Фото: Маңдай тер менен тапкан нан

“Бүгүнкү бир саатың эртеңки эки саатка тете”,- деп жазган экен англиялык ойчул Томас Фуллер. Ар кандай кесипте, түрдүү тармакта иштеген кишилердин бүгүнкү бир саатынан көз ирмемдер. Айгерим Акылбекова тарткан сүрөттөр топтому.

Суу өмүрдүн булагы. Бишкектеги суу түтуктөрүн оңдоп, жамап-жаскаган бул кишилердин эмгегине көптөр маани бере бербейт. Адатта качан гана суу жок калганда аларды тилдегендер көп болот эмеспи.

Сүрөттүн булагы, Айгерим Акылбекова

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Суу өмүрдүн булагы. Бишкектеги суу түтүктөрүн оңдоп, жамап-жаскаган бул кишилердин эмгегине көптөр маани деле бербейт. Адатта качан гана суу жок калганда аларды тилдегендер көп болот эмеспи.

Сүрөттүн булагы, Айгерим Акылбекова

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Күнөскана иштеткен фермер. Жашылча-жемиштер өскөн жайды ысык темпаратурада кармоо үчүн от жагып жатат.

Сүрөттүн булагы, Айгерим Акылбекова

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

“Кандайсыӊар, досторум!” Күндө күнөсканага келгенде ушунтип саламдашып, дыйкандар жашылча-жемиштерди баладай бапестеп өстүрүшөт.

Сүрөттүн булагы, Айгерим Акылбекова

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сыртта күздүн суугу, күнөскана ичи жайындагыдай кулпурат. Дыйкандар күнү-түнү тынбаган эмгегинин арты менен үй-бүлөсүн багып келүүдө. Бишкектеги дүкөндөрдө кышын-жайын турган жашылча-жемиштердин арасында бул дыйкандын дагы мээнети бар.

Сүрөттүн булагы, Айгерим Акылбекова

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

“Бах, кандай гана даамдуу...” Ош шаарына келген кишинин көңүлү биринчи эле шаардагы самсакана, чайканаларга бурулса керек. Атадан-балага мурас кылып калтырган ашпоздук - чөлкөмдөгү эң бааланган кесиптердин бири.

Сүрөттүн булагы, Айгерим Акылбекова

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ашпоздор лагман жасоодо эӊ биринчи сапат – сабырдуулук деп айтышат.

Сүрөттүн булагы, Айгерим Акылбекова

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бул жерде эртеден-кечке тыным жок. Лагман чойгондо ашпоздордун ар биринин өзүнчө сыры бар. Бирок алар башкалар менен бөлүшө бербейт.

Сүрөттүн булагы, Айгерим Акылбекова

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кардарлар даамдуу тамак үчүн эле келбейт. Аларга жылуу мамиле дагы маанилүү. Официант кыздардын күлүп, жайнап турганы дагы ошондон болсо керек.

Сүрөттүн булагы, Айгерим Акылбекова

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Темир жол аркылуу миңдеген кишилер сапарга чыгып, миллиондогон тонна жүктөр келип турат.

Сүрөттүн булагы, Айгерим Акылбекова

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жолдор - жашоонун күрөө тамыры. Белгилүү жазуучу Айтматов жазгандай: “Бул кыйырда поезддер батыштан чыгышка, чыгыштан батышка байма-бай каттап турат”. Темир жол кызматкери.