Полот хандын урпактары тарыхка жаңылык киргизе алабы?

Тарыхта Исхак молдо Асан уулу деген ат менен белгилүү, 1873-жылдагы Кокон ханы Кудаярга каршы көтөрүлүштүн башында турган теги кыргыз Полот хан тууралуу кыргызстандык окурмандардын көбү белгилүү жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романы аркылуу кабардар.

Полот хан Сүрөттүн автордук укугу Ташманбет Кененсариев

Бирок тарыхый романда Полот хандан тукум калбаганы тууралуу айтылат эмеспи. Эгемендик жылдардан кийин бул доордогу тарыхый инсандар тууралуу изилдөөлөр жазылып, аларга жаңыча баа бериле баштады. Изилдөөлөрдүн сап башында тургандардын бири тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариев болду. Бул жолу Би-Би-Синин "Тарых" түрмөгүндө профессор Ташманбет Кененсариев менен биргеликте Полот хандын түз урпактарыбыз деген Болдукан Сулайманова жана Фарида Байитова менен маектештик.

Б.Сулайманова: Полот хан менин атамдын таятасы болуп калат. Ошондо мен ал кишиге чеберемин. Мурда бул киши тууралуу көп сөз болчу эмес. Союз маалында такыр сөз айтылбайт эле. Чоң энебиз тогуз жашында атасынан калган экен. Ал киши атасы кайсыл жерде көмүлгөнүн билбей жүрүп, 87 жашында дүйнөдөн өттү. Атасы тууралуу жомоктой кылып айтып берер эле.

Би-Би-Си: Тарыхчылар айтып жүргөн маалыматтардан сырткары эмне айта аласыздар?

Б.Сулайманова: Фергана чөлкөмүнө таанылган датка болуп жүргөнү тууралуу айта алабыз. Эл арасында бизди "датканын кызы", "датканын небереси" деп эле айтышчу. Полот хан дегенди көп деле билишчү эмес. Зымбардан датка деп айтылган экен. Анткени зымдай катуу киши болгон.

Т. Кененсариев: Мурунку адабий чыгармаларда бул кишиден тукум калган эмес деп айтылган. Анан сөөгү кайда коюлганын дагы эл билчү эмес. Анын өзбек, тажик, кыргыз аялдары болгону белгилүү. Көрсө, ошол үч аялынан калган урпактар бар экен. Мындан үч жыл мурун Кызыл-Кыяда өткөргөн жыйында бул киши менен таанышып калып, маектешип жүрөбүз. Бир топ маалыматтарды айтып берди. Аны тактап жатабыз. Ошол Зымбардан датка дегендин үч-төрт варианты бар экен. Көрсө, Зымбардан датка деген - Исхак молдо Асан уулу өзү экен да.

Маекти толугу менен бул жерден көрүңүз.

Тектеш темалар