Бир комитетте эки башка пикир кайдан чыкты?
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Бир комитетте эки башка пикир кайдан чыкты?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү деп айтылып келген “Апрель” телеканалы өткөн аптадан бери ишин токтотту.

Коомдук медиага тараган видеодо укук коргоо органдарынын кызматкерлери делген бир нече адам келип, имараттагы айрым бир эшиктерге атайын белгилерди коюп жатканы тартылган.

Муну аталган телеканалдын кызматкерлери “кирүүгө тыюу” салды деп түшүндүрүп жатышат.

Телеканалдын ишмердиги токтогону боюнча ар кыл пикирлер айтылып жактан учур. Айрымдар окуяны сөз эркиндигине кысым катары бааласа, дагы бирлери “Апрель” телеканалын маалымат каражаты деп атаса болбой турганын, ал Атамбаевдин пропагандалык куралы экенин айтып жатышат.

Өздөрүн “Сөз эркиндигин коргоо комитети” деп атаган бир уюмдун мүчөлөрүнүн бул боюнча бири-бирине карама-каршы айтылган пикирлери талкууну ого бетер кызытты.

Би-Би-Си аталган комитеттин мүчөлөрү Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Бегалы Наргозуев менен активист Адил Турдукуловду чакырып, ушул маселени талкуулады.