Жаркыраган жасалма мөңгү

Жер планетасындагы жылуулуктун жогорулашы түбөлүк мүз каптап жаткан түндүк уюлдан тарта, океан, деңиз, мөңгүлөргө чейин таасирин берүүдө. Айрым экологдор Кыргызстанда жылдан-жылга кардын жаашы азайып, суу тартыштыгы пайда болгонун айтышууда. Кээ бир ишмерлер кургакчылык менен күрөшүүнүн дагы бир ыкмасын сунуштап жатат. Кабарчыларыбыз Абдыбек Казиев менен Руфат Эргешов Кыргызстанда алгачкы ирет тоңдурулуп жаткан жасалма мөңгүгө барып келишти.