Арслан Капай уулу: "Мисмилдирик" - майдаланып кетүү, азыр дагы ушундай коркунучтабыз

Кыргызстандык белгилүү журналист жана жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин "Мисмилдирик" (Беделдеги каргыш) романы түрк тилинде "Bedel gecidindeki lanet" деген аталыш менен жарык көрдү.

"Мисмилдирик" автордун тырмак алды чыгармасы. Кыргыздардын 1916-жылкы козголоңуна арналган роман. Роман кыргыз тилинде 2009-жылы "Бийиктик" басмаканасы тарабынан жарыяланган эле. Би-Би-Синин "Насыйкат" адабий түрмөгүндө белгилүү журналист жана жазуучу Арслан Капай уулу Койчиев.

Арслан Капай уулу Койчиев: Чыгарманы которуу идеясы түрк тараптан болду. Огуз Алпарслан Чатал деген жаш окумуштуу жигит Кыргызстанга окуганы келип, тил жаатында адистешип жүргөн экен. Ошол жигитке Кыргыз-Түрк "Манас" университетинен тарыхый терминдерди изилдөө боюнча тапшырма берилип, көп адабияттын ичинен кудай жалгап, менин "Мисмилдирик" романымды сунушташыптыр. Ушундай романды сунуштап жатабыз деп, агайым тарых илимдеринин доктору Анвар Мокеев чалды. Жаш окумуштуу Нурдин Усеев чалып калды, дагы бир түрк окумуштуусу "Айта бар менин кебимди" романымды изилдемек болгон экен. Кийин ошол изилдөөнүн алкагында ушул эки романды түрк тилине оодарышкан экен. Огуз Алпарслан Чатал бул ишти ошону менен калтырып койбой, улам-улам басмаканаларга сунуштап жатып, Евразиялык жазуучулар бирлигинин колдоосу менен китеп кылып чыгарды.

Сүрөттүн автордук укугу Social media

Би-Би-Си: "Мисмилдирик" деген сөздүн өзү каяктан чыккан, эмнени туюндурат?

Арслан Капай уулу Койчиев: "Мисмилдирик" деген сөз "ың-жыңсыз жоголуу", "майдаланып кетүү" деген маанини билдирет. Болгондо дагы кыргыздын эпостук каармандарына карата айтылган сөз. "Опол тоодой болгон, атак-даңк күткөн адамдардын изи сууп кетти" деген мааниде. Мен дагы ушул мааниде койгон элем. Себеби, чыгармада 1916-жыл жөнүндө кеп болуп жатат. 1916-жылдан эптеп аман калган кыргыз эли 1938-жылдагы кыйсыпырга туш келип калды. Мунун өзү да "улутубуздун изи эмне болот" деген коркунуч менен коштолду. Мүмкүн азыр деле ошондой жагдайларды баштан өткөрүп жаткандырбыз. Мына ошондой параллелдерди эске тутуу менен романга ушундай аталыш бергем.

Би-Би-Си: Романдагы тарыхый кырдаал түрк тилдүү окурмандар үчүн канчалык кызыктуу деп ойлойсуз?

Арслан Капай уулу Койчиев: Бул суроого жоопту бир нече өңүттө чечмелеп айтсак болот. Үркүн маалы Дүйнөлүк биринчи согуш жүрүп жаткан учурга туш келет эмеспи. Биринчиден, согушта Осмон империясынын кандай роль ойногонун, түрк мамлекеттүүлүгүнүн тагдыры баталгага туш келип калганын билебиз. Экинчиден, ошол эле маалда түрктөр Борбор Азиядагы жагдайга такай сереп салып, байланыштары болгон. Үчүнчүсү, мына ушул окуялардын баарында Орус империясынын ролу жөнүндө биз ойлонушубуз керек. Себеби, Осмон империясы менен орустар бир нече татаал окуяларды баштан кечиришти. Биринчи орус-түрк согушу, экинчи орус-түрк согушу, анан Күчүк-Кайнаржы тынчтык келишими. Бул өзүнчө эле бир нече кылымга созулган, түрк менталитетин калыптандырган, түрк мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына бир топ из калтырган окуялар. Мындай карасаң, ошол эле параллелдер Борбор Азияда жүрөт. Бирок табияты такыр башка деңгээлде. Борбор Азия элдеринин эгемендигин биринин-артынан экинчиси жоготушу жана колонияга айланышы менен коштолду. Бул өңүттөн дагы түрк окурмандарына кызык болсо керек деп ойлойм.

Би-Би-Си: Дүйнөлүк адабиятта теги түрк жазуучулар Орхан Памук, Элиф Шафак өтө популярдуу болуп турат. Бир курдай өзүңүз дагы Элиф Шафак менен баарлашып калган жайыңыз бар. Кыргыз адабиятынын ошондой бийиктикке чыгуу дарамети канчалык?

Арслан Капай уулу Койчиев: Албетте, бар. Эмне үчүн мынтип айтып жатам? Себеби ушундай эле суроону башкача формада мен дагы Чыңгыз Айтматовго жолдогон жайым бар эле. Ал киши "эл болгондон кийин, сөзсүз чоң жазуучулар чыгат" деп ишенимдүү айтканы эсимде. Ал эми Орхан Памук менен Элиф Шафактын жайына келе турган болсок, алар көтөргөн темалар, алар козгогон ойлор дүйнөнү таң калтырып, кызыктырып жатпайбы. Ошол эле Орхан Памуктун стилин ар кайсыл чоң жазуучуларга салыштырып жатышат. Бир карасаң, Фёдор Достоевскийге, болбосо Гарсиа Маркеске, Фолкнерге салыштырып жиберип жатышат. Орхан Памук алардын баарын боюна сиңирди, баарын жуурулуштуруп, бир стилге айландырды деп айтып жатышат. Алар Чыгыш менен Батыштын ортосундагы күн тартибинен кетпей турган темаларды козгоп жатышат. Аларды карап туруп, биз кыргыздар дагы ойлонушубуз керек. Жок эле дегенде канатташ элдерди, коңшу элдерди кызыктыра турган, дүйнөлүк адабий процесске салым боло турган темалар кайсылар, аны кыргыз жазуучулары кантип көтөрүү керек дегендин үстүнөн ойлонушубуз керек. Албетте, ХХ кылымдын этеги XXI кылымдын башында тарых темасында жазуу, тарыхый инсандарга арнап жазуу мода болуп кетти. Бирок анын дагы деңгээли болот да. Маселен, Гарсиа Маркес "Лабиринттеги генералын" алалы, тарыхый инсанга арналган. Анын образын ачып, дүйнөлүк шедевр жаратып койду.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Элиф Шафак менен Арслан Капай уулу Койчиев

Би-Би-Си: Жогоруда биз сөз кылган түрк жазуучулары тең англис тилинде жазат эмеспи. Мына, сиздин дагы англис тилин мыкты билериңиз белгилүү. Ошол тилде чыгарма жазсам деген ой болду беле?

Арслан Капай уулу Койчиев: Элиф Шафак ушул англис тилдүү чөйрөдө төрөлүп, чоңойгон киши. Ал үчүн англис тили эне тили. Мен үчүн англис тили эне тилим эмес. Азыркы деңгээлде билгениме куштармын, албетте, кубанамын, ошого ыраазымын. Англис тилинде жазуу үчүн тилди сезип, туюш керек. Кайсыл бир көрүнүштөрдү, жагдайларды жогорку тилдик көркөм каражаттар менен кооз чагылдырууну дагы билиш керек да. Англис тилин кийин үйрөнүп, анан ошол тилде чыгарма жазууга аракет кылган жазуучуларды билем. Бирок эне тили англис тили болгон жазуучулардан ошол кишилер тууралуу сурап көрсөм, мыйыгынан жылмайып коюшту. Анан бул авантюра экен деп ойлоп койдум.

  • Арслан Капай уулу Койчиев - белгилүү журналист жана жазуучу.
  • Кыргызстандын XVII кылымдын акыры - ХХ кылымдын башындагы тарыхы, кыргыз дипломатиясынын, Борбордук Азиядагы чек аралардын калыптанышынын тарыхы боюнча адис.
  • Эмгектери кыргыз, англис, түрк жана орус тилдеринде жарыяланган.
  • 2010-жылы "Мисмилдирик"(Беделдеги каргыш) романы, 2012-жылы "Айта бар менин кебимди", 2016-жылы "Бакшы менен Чынгыс хан" романы жарык көргөн.

Тектеш темалар