Дүйнө 2020-жылды кантип тосту?

Дүйнө 2020-жылга кадам таштады. Жаңы жылды биринчилерден болуп Азия өлкөлөрү тосуп алды.

Сидней Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Жаңы жылды ким кандай тосту? Сүрөт баяндама аркылуу айтып берели.

Бишкек

Бишкек Сүрөттүн автордук укугу social media
Бишкек Сүрөттүн автордук укугу social media

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында өткөн майрамдык салатанат асманга атылган фейерверк менен жыйынтыкталды. Бишкектеги абанын кескин булганып кетишине байланыштуу көпчүлүк активисттер фейерверк атуудан баш тартууга чакырган эле. Бишкек мэриясы кантсе дагы тургундарга майрамдык маанай тартуулоону чечкен. Мэрия Жаңы жылдык майрамдан кийин аянттан үч тонна таштанды чыгарылганы билдирди. Ошондой эле майрамдык салтанат учурунда 12 бала ата-энесинен адашып кетип, кайра табылган.

Москва: салют жана концерт

Человек в костюме Деда Мороза на ракете Сүрөттүн автордук укугу Sergey Savostyanov\tass
дети в шоу Сүрөттүн автордук укугу Sergey Savostyanov\tass

Москвада майрамды кары жок тосушту. Шаардагы көпчүлүк сейил бактарында концерттер болуп, Кызыл аянтта театралдаштырылган чоң салтанат өттү.

Австралия өрткө карабастан...

Австралиядагы токой өртү өтө күчөп кеткенине байланыштуу башында майрамды белгилөөдөн баш тартуу демилгеси болгон эле. Шейшембиде өрт Корбарго шаарына чейин жетип келген. Өрттөн жүз миңдеген жаныбарлар өлдү. Ошондуктан ушундай кырдаалда майрамдоонун кажети жок дегендер болду. Бирок шаардын мэри Кловер Мур майрам кишилерге үмүт берет деп билдирүү жасады.

Ошентип майрам болду. Сиднейдин асманына фейерверктер атылып, майрамдык иш-чаралар өттү.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
2020-жылдагы фейерверктер

Гонконг: каршылык акциялардын фонунда

Жарым жылдан бери массалык каршылык акциялары жана кагылышуулар токтобой жаткан өлкөдө бул жолу майрамдык фейерверктен баш тартууну чечишти. Шаардын бийлиги азыркы кырдаалда бул кооптуу болот деп тапты.

лайт-шоу Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Мунун ордуна Коулун булуңунда өзгөчө шоу өткөрүштү. Шаар тургундары жана алты айдан бери бел чечпей акцияларды өткөрүп жаткан демонстранттар майрамдык салатанатка келип, желек жана плакаттарды кармап турушту. Алар демократияны коргоп калуу чакырыгы менен чыгууда.

Айрым райондордо камакка алуулар болду деп кабарлайт Hong Kong Free Press сайты. 2020-жыл кирип келгенден бир нече минутадан кийин полиция көздөн жаш агыза турган газ колдонду.

Дубай: на Бурж-Халифтеги лайт-шоу

Бурдж-Халифа Сүрөттүн автордук укугу WIN-Initiative

Бириккен Араб Эмираттында жаңы жылдык салтанаттар салтуу түрдө дүйнөдөгү эң бийик имаратта өтүп келүүдө.

Өткөн жылы 828 метр имаратта фейерверктердин кызыл оту чачылган эле. Бул жылы деле андан кем калбаган салтанат болду.

Индия

ворота индии Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Мумбайда фейерверктер "Индия дарбазасынын" фонунда атылды. Бул укмуштуудай дарбазаны өлкө эгемендик алгандан кийин 13 жыл курушкан. Ушул жер аркылуу акыркы британдык аскер чыгып кеткен эле. (AbA)

*

Тектеш темалар