Ишкерлерге кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жарыгы тиеби?
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Ишкерлерге кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жарыгы тиеби?

Кыргыз өкмөтү өткөн жылы өлкөнүн ички дүң өндүрүмү 4,5 пайызга өскөнүн, экспорт да жакшырганын айтууда. Бирок айрым эксперт, ишкерлер абал оорлогондон-оорлоп бара жатат дешет. Алар ишкерлик боюнча жакшырды деген шарттар иш жүзүндө такыр башка деген жүйөнү айтууда. Ишкердик демекчи, бизнести колдоо үчүн иш алып барып жаткан Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Эркин Асрандиев менен кенен маек курдук.