Д.Касеинов: Ош шаарына чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Д.Касеинов: Ош түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары өзүн таанытат

2019-жылы Ош "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" болот деп таанылган. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Туруктуу кеңеши чечим кабыл алган эле. Ушуга байланыштуу байыркы Ош шаарында илимий практикалык конференциялар, жарманкелер жана маданий иш-чаралар өтүүдө. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов бул аракет Ош шаарына чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет деп айтты.