Кыймылсыздыктын пандемиясы: ашыкча салмак жана жүрөк оорусунун коркунучу
- Fernando Duarte
- BBC World Service

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коронавирус пандемиясынан улам спорт менен машыккандардын саны кыскарды
Covid-19 пандемиясы күч алганда Шар Рейид бир топ кыйынчылыкка туш болду. Ал Британиянын чоң шаарына жаңыдан көчүп барып, жаңы карьерасын баштоону көздөп турган.
"Карантин учурунда өзүмдү жалгыз сездим. Жаңы шаарда тааныштарым аз болчу, көп учурда сериалдарды көрүп, көчөгө такыр чыкпай калдым. Күнүнө эки миң гана кадам жасап жатканымды байкадым",-дейт ал.
Күнүнө канча кадам басуу керек экени тууралуу ар түрдүү талкуулар азыр деле токтой элек. Бирок изилдөөлөр күнүнө кыймыл канчалык аз болсо, жүрөк илдетине кабылуу корунучу ошончолук жогору болорун аныкташкан.
Дүйнөдө спорт менен алектенгендер кескин азайды
Адамдын кыймылына байкоо салган жабдыктарды чыгарган Fitbit компаниясы март менен июнь айларында төрт миллион колдонуучунун маалыматын анализге алды.
Сүрөттүн булагы, Courtesy of Shar Reid
Шар Реид пандемия учурунда көчөгө чыкпай, спорт менен машыкпай калган
Fitbit компаниясы ушул эки айды 2019-жылга салыштырганда, карантин чектөөлөрү жок болсо деле адамдын кыймылы кескин азайганын тапты.
Өзгөчө жаштардын (18-29 жаштагылардын) күнүмдүк кыймылы кескин төмөндөгөн.
"Жогорку деңгээлдеги стресске кабылуу биздин уйкубузга терс таасир этет. Киши чарчап, көп уктаса деле уйкусу канбай, энергия деңгээли төмөндөп спортко болгон шыкак жоголот. Спорт менен алектенбей калсак, туура эмес тамактарга жакындап, жалпы физикалык, эмоционалдык жана психологиялык саламаттыгыбыз начарлайт",-дейт дарыгер Пунам Кришан.
Өнөкөт ооруларга кабылгандардын саны өсүшү ыктымал
Дарыгер Кришан, башка окумуштуу жана саламаттык сактоо тармагындагы адистердей эле кыймылсыздык өнөкөт оорулардын өсүшүнө алып барат деп коңгуроо кагууда.
Бул оорулар Covid-19 вирусунун таасиринен улам өлүмгө алып барышы мүмкүн. Күзүндө экинчи толкун ыктымалдуулугунан дарыгерлер эмитен тынчсызданышууда.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Италияда пандемия учурунда ашыкча салмактуу жарандардын саны кескин өскөнү байкалган
Бир нече мамлекетте пандемия учурунда ашыкча салмакка кабылгандардын саны өскөн. Мисалы, Бразилияда жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, пандемия учурунда он кишинин төртөө салмак кошкону байкалган.
Италия, Франция, Британия жана Израилде дагы жарандардын кыймылы азайып, салмак кошту. Fitbit компаниясынын изилдөсү Мексикада абал абдан курч экенин көрсөттү. Бул өлкөдө 2020-жылдын июнь айын өткөн жылдагы ушул айга салыштырганда, спорт менен алектенгендердин саны 80 пайызга кыскарган.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британиянын окумуштуулары өнөкөт оорусу бар кишилер дагы аз кыймылдап калганын айтышууда
Кайра мурдагы калыпка кайтып келүү оор
Кайрадан мурдагы нукка кайтып келүү жеңил болбойт. Буга пандемия түзгөн экономикалык каатчылык дагы себеп.
"Эмоционалдык жактан алганда көптөр кыйынчылыктарга туш болду. Жарандар спорттон мурун башка көйгөйлөргө көңүл буруп жатат. Вирустан коргонуудан тарта үй-бүлөсүн багуу сыяктуу маселелер. Себеби көптөр бизнесинен айрылды же жумушсуз калды. Ага карабастан өзүбүздүн ден-соолугубузду ойлошубуз керек. Мисалы, менин таанышым пандемия учурунда жүрөк оорусуна кабылды. Илдеттин себеби кыймылсыздык",-деди машыктыруусу Абуенг Секвелеа.
Сүрөттүн булагы, Courtesy of Abueng Sekgwelea
Машыктыруусу Абуенг Секвелеа ар бир адамды ден-соолугуна көңүл бурууга чакырат
Дал ушундай кыйынчылыкка Шар Рейд дагы кабылган. Ал спорт керек экенин түшүнгөнү менен, башында өзүн спорт менен машыгууга эч көндүрө албай койду.
Шар YouTube сайтында пандемия учурунда бекер сунушталган Британиянын алдыңкы машыктыруучулардын бири Жоу Уикстин (Joe Wicks) видеолорун көрүп, үйдө отуруп эле көнүгүүлөрдү жасай баштап, кийин аны күчөттү.
"Тааныштарымдын көбү пандемия учурунда үйдөн чыкпай отурду, туура эмес тамактанды. Менин астмам бар экенин эске алып, өзүмө көңүл бура баштадым. Ден-соолук эң биринчи кезекте өзүмө керек",-дейт ал.