Кош бойлуу кездеги стресстен бала психологиялык ооруларга кабылабы?

Pregnancy woman feeling stressed Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Кош бойлуу кезинде ашыкча стресске дуушар болгондордун балдарында отуз жашка чейин эле психопатия же патологиялык мүнөз илдетине туш болуу ыктымалдуулугу он эсеге өсөт.

Соңку изилдөөгө ылайык, боюнда бар аялдын стресске кабылуусу бала төрөлгөндөн кийин деле өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

Финляндияда 3600 кош бойлуу аял ашыкча стресстин балага болгон таасири тууралуу изилдөөгө катышты. Окумуштуулар изилдөөнү бала төрөлгөндөн кийин дагы улантышкан.

Илимий изилдөөгө катышкан аялдар 1975-76-жылдары көз жарган. Балдар отуз жашка чыкканда психологдор текшерүүлөрдү жүргүзүп, стресске кабылган кош бойлуу аялдардын балдары психопатияга кабылганын аныктаган.

Стресстен тышкары баланы тарбиялоо ыкмалары, үй-бүлөнүн каржылык абалы жана бала кезинде туш болгон психологиялык травмалар дагы психопатия илдетине түрткү болот.

Психопатия илдети деген эмне?

Психопатия - психикалык оорулардын тобуна кирет. Бул илдетке кабылгандар өтө эле эмоцианалдуу же түнт болот. Маселен, паранойялык же коомго эч жуурулуша албаган мүнөзгө ээ болот.

Башка ооруларга салыштырганда психопатия адамда өмүр бою туруктуу болот, бирок галлюцинациясы сыяктуу психикалык функциялардын кескин бузулушуна алып келбейт.

Бул илдеттин оор жана жеңил түрлөрү бар. Психопатияга жыйырма кишинин бири кабылат экен.

Психопатияны алдын алуу жана дарылоо үчүн оболу бала кезден туура тарбиялоо, үй-бүлөдө, мектепте, өндүрүштө туура мамиле жасоо зарыл.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Изилдөө стресс боюнча кандай жаңы ачылыш жасады?

Окумуштуулар кош бойлуу аялдын ашыкча стресске туш болгону баланын ден-соолугуна түздөн-түз таасир этерин далилдешти.

Боюнда бар кезинде ашыкча стресске кабылган аялдардын балдары психопатияга кабылуу ыктымалдуулугу 9.53 эсе өскөн.

Орточо стресске кабылгандардын балдары психологиялык ооруга кабылуу ыктымалдуулугу төрт эсеге өскөн. Стресс дегенди үй-бүлөдөгү абал же социалдык көйгөйлөр деп чечмелешкен.

Эмнеге стресс кооптуу?

Стресс эмнеге кош бойлуу аялдарга өзгөчө кооптуу экени так аныкталган жок. Окумуштуулар ашыкча стресс баланын мээсине таасир этет деп жоромолдошууда. Бирок психологиялык илдет бир нече фактордон улам пайда болот.

Окумуштуулар стресстин таасирин изилдеп жатканда, үй-бүлөдөгү психологиялык оорулары жок, чылым чекпеген аялдарды тандашкан. Буга чейинки изилдөөлөр кош бойлуу аялдардын стресске кабылуусу депрессия, жана шизофренияга түрткү болушу мүмкүн экенин аныктаган эле.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Эмне кылуу керек?

Психолог Труди Сеневиратне кош бойлуу аялдар ар түрдүү ойлордон улам стресске кабыларын айтат. Аларга колдоо көрсөтүү абдан маанилүү.

"Стресс менен убагында күрөшпөсө, ал бала төрөлгөндөн кийин деле ден-соолукка терс таасир этет. Стресс тууралуу сөз кылып жатканда этият болушубуз керек. Кичине кабатыр болуп, баламдын ден-соолугуна зыян кылып жатам деп чочулоонун кажети жок. Бирок ашыкча стресс кооптуу экенин эске алуу дагы маанилүү",-дейт Труди.

Кош бойлуу аялдар көп эс алып, үй-бүлөсү дагы ага колдоо көрсөтүшү маанилүү. Кош бойлуу аял сезимдерин ичине катпай, ачык сүйлөшүп турганы оң. Андан тышкары туура тамактануу, жетиштүү уйку менен бирге алкоголдук ичимдик менен тамекиден алыс болуу зарыл.

Эгерде кабатыр болуп жатсаңыз, профессионалдык жардам алуудан эч тартынбаш керек. (AT)

Интернеттеги тектеш шилтемелер

Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.