Кубатбек Жусубалиев: Улуу чыгармалар жаралчу доордо жашап жатабыз...

Өткөн кылымдын 60-жылдарынан тарта жазуучулук менен шугулданып, кыргыз адабиятынын эң мыкты үлгүлөрүн жараткан белгилүү жазуучу Кубатбек Жусубалиевге "Кыргыз Эл Жазуучусу" наамы ыйгарылды.

Кубатбек Жусубалиев
  • Кубатбек Жусубалиев 1941-жылы Алай районунда, Кердегей айылында туулган.
  • Жусубалиевдин чыгармачылык ишмердүүлүгү 1960-жылдардан башталып, 1963-жылы алгачкы аңгемелери жарыяланган. 1967-жылы "Күн автопортретин тартып бүтө элек" деген китеби жарык көрдү.
  • Кийин "Толубай сынчы", "Улакчы", "Муздак дубалдар" өңдүү бир нече аңгеме, повесттери жазылды.

Би-Би-Синин өтүнүчү боюнча Кубатбек Жусубалиев менен маекти белгилүү журналист жана жазуучу Арслан Капай уулу Койчиев алып барды.


Арслан Капай уулу Койчиев: Ассалому алейкум агай, күүлүү-күчтүү жүрөсүзбү? Жамы окурман журттун арасында мен да сизге качан "Эл жазуучусу" наамы ыйгарылат деп күтүп жүрдүм. Алган наамыңыз кут болсун! 1960-жылдары "Күн автопортретин тартып бүтө элек" аттуу алгачкы повестиңиз кыргыз адабиятында чоң жаңылык жаратты эле. Анын жазылыш стили, формасынын оригиналдуулугу тууралуу көптөгөн сөздөр айтылды. Мени кызыктырганы, сиз кантип мындай оригиналдуу стилди таап алдыңыз?

Кубатбек Жусубалиев: Мен бул чыгарманы 22 жашымда жаздым. Чындыгында, "Күн автопортретин тартып бүтө элек" деген сөздү ичимдеги кандайдыр бир күчтөн уккандай болдум. Негизи бул аталышты коюуну ойлогон да эмесмин. Аталышы өзүмө да жакты.

Арслан Капай уулу Койчиев: Чыгармаңыздагы сүйлөмдөрдүн байланышы, тексттин формасы европалык деңгээлде. Мындай форманы таап алуу канчалык узакка созулду?

Кубатбек Жусубалиев: Алгач баштаганда жазуу мага кыйыныраак болду. Айрым учурларда бир-эки сөз жаза албай кыйналып, таң атканга чейин отурчумун. Окуп жүргөндө жатаканада жашачумун. Бир жолу бөлмөдө жалгыз калдым. Курсак да ачка. Аңгыча нары жакта, бирге окуган досумдун окуу бурчунан бир китеп көрүп калдым. Карасам "Америка киносунун сценарийи" ("Сценарий американского кино") деп жазылып туруптур. Досум өзү киного кызыкчу. Китептин ичин ачып окусам кыска жазылган. "Ушундай жазса деле болот турбайбы" деген ой келди.

Арслан Капай уулу Койчиев: Башка жазуучулар чыгарманы кандай кабыл алышты?

Кубатбек Жусубалиев: Такыр кабыл алышкан жок. Жалгыз гана Түкөм (ред. - Түгөлбай Сыдыкбеков) жактырды. Анын колдоосу менен чыгарма "Ала-Тоо" журналына жарыяланды.

Арслан Капай уулу Койчиев: Жазуучулар журту эмне себептен кабыл алган жок?

Кубатбек Жусубалиев: Биринчиден, жазылыш стили да жаңы, кыска болсо, экинчиден, чыгарманын мазмунунда эч кандай мамлекеттик саясатты пропагандалоо жок. Чыныгы турмушта кандай болсо, ошондой эле жазылган.

Арслан Капай уулу Койчиев: Ошол учурда сиздин повестке алгачкы пикир айткандардын бири - Чыңгыз Айтматов. Ал Москвадагы жазуучулар курултайында сүйлөп жатып, бир топ жазуучулардын арасында сиздин да ысымыңызды атап:" Кубатбек Жусубалиевдин таланттуу жазуучу экендиги талашсыз, бирок чыгармаларында пессимизмдин деми байкалып турат, бул соцреализмге шайкеш келбейт" деп айтканы бар. Кийин ал киши менен мамилеңиз кандай болду?

Кубатбек Жусубалиев: "Муздак дубалдар" аттуу чыгармамды Чыкем: "Бул жерин оңдобойсуңбу, эч ким муну басып чыгарбайт го...?" деди. Бирок мен ал кишинин сөзүнө маани берген жокмун. Себеби, бул эмгегимди кудайдын мага берген эргүүсү менен жазгам. Күндүзү жумушта болуп, кечкисин машинкеме (жазуучу машине) отурган бойдон таң атып кетээр эле. Айрым дем алыш учурларда эргүүм менен эки-үч күнгө чейин жазчумун. 1988-жылы гана финалдык бөлүгүн үшүп отуруп, колум титирегенине карабай жаздым, ага чейин эргүүм келбей койду. Кийин карасам, бул бөлүгүн жазуу маалында бир да сөздү оңдобоптурмун.

Жусубалиев жана Койчиев
  • Арслан Капай уулу Койчиев - белгилүү журналист жана жазуучу.
  • Кыргызстандын XVII кылымдын акыры - ХХ кылымдын башындагы тарыхы, кыргыз дипломатиясынын, Борбордук Азиядагы чек аралардын калыптанышынын тарыхы боюнча адис.
  • Эмгектери кыргыз, англис, түрк жана орус тилдеринде жарыяланган.
  • 2010-жылы "Мисмилдирик"(Беделдеги каргыш) романы, 2012-жылы "Айта бар менин кебимди", 2016-жылы "Бакшы менен Чынгыс хан" романы жарык көргөн.

Арслан Капай уулу Койчиев: "Муздак дубалдар" өзүнчө китеп болуп басылып чыкканга чейин окурмандар аны менен "Ала-Тоо" журналы аркылуу таанышты. Бирок, сиз жазуунун жаңы формасын өнүктүрүп, дүйнөлүк деңгээлге эми чыгаарда таштап койгондой болдуңуз...

Кубатбек Жусубалиев: Туура айтасыз. Сиз айткандай учур болду окшойт. Андан кийин менин "Вдова" ("Жесир аял") аттуу чыгармам болду. Орусча жазыш мага кыйыныраак келчү, бирок кызым Жамбы (ред. - Жамбы Жусубалиева) оңдоп-түзөп берчү.

Арслан Капай уулу Койчиев: Менин билишимче, Жамбыга арнап да жазганыңыз бар. Кызыңыз өзү да жазчу беле ?

Кубатбек Жусубалиев: Ал "Комсомолец Киргизии" гезитине кабарларды жазчу. Бирок, анын алты-жети жаштарында жазган ырлары бар. Аларга мен баа коюп берчүмүн (күлүп). Дептери бүт эле бешке толуп чыкчу. Мага да кызык болчу. Келечекте жазуучу болот го деп ойлочумун.

Арслан Капай уулу Койчиев: Каармандарыңыздын да, кызыңыздын да аты Жамбы. Бул ысымдын турмушуңузда кандайдыр бир маанилүүлүгү бар окшойбу ?

Кубатбек Жусубалиев: Жамбы - кыргыздагы эң байыркы, жакшы ысымдардын бири да. Чоң энемдин эжесинин аты да Жамбы болчу. Мааниси да "алтын-күмүштүн уюткусу" деп чечмеленет. Анын үстүнө жалгыз кызым болсо, ысымына да маани бериш керек да.

Арслан Капай уулу Койчиев: Жеке жашоодон да бир аз суроо салгым келип турат. Жубайыңыз Клара эже да кыргыз кинематографиясында көрүнүктүү инсандардын бири эле. Ал сиз үчүн жашоодо кандай роль ойноду?

Кубатбек Жусубалиев: Мындай өңүттө эч ким мага суроо берген эмес. Бул өтө олуттуу тема да. Клараны жашоомдогу биринчи жана акыркы окутуучум деп айтсам да болоор. Мен жөнөкөй айылдыкмын. Ал кишини сүйүп калып, үйлөнүп алдым. Табиятында абдан таланттуу адам болчу. Анын "Пастух и туман", "Здравствуй джайлоо!" фильмдеринин сценарийин мен да жазышкам. Кээде тексттерди окуганда, Клара экөөбүз беш-алты саатка дейре микрофондун алдында отурчубуз. Ал мен үчүн адамдык да, руханий жактан да абдан маанилүү, кымбат инсан.

Арслан Капай уулу Койчиев: Кийин башка эч кимди сүйгөн жоксузбу, эстеп сагынган учурларыңыз болобу?

Кубатбек Жусубалиев: Эгер чынын айтсам, Кларадай чырайлуу да, акылдуу да адамды мен жолуктурган жокмун. Сагынганда эмне пайда ? Мен аны менен бирге болдум, ошого ыраазымын. Экөөбүз бирге жүрдүк.

Арслан Капай уулу Койчиев: Чоң энеңиз кандай адам эле?

Кубатбек Жусубалиев: Жазуучу болуп калышыма чоң энемдин түрткүсү чоң. Мени "кем акыл" деп чакырчу. "Адамдын өзү карыса да, көңүлү эч качан карыбайт экен" дечү. Бул сөздүн маанисин мен кийин түшүнүп отурам. Ушул сыяктуу көп накыл сөздөрү бар болчу.

Арслан Капай уулу Койчиев: Демек, сиздин жазуучу болуп калууңузга үч адам чоң роль ойноптур да: чоң апаңыз, жубайыңыз жана кызыңыз.

Кубатбек Жусубалиев: Бул жакшы суроо болду. Негизинен, кыргызды кыргыз кылган аялдары деп эсептейм. Кыргыздын аялдары абдан абийирдүү, акылман, керемет.

Арслан Капай уулу Койчиев: Айрым досторуңуздун көзү өтүп кетти, айрымдары, кудайга шүгүр, арабызда, Бишкекте жүрөт. Алар менен карым-катнашыңыз кандай?

Кубатбек Жусубалиев: Алар менен жакын мамиледемин. Менин жашоомдо досторум аз болду. Алардын бири Кеңеш Жусупов менен мамилем жакшы. Азыр ал киши Ысык-Көлдө жүрсө керек. Дайыма телефон аркылуу болсо да кабар алышып турабыз. Бирок, ал мага таарынып жүрөбү бейм. Кеңеш 80 жылдык тоюна чакырганда бара албай калдым. Себеби, ал учурда сыркоолоп жаткам.

Арслан Капай уулу Койчиев: 90-жылдары сиз чоң бурулуштун алдында турганда адабияттан кеттиңиз. Кийин, "кайрылып кел" деп үндөгөндөр болдубу?

Кубатбек Жусубалиев: Жок, болгон жок. Антип деле эч ким айткан жок.

Арслан Капай уулу Койчиев: Окурмандарыңыздын көпчүлүгү сизди учурунда бааланбай калды деп жүрүштү. Өзүңүздүн мындай ойго алдырган учуруңуз болдубу?

Кубатбек Жусубалиев: Андай ой болгон жок. Негизи, мен өзүм төрөлгөндө эле олуттуу тагдыр күттүм. Себеби, туулган күнүмдүн эртеси эле атам кайтыш болуптур. Эки-үч айдан кийин эле апамды турмушка берип коюшуп, мен чоң энемдин колунда калдым. Атам өзү мугалим экен. Мен болсо орус тилинен деле кабарым жок өстүм. Орус адабиятын түшүнбөсөм деле өз алдымча окуп жүрдүм. Толстойдун "Анна Каренинасын" окугандан кийин гана сюжетин түшүнүп абдан кубангам.

Арслан Капай уулу Койчиев: Анда, "Күн автопортретин тартып бүтө элек" повестиңизде автобиографиялык маанай барбы?

Кубатбек Жусубалиев: Мазмуну дээрлик ошондой маанайда да. Анын үстүнө менде тажрыйба деген жок эле. Анан өз турмушуңду баяндайсың да. Балалык кезим бактылуу болду. Кийинчерээк чоң энемдин көзү көрбөй калды.

Арслан Капай уулу Койчиев: Жазуучуга амбиция да мүнөздүү. Менин оюмча, сиз кыргыз тилинде жазган формаңызды улантсаңыз, менимче, эл аралык деңгээлде атагы таш жарган жазуучуга айланмаксыз деп ойлой берем. Өзүңүз да ушинтип ойлодуңузбу?

Кубатбек Жусубалиев: Жок. Мен бир гана күжүрмөн экенмин. Эгер башка максат менен жүргөндө, балким, жашоо, дүйнө кайда бара жатканын түшүнбөй калмакмын. "Адам канткенде кудайды тааныйт же кантип акыйкаттыкты билебиз?" деген суроолордун үстүндө бир романды жазып баштадым. Азыркы учурда ошол романдын үстүндө иштеп жатам. Бир эмгек жаратып жатып, адамды ишендиришиң үчүн баштан өткөн окуя болуш керек. Эгер турмуш баштан өтпөсө, жазыш кыйын. Бул маселе мен үчүн чоң суроо.

Арслан Капай уулу Койчиев: Адам менен Кудайдын мамилеси тууралуу тема ар дайым көпчүлүктү түйшөлтүп келет. Мисалы, Чыңгыз Айтматовдун акыркы чыгармаларынын бири "Кассандра тамгасын" алалы. Мында, албетте кудай тууралуу тикелей сөз жок, бирок "адам деген өзү ким? Эмне деген жан?" деген маселе коюлат да. Менин баамымда, "адам баласы бир шордуу жаралган жан тура" деген ой сызылып өтөт...

Кубатбек Жусубалиев: Адам акыйкатты билип калса чыгарма жаралбайт. Мага Экзюпери (ред. - Антуан Сент-Экзюпери, француз жазуучусу) жагат. Ал сырдуу персона. Менимче, анын кудай менен болгон мамилеси өзгөчө болсо керек деп ойлойм.

Арслан Капай уулу Койчиев: Сиз Экзюперини айтып калдыңыз. Бирок, көпчүлүк, сиздин чыгармалаарыңызга сереп салгандар чыгармаларыңыздан Жеймс Жойстун таасирин тапканга аракет кылышат.

Кубатбек Жусубалиев: Бул кызык маселе. Мен аны кечээ жакында эле окудум. Өзүмдүн жазуучулук табиятымды ага салыштырып, "кандайча меники мындай?" деген суроолор пайда болду. Мен өзүм манасчылар сыяктуу табиятка ээ окшойм. Себеби, аларга эч ким үйрөтпөйт, дароо айтышат. Мен да токтобой жазып кетем.

Жусубалиев Кубатбек

Арслан Капай уулу Койчиев: XXI кылымда "манасчылык" ар кандай, ар түрдүү өңүттө, формада көрүнөт деп эсептейм. Ал - сүрөтчүлүктө, же кино өнөрүндө кашкая байкалышы мүмкүн, анын ичинде, өзүңүз айткандай, кара сөздөн да туюлат. Мен да сиздин бул пикириңизге кошулам. Мен азыр кубанып отурам, себеби, сиздин алгачкы аңгемелериңизди кайрадан барактап, анализдеп отуруп, айрым адабий ыкмаларды, формаларды Маркезден оболураак эле тапканыңызды байкадым. Айрымдары:"Жеймс Жойсту окугандан кийин Жусубалиев "аң-сезим агымы" түшүнүгүн кыргыз адабиятына алып келди" деп ойлойт. Көрсө, чындык башкадабы дейм. Себеби, сизге "манасчылык", "айтуучулук" өнөрү таасирин тийгизгендей...

Кубатбек Жусубалиев: "Муздак дубалдар" жазылып жатканда пунктуациялык белгилери жок, шыр эле кагаз бетине куюлуп түшкөн. Манасчылар да ушундай шар айтышат. Ал эми пунктуациялык белгилер жөнүндө түшүнүк кийин эле пайда болуптур. Кийин эле бул эрежелер кириптир. Ритмдер да буга жараша өз формасын өзгөрткөн.

Арслан Капай уулу Койчиев: Кыргыз жазуучуларынын арасында чыгармаларынан эпикалык стилдин илеби уруп турган дагы бир жазуучу бар. Ал киши сизди учурунда сындагандай да болуптур. Ал инсан - Чыңгыз Айтматов. Экөөңүздөрдүн мамилеңер кийин соңунда кандай болду?

Кубатбек Жусубалиев: Мен ал кишини, анын чыгармаларын жакшы көрөм. Айрыкча, "Жамийласы" абдан жагат. Бирок кийин, кайра кайрылып окуган жокмун. Себеби, соңунда саясаттын деми менен жазып калгандай туюлду.

Арслан Капай уулу Койчиев: Сиз Алайдын тоолоруна кетип, бизге окшогон окурмандар сизге жете албай жүрдү. Азыркы учурдагы адабий процесске байкоо салып турасызбы?

Кубатбек Жусубалиев: Кандай чыгармалар жаралып жатканы тууралуу кабарым жок. Анын үстүнө бул мени кызыктырбайт. Биз өтө кызыктай мезгилде жашап жатабыз. Эгер, азыркы доордо адамдар бийик талантка ээ болсо, анда улуу чыгармалар жаралат деп ойлойм. Жалгыз эле кыргыз адабияты эмес, дүйнөлүк адабиятты да окубай койдум. Кызыкканым жок. Азыр бүт эле акча жасоого айланып кеткен экен. Башкы механизм - акча табуу.

Арслан Капай уулу Койчиев: Демек, өтө кызыктуу доордо улуу чыгармаларды жаратууга шарт бар. Анда, сиздин ошондой чыгармаларды жазсам деген планыңыз барбы?

Кубатбек Жусубалиев: Балким жогоруда айткан, жаңы баштап жаткан романым ушул талапка жооп берип калаттыр.

Арслан Капай уулу Койчиев: ХХI кылымда сиздин чыгармаларды издеп окугандар бар. Бүгүнкү күндүн окурмандарына кандай мүнөздөмө бересиз?

Кубатбек Жусубалиев: Эгер мага окурмандарыман бирөө келип ой бөлүшсө мен айта алмакмын. Мага эч ким келген жок. Болгону, бирөө келип "Муздак дубалдарды" окуп, түшүнбөй калганын айтты. Мен:"дагы бир жолу оку" дедим. Мына ушундай. Демек, муну окурмандын миңден бири же өтө аз бөлүгү түшүнөт. Менин түшүнүгүмдө, бүгүнкү күнү руханий оору күчөп бара жатат. Бул - чоң коркунуч, акыр-аягы жок болуп кетүүгө алып келет.

Арслан Капай уулу Койчиев: Биз жаңы чыгармаңызды чыдамсыздык менен күтөбүз. Ал дагы өз стилин жоготпой, мурдагы чыгармаларыңыздын формасында, балким алардан да мыкты деңгээлде жаралып, жарык көрөт деп ойлойм.

Кубатбек Жусубалиев: Күткөнүңөр менен ал чыгарма, балким, мени менен кошо кетип калат. Чыгарма аяктаганда да, акыйкатты таануу менен кошо бүтүш керек. Мен ошонун жолундамын.

Жусубалиев Кубатбек

Арслан Капай уулу Койчиев: Биз болсо күдөр үзбөй, "окуп калабыз" деп үмүттөнгөнүбүз үмүттөнгөн...

Кубатбек Жусубалиев: Үмүттөнгөнүңө рахмат! Мен да ошондой үмүттөмүн. Мен кудай алдында жаш бала сыяктуумун. Баланын тилегин кудай берет. Азыр мен сексенге келсем да, ал заттын алдында жаш баламын да. Ал зат менин тилегимди бериши үчүн мага өмүр бериши керек.

Арслан Капай уулу Койчиев: Сиз Экзюпериге таасирленген сымал эле окурмандарыңыз сизге таасирленет. Бирок, дароо батына албай жүрдүк. Маселен, менин жаза баштаганыма он жылдай эле болду.

Кубатбек Жусубалиев: Жакшы куракта баштаптырсың.

Арслан Капай уулу Койчиев: Мен үчүнчү романымдын актай бетине:"бала кезимден чыгармаларын урматтап окуган Кубатбек аксакалга окуучуңуздан белек" деп кол тамга чиймелеп, сизге белекке тартуулагым келип турат. Аталышы - "Бакшы менен Чынгыс хан". Бул китептин алгачкы кырк бетин арбыта окуп алсаңыз, нары жагы шыр кетет.

Кубатбек Жусубалиев: Акырындап окуй берем.

Арслан Капай уулу Койчиев: Чыгармаларыңыз 90-жылдардын башынан кийин басылып чыкпай калды. Издегендер көп. Эми алар кантип окуй алышат? Чыгармаларым дагы жайылса дейсизби?

Кубатбек Жусубалиев: Мен эмес мамлекет кам көрөт экен. Китепканага деп чыгармаларымдын үч томун басуу үчүн акча бөлүшүптүр. Анын үстүнө классиктердин арасынан тирүүсү эле мен окшойм. Алардын арасында мен да жүрөм. Билбейм, балким мен өткөндөн кийин чыгаттыр...

Арслан Капай уулу Койчиев: Сизди кыргыз эли, мамлекет өзү баалайт.

Кубатбек Жусубалиев: Ошол себептен да наам ыйгарышса керек.

Арслан Капай уулу Койчиев: Кудай буюруп, чыгармаларыңыздын үч томдугунун басылып чыгышын күтөбүз. Убактыңызды бөлгөнүңүз үчүн ыраазычылык билдирем!

*

Тектеш темалар