Эмдөөдөн өтпөгөндүн кесепети
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Эмдөөдөн өтпөөнүн кесепети

Дүйнөлүк Саламаттык Уюму дүйнө жүзү кызылча илдетине каршы күрөштө артты карай кадам таштап жатат деп эскертти. Билдирүүдө интернет аркылуу тараган жалган маалыматтар вакцина алгандардын санын азайтууда деп айтылат. Кызылчанын айынан көз көрбөй, пневмония оорусу күчөп жада калса өлүмгө алып келиши мүмкүн. Учурда Филипин бул оору менен күрөшүп жатат. Ушул жылдын башынан бери кеминде 500 киши каза болуп, 35 миң киши ооруну жугузуп алган, алардын көбү жаш балдар.