Кыргызстан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөөдө

Кыргызстан 7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилөөдө. Мындай чечим эки жыл мурун ошол кездеги президент Атамбаевдин демилгеси менен кабыл алынган эле.

Ата-Бейит Сүрөттүн автордук укугу official

Президенттин жарлыгында 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө, февраль жана октябрь революциялары, репрессиянын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берүү максаты айтылган.

Бул күнү президент Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды.

президент жана өкмөт башчы Сүрөттүн автордук укугу official

"Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, Президенттин жана Өкмөттүн Аппарат кызматкерлери 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү Мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын Эстелик-мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту. Ошондой эле 2010-жылдын апрелинде курман болгондорду эскеришип, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын Мемориалына гүл коюшту, куран окулду" деп кабарлады президенттин расмий сайты.

"Ушул күндөрү биз тарыхыбыздагы тагдыр чечүүчү мезгилдерди эстейбиз, ата-бабаларыбызды эскерип, алардын элесине таазим этебиз. Алар кылымдарды карыткан кыйын кезең жолдорду басып өтүп, бизге сыймык тартуулаган тарыхты мурастады. Элибиз орто кылымдарда Улуу кыргыз дөөлөтүн түзүп, кийин мамлекетин жоготуп, тарыхтын оор сыноолорун башынан кечирди. "Каны көөкөрдө, башы канжыгада" болуп, мамлекеттүүлүк идеясын кылымдар бою жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө сактап, ал үчүн тынымсыз күрөшүп келди. Аталарыбыз Улуу Үркүндү, Октябрь революциясын башынан кечирди. Улуу мамлекеттик ишмерлерибиздин чечкиндүү эмгеги менен РСФСРдин курамында 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун, ал эми 1936-жылы Кыргыз ССРинин түзүлүшү - тагдыр чечүүчү тарыхый окуялар болду. Бул окуялардын баасы - өтө бийик, саясий репрессияда курман болгондордун өмүрү менен өлчөнөт. Кылымдар бою эңсеген элдин мүдөөсү аткарылып, 1991-жылы эгемен мамлекетибизге ээ болдук, мамлекеттүүлүгүбүз кайрадан жаралды. Биз ата-бабаларыбыздын элесинин алдында мамлекетибиздин келечеги үчүн тарыхый ыйык жоопкерчиликти сезип турабыз. Карт тарых тастыктап тургандай, элдин ынтымагы баарынан жогору, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок",-деп айтылат президенттин элге жасаган кайрылуусунда.

"Ата-Бейит": Эсилим, кайра жаралсаң, биздин жерде туула көр

Быйыл 1937-жылдардагы саясий репрессияга 82 жыл толду. Эгемендиктин алгачкы жылында 1938-жылы "улутчул, эл душманы" деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгү Чоң-Таштын чет жакасынан табылып, кайра жерге берилген.

Биз айрым урунттуу учурлар тартылган сүрөттөр топтомун сунуштайбыз.

1938-жылы "улутчул, эл душманы" деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгүн кайра жерге берүү, 1991-жыл, Бишкектин Эски аянты Сүрөттүн автордук укугу Мамлекеттик архив
Image caption 1938-жылы "улутчул, эл душманы" деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгүн кайра жерге берүү, 1991-жыл, Бишкектин Эски аянты

"Атылган кишилердин сөөгүн ирети жок эле, биринин үстүнөн бирин таштай беришиптир. Анан баш сөөктөрүндө ок тешкен жери - биринчи далил болду",-дейт 137 адамдын сөөгү казып алуунун башында турган тарых илимдеринин кандидаты, коопсуздук кызматынын ардагери Болот Абдрахманов. Ал мезгилде Б.Абдрахманов КГБнын жаш офицери болгон. Ал 1991-жылы алгачкы маалыматты алып, казуу иштерин баштаган.

Болот Абдрахманов жана Бүбүйра Кыдыралиева Сүрөттүн автордук укугу Мамлекеттик архив
Image caption Болот Абдрахманов жана Бүбүйра Кыдыралиева

"Университеттен Михаил Москалев деген археологду таап, анан каза баштадык. Ал абдан дасыккан адис экен. Биринчи күнү сегиз-тогуз адамдын сөөгү казылды. Баш сөөгүнөн эсептеп жаттык. Башында биздин комитеттен деле көптөр шек санай баштады. Кантип далилдейбиз, жөн эле койбойсуңарбы дегендей. Бирок кийин бир топ далил буюмдар табыла баштады. Эң далилдүү документ - Төрөкул Айтматов, Жусуп Абдырахмановдун үстүнөн чыккан сот өкүмүн таптык. 53 жылдын ичинде ушул кагаздар сакталып калыптыр. Кээ бирөө мындан шек санайт, бирок бизде видео материалдар бар. Муну тартып койгонубуз ырас болуптур. Ошондо карарып калган кагазды акырын ачып окудук. Кадимкидей көрүнүп турат. Маселен, "5-ноябрда Төрөкул Айтматов 58-берене менен атылган" деп жазылып турат. Жусуп Абдырахмановдуку дагы ушундай табылды. Анан ошол документтердин негизинде КГБнын архивинен көчүрмөлөрү табылган. 137 айыптоо өкүмү далилденип, анан ошолордун ысымы жазылды",-деп айтып берген Би-Би-Сиге 137 адамдын сөөгү казып алуунун башында турган тарых илимдеринин кандидаты, коопсуздук кызматынын ардагери Болот Абдрахманов.

Төрөкул Айтматовдун жакындары Эски аянттагы эскерүү митингиси учурунда. 1991-жыл Сүрөттүн автордук укугу Мамлекеттик архив
Image caption Төрөкул Айтматовдун жакындары Эски аянттагы эскерүү митингиси учурунда. 1991-жыл
1937-жылдардагы саясий репрессия курмандыгы болгон 137 адамдын сөөгүн кайра жерге берүү, 1991-жыл, Бишкектин Эски аянты Сүрөттүн автордук укугу Мамлекеттик архив
Image caption Кайра казылып алынган сөөктөрдү "Ата-Бейитти" көздөй алып жөнөгөн учур, 1991-жыл

Чоң-Таштын чет жакасындагы бул жайды тестиер кезинде атасынан угуп, кийин ачыкка чыгарган Бүбүйра Кыдыралиева болгон.

-Далай жылдан кийин атам ооруп калган учурунда эски окуяны эстеп, мага атайын ошону керез кылды эле. Дүйнө салып кетээрине көзү жеткен экен. "Кызым баягы сасык жыт, түнкү жарыкта шоола чыккан дөбөдө кыргыздын каймактары жатат. Убагы келип, жакшы заман болсо ошону айт кызым. Тууган-уругу зыркырап жүргөндүр" деди эле атам,- деп эскерет Бүбүйра Кыдыралиева.

Сталиндик репрессияга кабылгандардын жакындары ошол кездеги президент Аскар Акаев менен жолугушуу учурунда. 1991-жылы тартылган сүрөт Сүрөттүн автордук укугу Мамлекеттик архив
Image caption Сталиндик репрессияга кабылгандардын жакындары ошол кездеги президент Аскар Акаев менен жолугушуу учурунда. 1991-жылы тартылган сүрөт

Бул жерде бейкүнөө атылып, кийин кайра акталган кыргыздын залкар мамлекеттик жана маданият ишмерлери Жусуп Абдырахмановдун, Касым Тыныстановдун, Баялы Исакеевдин, Төрөкул Айтматовдун, Иманаалы Айдарбеков сыяктуу бир нече кишинин сөөгү жатат. Табылган сөөктөрдүн арасында атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов да болгон. "Ата-Бейит" деген атты жазуучу сунуштаган экен. "Ата-Бейит" КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү.

Аскар Акаев жана вице-премьер министр Б.Силаев "Ата-Бейитте", 1999-жылы тартылган сүрөт Сүрөттүн автордук укугу Мамлекеттик архив
Image caption Аскар Акаев жана вице-премьер министр Б.Силаев "Ата-Бейитте", 1999-жылы тартылган сүрөт

Көпчүлүк тарыхчылардын пикиринде, Кыргызстандан 40 миңге чукул киши 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон.

Кара Кыргыз Автономиялык ревкомунун жетекчиси Иманаалы Айдарбеков үй-бүлөсү менен. Пишпекте 1922-жылы тартылган сүрөт. Мамлекеттик архив Сүрөттүн автордук укугу Мамлекеттик архив
Image caption 1924-жылы түзүлгөн Кара-Кыргыз автономия облусунун ревкомунун төрагасы Иманаалы Айдарбеков үй-бүлөсү менен. Пишпекте 1922-жылы тартылган сүрөт

"Жер талаш, эл талаш, журт талаш, мамлекет куроо үчүн акыл таймаш, билим таймаш, эрк кармашынын башында турган даңазалуу муун укугу чектелүү болсо да Республика түздү. Ошолордун көрүнүктүү өкүлү Жусуп Абдрахманов "Равный среди равных" деп жазгандай, байыркы Азиянын бир кездеги эгеси башкалардан кем эмес болууга тийиш деген ураан алар үчүн өмүр максаты болду",-дейт коомдук ишмер Алмаз Кулматов.

Роза Айтматова
Image caption Роза Айтматова
"Ата-Бейит" мемориалдык комплекси
Image caption "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси

*

Тектеш темалар