Текебаев менен Чотонов үй камагына чыкты

Текебаев

Саясатчылардын баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Үй камагына чыкты деген маалыматты Текебаевдин жактоочусу Т. Токтакунова Би-Би-Сиге тастыктады.

Буга чейин Жогорку Сот мурдагы сот чечимдерин жокко чыгарып, ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо үчүн биринчи инстанцияга жөнөткөн.

Баш коргоо чарасы каралып жаткан учурда камактагы саясатылардын жактоочулары чогулуп, боштондук талап кылган плакаттарды көтөрүп турушту.

Өмүрбек Текебаев 2017-жылдан февраль айынын аягында "Мегаком" компаниясынын тегерегиндеги чырга байланыштуу камакка алынып, ага "коррупция" боюнча айып тагылган. Орус ишкери Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деп айыпталып, анын көрсөтмөсү менен камалган. Кийин Бишкектин 1-Май райондук соту бир миллион доллар пара алуу иши боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган. Аны менен чогуу партиялашы Дүйшөнкул Чотонов дагы айыпталып, сот жообуна тартылган эле.

Соттук жараяндын жүрүшүндө белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып, аны жалган жалаа жана саясий куугунтук деп билдирген.

Ө.Текебаевдин сот процессинде аны жактап экс-президент Роза Отунбаева баш болгон көп саясатчылар көрсөтмө беришкен.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар