Кыргызстандын санарип өлкөгө айлануу аракети

Кыргызстан санариптештирүү боюнча региондогу алдыӊкы өлкөгө айлангысы келет. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» деп аталган конференцияда сүйлөп жатып, "санарип технологиялары мамлекеттик жана муниципалдык кызматты олуттуу өзгөртөт" деп айтты.

Сүрөттүн автордук укугу official

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта санарип технологиялары терең колдонулбай келген. Санарип инфраструктурасынын начардыгы - бизнестин сапаттуу продукция чыгарып, атаандаштыкка жөндөмдүү болушуна тоскоолдук жаратууда. Кеӊири тилкелүү интернеттин жоктугунан, айыл жергесине санарип технологиялары толук жете элек. Бул өлкөнүн, өзгөчө региондордун өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген фактор",-деди С. Жээнбеков.


Би-Би-Си Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Дастан Догоевге кайрылып, бул багытта эмне иштер жүрүп жатканын сурады.

Д. Догоев: Бул иш-чаранын эки негизи бар. 2018-жылы президенттин жеке демилгеси менен өлкөнү беш жылдык санариптик трансформациялоо концепциясы иштелип чыккан. Демек, бул концепция беш жылдык мөөнөттө үч максатты алдына коет. Биринчиден, жарандардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү. Экинчиден, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жалпы санариптик системага салуу, тез жана сапаттуу деңгээлде кызмат көрсөтүү. Үчүнчүдөн, технологиянын жардамы менен өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүнө алып келүү. Тиешелүү жол карта иштелип чыгып, беш жылдык мөөнөттө жалпы 119 атайын иш-чаралар пландалган документ. Приоритеттүү багыттары, жарандарды сапаттуу жана арзан интернет байланышы менен камсыз кылуу. Бул тармакта, атайын DIGITAL C ASA долбоорубуз иштеп жатат, аны Дүйнөлүк банк каржылайт. Долбоордун алкагында, жакынкы эки жыл ичинде айыл жергесине чейин интернет байланышы жеткиликтүү болот жана сапаттуу санариптик технологияларды колдонуп, анын жардамы менен кошумча киреше табууга да мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү.

Image caption Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Дастан Догоев

Би-Би-Си: Санариптик коомдо жашаган адам, санариптик-сабаттуулукка ээ болуш керек эмеспи. Ал эми статистикада мугалимдердин 85 % компьютерди колдоно билүү деңгээли жетишсиз деп жатат. Кантип санариптик коомду кура алабыз?

Д.Догоев: Негизинен көйгөйлүү маселелер көп. Бирок жалпысынан, эл аралык изилдөө институттарынын изилдөөлөрү боюнча, интернет колдонуучу жарандарыбыздын саны эки миллион төрт жүз миңди түзөт экен. Биз дагы DIGITAL CASA долбоорунун алкагында жарандардын санариптик технологияларды колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган программалар иштелип чыккан. Буга жараша билим берүүдө атайын окутуу программалары иштелип чыгат. Экинчиден, азыркы убакта, биз санариптештирүү бир гана мамлекеттик органдардын милдети эмес. Биз, жалпы коомчулук, биргеликте иш алып баруубуз керек. Баардыгын эске алып "Санариптүү мен. Санариптүү Кыргызстан!" деген негизги философияны (ураанды ) иштеп чыктык. Жеке эле каражатты талап кылбастан, жалпы менталитетти, көз карашты өзгөртүүгө багытталган иштерди жүргүзүүбүз зарыл. Ошондуктан, бирге жаңы, заманбап өнүгүү дооруна бара алабыз.

Би-Би-Си: Сиз Эстония мамлекетинен сыйлык алдык дедиңиз. Бул өлкө санариптештирүү жаатында лидер өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул өлкөдө интернеттин жардамы аркылуу мамлекеттик кызматтарды алса болот. Кыргызстанда жылдын аягына чейин 189 тиешелүү кызмат даяр болоорун жар салган элеңиздер. Ошонун негизгилерин атап берсеңиз?

Д.Догоев: Жогоруда атагандай, система-жабдыктар Эстониядан алынып келинген. Булар кызматтарды тейлөөдө бир маалыматтан башка маалыматка туташууга шарт түзөт. Биз жалпы 106 багытта санариптик кызматтарды камсыз кылдык. Акылдуу салыктарды төлөө, жалпы маалымат базасын ишке киргиздик.

Би-Би-Си: Ал эми маалыматтык коопсуздук маселеси кантип чечилет?

Д. Догоев: Ушул жылдын июль айында өкмөт башчы атайын токтомго кол койду. Ага ылайык, коопсуздукту камсыз кыла турган 5 жылдык стратегиялык программа бекитилди. Тиешелүү окутуу, системдерди иштеп чыгуу, кибер-коопсуздук иш-чараларын камтыйт.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Санарип жаран деген ким?

Би-Би-Си: Биз жеке ишкерлер менен да маектешкенибизиде, салыкты онлайн тапшырганда айрым кыйынчылыктар болду деп белгилешти. Негизи, 189 кызмат көрсөтүүнүн сапатын кантип текшересиздер?

Д.Догоев: Негизги бизнес, коммерциялык атайын отчёт берүү системасын иштөөдөбүз. Ишкерлер жалпы маалыматтык базага бир эле отчёт берет, ал эми тиешелүү мамлекеттик органдар керектүү маалыматты ошол базадан алышат. Ал эми кызматтардын сапатын текшерүүчү, мониторинг кылган атайын системаны иштеп чыгуудабыз. Ар бир кызмат көрсөтүү процесси текшерилип, жарандар арыз-пикирин электрондук форматта билдире алышат.