пикири келишпеген адамды шылдыңдап же сөгүнүп кирет. Аларды жоопко тартуу абдан татаал.

Алтын эреже - адамга үн көтөрбөй, аргументке көңүл буруңуз.

Эмоцияга алдырбаңыз

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Бир нерсе айтуудан мурда ойлонуңуз

Эмоцияга алдырбоо үчүн терең дем алып, ар бир сөзүңүздү ойлонуп туруп айтыңыз.

Маселеге критикалык көз караш менен кароо мунаса табууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Катаңызды моюнга алыңыз

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кечирип кой деп айтуудан качпаңыз

Аргументти туура келтирүүнүн алтын эрежеси- катаңызды байкаганда, аны моюнга алуу зарыл. Бул кадамдан кийин гана алдыга жылса болот.

Кечирим суроого даяр адам кайраттуу болот. Ката кетирип алганыңыз үчүн өзүңүздү кемсинтүүнүн да кажети жок. Тескерисинче, маселе чечилгенине кубануу керек.

Аргументтен утканда мактанбаңыз

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жеңишке жеткенден кийин атаандашыңызга сый-урмат көрсөтүңүз

Жеңишке жеткенден кийин өзүңүздү туура алып жүрүшүңүз керек.

Толеранттуулук - пикирибизге кошулган адамдар менен убакыт өткөрүү эмес. Толеранттуулук кайчылаш пикирдеги кишилер менен кызуу талкуу өткөрүү, канчалык бир пикирге кошулбасак да аларды сыйлап, ынтымактуу болууну билдирет.

Тектеш темалар