Кош бол килограмм! Кеңири жайылган масса бирдиги эскирди

Weights Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Килограмм - масса бирдигин аныктаган жети эл аралык системанын бири

Быйыл бир килограммдын так салмагын аныктаган жаңы масса бирдиги күчүнө кирди. Ал дүйнөнүн туш тарабына таратылат.

Килограмм - масса бирдигин аныктаган жети эл аралык системанын бири.

Алардын төртөө - килограмм, ампер (электр кубатын ченеген бирдик), кельвин (температура) жана молярдык масса (зат массасынын анын санына болгон катышын көрсөтүүчү чоңдук) - жылдын башында Францияда аныкталды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Килограммдын эл аралык прототипи - 4 сантиметр болгон цилиндр, 90 пайызы платина менен 10 пайызы иридийден куюлган. Аны Париждин түндүк тарабындагы Эл аралык ченем жана тараза бюросунда сактап келишти.

Эскирип калган килограмм бирдиги

Килограмм 1901-жылы расмий түрдө аныкталган. Аны эл аралык системада колдонулган акыркы физикалык объект десек болот. Килограммдын эл аралык прототипи - 4 сантиметр болгон цилиндр, 90 пайызы платина менен 10 пайызы иридийден куюлган. Ал 1889-жылы Лондон шаарында жасалып, Париждин түндүк тарабындагы Эл аралык ченем жана тараза бюросунда сакталып келди.

Убакыт өткөн сайын физикалык буюмдар атомдорду жогото баштайт (башкача айтканда бууга айланып кетет) же тескерисинче абадагы молекулдарды сиңирип, жүз жылдын ичинде масса бирдигинин салмагы ондогон микрограммга өзгөрүп калат.

Андан улам ушул прототиптин негизинде жасалган килограмм бирдиги так болбой калат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Килограммдын так болбой калганы күнүмдүк турмушка эч таасир этпейт, бирок илимий иштерге чоң көйгөй туудурат

Ондогон микрограммга так болбой калган бирдик күнүмдүк турмушка эч таасир этпейт, бирок илимий иштерге чоң көйгөй туудурат.

"Эгерде Жерге башка планетадан жандыктар келсе, биз алар менен физика тууралуу сүйлөшөбүз. Масса бирдиктери тууралуу сөз кылабыз. Жер планетасы масса бирдигин аныктоо үчүн Парижде чаңдап жаткан темирден жасалган буюмду колдонот деп айтсак, бүтүндөй аалам бизди шылдыңдайт",-деди АКШдагы Улуттук стандарт жана технология институтунун өкүлү Стивен Шламмингер. Окумуштуу килограмм бирдигин өзгөртүүнү колдогон изилдөөчүлөрдүн бири.

Жаңы килограмм бирдиги

Дүйнөлүк ченем жана тараза конференциясында добуш берүү алдында кызуу талкуу деле болгон жок. Мындай талкуулар буга чейин өтүп, бир нече мамлекет өзүнүн сунуштарын айткан.

Мындан ары килограмм Ватт таразасы (же Киббл таразасы) менен аныкталат. Бул каражат массаны аныктоо үчүн буюмду эмес, квант физикасындагы константаны колдонот.

Жөнөкөй тил менен айтканда, бир килограммды аныктоо үчүн таразада электромагнит менен электр кубатын пайдаланышат. Мурдагы темирден жасалган буюмду электр кубаты алмаштырат. Себеби электр кубаты темирден жасалган буюм сыяктуу өзгөрбөйт.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Жаңы килограмм Ватт таразасы менен аныкталат

Улуттук физикалык лабораториянын окумуштуусу Теодор Йанссен жаңы масса бирдигин аныктоо жөнүндө кабыл алынган чечимди тарыхый деп атады.

"Эми эл аралык системада колдонулган бирдиктер физикадагы константаларга байланды. Алар эч качан өзгөрбөйт, түбөлүккө колдонулат. Келечекте илимий иштерде массаны так аныктоого мүмкүнчүлүк алдык",-деди ал. (ATch)

Тектеш темалар