Эркектер сөз кылбаган беш маселе

Bearded man smoking, staring vacantly into the distance Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Жыл сайын дүйнөдө 800 миң адам өз өмүрүн кыят. Алардын көбү эркектер. Буга эркектердин көйгөйлөрүн башкаларга айтпай, аларды ичинде кармаганы себеп. Кайсы көйгөйлөрдү эркектер ачык сүйлөшкөнү туура?

Коомдук медиа жана реалдуулук

Коомдук медиа адамдын психологиясына таасир этери талашсыз.

Пенсильвания университети жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, коомдук медиада көп отурган адам жалгыздык сезимдерине кабылып, депрессияга батат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Коомдук медиа адамдын чыныгы сезимдерин жашырып коёт

"Депрессия жана жалгыздык сезимдерден арылуу жолдорунун бири - коомдук медиадан баш тартуу",- деп жазат изилдөөнү жүргүзгөн психолог Мелисса Хант.

Коомдук медианын эмнеси кооптуу?

"Фейсбук", "Инстаграм" же башка коомдук сайттарда жарыяланган сүрөттөр же ойлор көп учурда чыныгы абалды чагылдырбайт. Бирок ага карабастан адам өз жашоосун сайттагы "жасалма турмушка" салыштырат.

"Көп учурда коомдук медианын колдонуучулары өз турмушун башканыкына салыштырып жатканын байкабай калат. Коомдук медианы көп колдонгондор көп учурда салыштыруу менен алек болуп, өзүн кемсинтет",- дейт психолог Оскар Ябарра.

Жалгыздык

Би-Би-Синин Жалгыздык эксперимент долбоору Wellcome Collection уюму менен бирге сурамжылоо жүргүзүп, 16 жаштан 24 жашка чейинки жаштар жалгыздык сезимдерине кабылганын аныктаган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Оксфорд университети 2017-жылы изилдөө жүргүзүп, жалгыздык сезимдери өзгөчө эркектерге кооптуу экенин тапкан. Себеби аялдарга салыштырганда, эркектер жалгыздык менен күрөшүүдө кыйналат.

"Аялдар жакындары менен телефондо сүйлөшүп, жалгыздык сезимдеринен арылган. Ал эми эркектерге бул жетишсиз экен. Алар бир жерге барып, чогуу отуруу, футбол ойноп келүү же кандайдыр бир аракет жасоого муктаж. Антпесе өзүн жалгыз сезет. Бул аял менен эркек ортосундагы чоң айырма",-деп жазылат изилдөөдө.

Жалгыздык сезимдеринин физикалык жана психологиялык саламаттыкка таасири чоң. Изилдөөлөр жалгыздык сезимдерин деменция (алжып калуу) жана башка психологиялык илдеттер менен байланыштырып келет.

Тартынбай ыйлап алуу

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Илимий изилдөөлөр тартынбай ыйлап алуунун психологиялык артыкчылыктарын аныкташкан. Ал аркылуу адам башка бир кишиге жакындап, байланыш түзүүгө жол ачылат. Бирок эркектер бирөөнүн көзүнчө ыйлай албайт. Мындай түшүнүк бардык элде бар.

Британияда жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, 18-24 жаштагы эркектердин 55 пайызы ыйлап алуу жигиттик сапаттарга каршы келет деген оюн айткан.

"Ымыркай кезинен эле эркектер ыйлабашы керек, эмоциясын билдирбеши керек деп үйрөтөбүз. Ыйласаң сени алсыз деп аташат деген түшүнүктү сиңиребиз",- дейт психолог Колман Одрисколл.

Үй-бүлөнү багуу

Британияда жүргүзүлгөн сурамжылоодо эркектердин 42 пайызы аялдардан көбүрөөк акча табуу керектигин айтышкан.

Сүрөттүн автордук укугу BBC Sport
Image caption Футболчу Олумиде Дурожайе

"Атам үй-бүлөмдү багам деп күнү-түнү иштеп жүрчү. Өлкөнү кыдырып, үйгө деле токтогон эмес. Атамды үлгү катары алып, мен дагы күнү-түнү иштейм. Үй-бүлөмдү багышым керек",- дейт футболчу Олумиде Дурожайе.

Финансылык жүктү жалгыз көтөрөм деген эркектерге оңой эмес. 2015-жылы жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, жумушсуздуктун деңгээли 1 пайызга жогоруласа, өз жанын кыйгандардын саны 0,79 пайызга көтөрүлөт.

Адам баласы башкалардын финансылык ийгилигине өзүн салыштырып, күн өткөрөт. Бул эркектер үчүн чоң көйгөйгө айланышы ыктымал.

Дененин көрүнүшү

Жош Британиядагы реалити-шоу программасынын жылдызына айланган. Анда каармандар чакан аралда жашайт.

Сүрөттүн автордук укугу BBC Sport
Image caption Реалити-шоу дененин көрүнүшү боюнча терс ойлорду байлаганы үчүн сынга кабылган

"Аралга барасың деп айтканда катуу машыктым. Залдан чыкпай калдым. Денеме көптөр суктанса дагы, мага бир нерсе жетишпей жаткандай эле сезилди. Азыр дагы башка бирөөгө өзүмдү салыштыра берем. Өзүмдү кемсинтем". (ATch)