Жырткыч жана олжо: жапайы жаратылыштагы эң мыкты сүрөттөр

Кытайдын Няншань тоолорунда тартылган сүрөт. Түлкү суурду эки аягы менен турууга мажбур кылган. Бир нече ирмемден кийин экөөнүн ортосунда кармаш башталат. Жаш суур түлкүгө жем болду.

Фотография, победившая в конкурсе Сүрөттүн автордук укугу Yongqing Bao

"Бул жашоо",-деди сүрөттүн автору фотограф Юнцин Бао. Анын бул эмгеги Wildlife Photographer of the Year сынагында жеңүүчү аталды.

Сабырдуулук жана чыдамкайлык - сүрөтчүлөрдөгү эң керектүү сапаттардын бири. Юнцин бул ирмемди тартып калыш үчүн Тибеттин борбордук бөлүгүндөгү тоолордо бир нече саат буктурмада олтурган.

Сүрөтчү жаш суурду аңдыган түлкүнүн кыймылынан тарта, соңундагы өтө аянычтуу кадрларга чейин тартып алган экен.

Presentational grey line

"Бүркүттөрдүн мекени", Оден Рикардсен, Норвегия

Фото "Земля орла" Сүрөттүн автордук укугу Audun Rikardsen

Бул сүрөттү тартуу үчүн норвегиялык Оден Рикардсен үч жыл жүргөн. Ал бүркүт учкан аскага дарактын чоң бутагын алып чыгып, ага сүрөт тартканда чырк эткен жарыкты орнотот. Бүркүттөр жанынан өткөндө эле жарык берген каражат иштеп турган.

"Акырындап бүркүттөр жарыктын иштегенине көнүп баштаган. Кийин такыр көңүл бурбай калышты. Ошондо гана керектүү кадрларды тартып алганга мүмкүн болду", деди Рикардсен.

Presentational grey line

"Жайма базар", Штефан Кристманн, Германия

Фото пингвинов Сүрөттүн автордук укугу Stefan Christmann

Беш миң чамалуу император пингвиндери шамалдан корголоп, бир жерде үймөлөктөп турушат. Сүрөт Антарктиданын чыгыш тарабында тартылган. Ургаачыларынын бут алдында жумурткалары бар. Эркектери жем издеп кетишкен.

Муну жайма базарга дагы окшотсо болчудан.

Presentational grey line

"Архитектуралык армия", Дэниел Кронауэр, АКШ

Муравьи, Daniel Kronauer Сүрөттүн автордук укугу Daniel Kronauer

Коста-Рикадагы бул жоокер-кумурскалардын жер алдына же даракка салынган уюгу жок. Анын ордуна өздөрүнүн денеси менен уюкту жасашат. Ичинде атайын өтмөктөр, бөлмөлөрү болот. Анда каныша кумурска жашап, ушул жерден тукум уланат.

"Күн сайын конструкциясы өзгөрүп турат. Алар жок болуп кетип, кайра 150 метрдей аралыкка жаңы уюгун курушат",- деп айтып берген Кронауэр.

Presentational grey line

"Кар алдында", Макс Во, АКШ

Бизон под снегом Сүрөттүн автордук укугу Max Waugh

Йеллоустон коругундагы бизон. "Ал кар малтап оттоп жаткан, бир нече убакыт күтүп туруп, башын көтөргөн учурда кадрларды кармадым",-деп айтып берди сүрөтчү.

"Бөксөө тоонун көчмөндөрү", Шанчжэнь Фань, Кытай

Антилопы на снежной равнине Сүрөттүн автордук укугу Shangzhen Fan

Тибеттик антилопалар кар баскан бөксөө тоолорду аралап баратат. Бул антилопалар температура минус 40ка чейин чейин түшкөн жерлерде жүрө беришет. Алар деңиз деңгээлинен 3200 -5500 метр бийктикте кездешет. Буларды "Оронго" деп дагы атап жүрүшөт.

"Алар кумдуу дөңсөөлөрдө чуркаганды жактырышат. Анткени ал жерлер ысыгыраак болот эмеспи",-дейт автор. Сүрөт бир чакырымдай алыстыктан тартылган. (AbA)

*