Интернет жылдызына айланган таксист опера ырчысы болду

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
The singing Uber driver is now set for the opera stage

Жүргүнчүлөрдүн бири таксист жигиттин Жузеппе Вердинин La donna è mobile ариясын ырдап баратканын смартфонго тартып алып, интернетке чыгарып жиберген. Таксист интернеттин жылдызына айланып, кийин операда ырдоо боюнча сунуш алды.

Түштүк Африка республикасынын 27 жаштагы жараны Мензи Мнгоманын жашоосу ошентип өзгөрдү. Ал унаасында баратып ырдаган Дурбан шаары - өлкөнүн түштүк-чыгышындагы эң ири шаар. Тасма интернетте 660 миң жолу көрүлгөн.

"Жашоомдогу өзгөрүүлөр үчүн абдан кубанычтамын. Азыр эми толтура концерттер, фанаттар дагы мени таанып, сүрөткө түшүүнү сунуштап жатышат. Менин жүзүм ТВда, гезиттерде, үнүм радиодо. Бул өзгөчө сезим...",-деди Мензи Би-Би-Сиге берген маегинде.

Аны интернет жылдызына айлантып, "Фейсбукка" чыгарган бизнесвумен Ким Дейви. Ким май айында жумуштары менен Йоханнесбургдан Дурбанга келгенде Мензинин ырдаганына күбө болуп, телефонго тартып алган.

"Үй-бүлөсүн багуу үчүн ал Uber такси кызматына жумушка орношууга аргасыз болгон экен,-дейт Дейви. -Мнгома ырдап баштаганда эле, дене боюм дүркүрөп кетти. Ошондуктан мындай учурду өткөрүп жибербей тартып алдым. Өзүнүн уруксаты менен "Фейсбук" баракчама жайгаштыргамын. Тасманын укмуш тарап кетишин күткөн эмес элем. Ошондон бери анын турмушунда дагы абдан бат өзгөрүүлөр болду".

Эми Мензи Мнгома Кейптаун операсында сабак алат. Азыр жыл сайын өтүүчү South Africa Author's Awards сынагына даярданып жатат. Сынак 31-июлда Йоханнесбургда өтөт. Андан башка дагы эл аралык сынактарга катышсам дейт.

Сүрөттүн автордук укугу Kim Davey
Image caption Ким Дейви менен Мензи эстелик үчүн сүрөткө дагы түшкөн

"Декабрда Лос-Анжелесте өтө турган таланттардын кечесине катышам. Өзүмдү өзгөчө сезип жатам. Мен эми жөнөкөй Uber айдоочусу эле эмесмин",-дейт эл аралык чоң сахналарда ырдоону кыялданган Мнгома.

Мензи Мнгоманын интернетте топ жарып жаткан видеосуна назары түшкөндөрдүн бири Кейптаун операсында вокалдан сабак берип, жетекчи кызматтардан турган Конрад Купидо болгон. Ал "Фейсбуктагы" тасманы көргөн соң, июндун ортосунда Мензинин Кейптаун операсына чакырып, аны угуп көргөн.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption ТАР опера ырчыларын даярдаган өтө күчтүү мектеп катары таанылган

Ошондой эле тасма опера театрынын көркөм жетекчиси Мэттью Уайлдды дагы таң калтырган.

"Чынында анын укмуш тенору бар экен", -деди Купидо Би-Би-Сиге.

Эми бул кишилер таланттуу жигитке сабак берип, талантын курчутууга көмөктөшкөнү турат.

Кийинки жылы Мнгоманын ысымы Кейптаун операсынын программасына кирип калышы мүмкүн.

"Бизде абдан билимдүү, жөндөмдүу мугалимдер бар. Алар чет тилдерде - итальян, орус, немис тилдеринде ырдаганга үйрөтөт. Мына ушундай мугалимдердин сабагын алуу, ал үчүн өтө пайдалуу",-деди Купидо.

Сүрөттүн автордук укугу Menzi Mngoma
Image caption Мензи музыка чөйрөсүнө аралашканы менен такси кызматындагы ишин дале улантып жатат

Мензи музыка чөйрөсүнө аралашканы менен такси кызматындагы ишин дале улантып жатат.

"Опера ырчысы катары өсүп баштадым. Бирок үй-бүлөмдүн алдындагы милдетимди эч ким алып койгон жери жок",-дейт өз максаттары тууралуу Би-Би-Сиге айтып берген Мензи Мнгома. (АbA)

Тектеш темалар