Казакстан: Президенттикке потенциалдуу талапкерлер

Казакстандын президентинин милдетин аткаруучу Касым-Жомарт Токаев кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөрүн жарыялады.

Токаев түз эфирдеги кайрылуусунда шайлоону "ачык жана адилетүү" өткөрүү үчүн кепилдик берем деп убада берди. Ошондой эле шайлоо өткөрүү мөөнөтүн аныктоодо "Эл башы" менен кеңешкенин дагы кошумчалады.

Шайлоо жарышына катышарын же баш тартарын Касым-Жомарт Токаев ачык айткан жок. Саясий талдоочулар потенциалдуу талапкерлер тууралуу сөз кылууда.

Дарига Назарбаева

Биринчилерден болуп Нурсултан Назарбаевдин 55 жаштагы кызы Дариганын ысымы аталып жатат. Дарига Назарбаева zakon.kz сайтына берген маегинде:

"Баш мыйзам боюнча ар бир жарандын талапкер болууга укугу бар. Талапкерлерди көрсөтүү чечимин саясий партиялар кабыл алат",-деп айткан.

Сүрөттүн автордук укугу CHRIS JACKSON

Ал баары мыйзам чегинде болушу керектигин айтып, шайлоонун тыянагы Казакстан элининин эркине байланыштуу деди. Ошону менен бирге эле Дарига Назарбаева партиядан сунуш түшсө, кабыл алабы жокпу деген суроого жооп берген эмес.

Талдоочулар Назарбаевдин кызын бекеринен Казакстандын төмөнкү палатасынын спикери кылып шайлашкан жок деп белгилеп жатышат. Анын президенттикке келүү жолун таразага салып, сындан өткөрүп, элдин реакциясын дагы байкап жатышат деген пикирлер бар. Конституция боюнча сенаттын спикери өлкөдөгү президенттен кийинки эле кызмат адамы.

Буга чейин британдык Financial Times басылмасы "Нурсултан Назарбаев отставкага кеткени менен бийликтен кеткен жок" деп жазган.

"Эми 78 жаштагы лидер өлкөнүн Коопсуздук кеңешин башкарып, өмүр бою улуттун лидери бойдон кала берет. Ал эми анын потенциалдуу мураскери катары кызы Дарига дайындалды. Бирок ушундай окуянын өнүгүшүнө карабастан, "назарбаевдик доор" өтүп баратат" деп эсептейт аталган басылма.

Батыш өнөктөрү мурдагы советтик өлкөнү авторитардык династияга караганда, демократиялык жолго жакын деп үмүттөнүп жатышат.

"Эгерде Казакстан дагы династиялык жол менен кете турган болсо, кландык капитализмге батып, демократиядан бөлүнүп калуу коркунучу бар. Андай болбой, Назарбаев же анын мураскери системаны ачык кылып, таза шайлоо аркылуу бийликти алмаштырууга жетсе, анын "Улут көсөмү" наамы татыктуу берилген болуп саналмак",-деп жазган.

Назарбаева буга чейин Сенаттагы эл аралык мамилелер боюнча комитеттин төрайымы эле. Ал Нурсултан Назарбаевдин тун кызы.

Касым-Жомарт Токаев

Сүрөттүн автордук укугу PAvel Alexandrov/TASS

Саясат таануучулар президенттин милдетин аткарып жаткан парламенттин мурдакы төрагасы Касым-Жомарт Токаевди мураскер болушу күмөн дешет.

65 жаштагы Токаев "Эл башынын" эң ишенимдүү кишилеринин бири. Саясатта узак жылдардан бери Назарбаев менен бирге иштешип жүргөн тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер, эл аралык чөйрөдө таанылган дипломат. СССР учурунан эле Кытай, Сингапурдагы элчиликтерде эмгектенген. Өлкө эгемендик алгандан кийин тышкы иштер министри, премьер-министрдин орун басары, премьер-министр жана парламент төрагасы кызматтарында иштеген. 2011-2013-жылдары БУУнун баш катчысынын орун басары болуп турган. Сенаттын төрагалыгына 2013-жылы келген эле.

Касым-Жомарт Токаев - бийликти мураскерге чыр-чатаксыз өткөрүп берүүгө ортомчулук кыла турган фигура катары тандалып алынган деген пикирлер бар.

Марат Тажин

Сүрөттүн автордук укугу wikipedia

Британдык Сhatham Нouse аналитикалык борбору дагы бир талапкер тууралуу божомолун жазды. Анда Казакстанда бийликке таасир эткен күчтөрдүн бири катары социология илимдеринин доктору, Назарбаев чөйрөсүндөгү "аталык" деп таанылган 59 жаштагы Марат Тажиндин ысымы аталган. Ал Казакстандын тышкы иштер министри, Улуттук коопсуздук комитетинин катчысы, президенттин кеңешчиси кызматтарын аркалаган.

Мындан тышкары Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Карим Масимов, УКК төрагасынын орун басары, Назарбаевдин жакын тууганы Самат Абишдин дагы ысымдары аталууда. (AbA)

Тектеш темалар