Султан Раев: Пейил жоголгон жерден ырыс качат...

  • Кубатбек Чекиров
  • Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
Султан Раев

Сүрөттүн булагы, Social media

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КМШ мамлекеттик жана бир нече эл аралык сыйлыктарынын лауреаты Султан Раев менен таажы тумоосунун пандемиясы сыяктуу мезгилдин оор сыноолорунан баштап, заманбап доордун башка көйгөйлүү маселелери, адабияттын азыркы учурдагы миссиясы, ошондой эле анын өзүнүн мурдакы, кийинки чыгармалары, романдары жөнүндө да кеңири баарлаштык.

Би-Би-Си: Султан мырза, биз азыр жашообуз парадоксалдуу көрүнүштөргө толгон учурду баштан өткөрүп атабыз. Өзгөчө азыркы техника дүркүрөп өнүгүп, колубуз узарган менен жумуш оңой менен бүтпөгөн түшүнүксүз учурда жашап атабыз. Сиз чыгармачылык менен кошо мамлекеттик кызматтын да түйшүгүн тартып жүрөсүз. Убакыт жагынан кантип жетишип жатасыз?

С.Раев: Чындыгында эле азыркы мезгил өтө уникалдуу, көптөгөн процесстер жүрүп атат. Азыркы доорго болгон көз караш, дүйнө тааным да таптакыр өзгөрүлдү. Өзгөрүлгөндө мезгилдин алгоритми менен адамдын алгоритми шайкеш келүү керек, тилекке каршы адамдын аң-сезимине сыйбаган кубулуштар, анын мээсин чыңалткан түйшүктөрдү алдына койду. Буга чейин мээ чыңалтып келген көптөгөн суроолор азыр бизге башкача маанини бере баштады, башкача айтканда, мезгилдин өтмө катар маани-маңызы жаңы барагын ачып жатат. Албетте, ар бир адамда, ар бир коомдо "Биз каякка бара жатабыз? Бара турган жерибиз каяк? Алдыбызда эмне күтүп жатат?" деген бүдөмүк суроолору болору бышык. Мезгил өзү чындыктын кашкайган барометри, тагыраак айтканда, адам жашоосунун өзгөчө бир көрсөткүчү. Биз мезгилден озуш керек, мезгилге үндөш болушубуз керек деп айтабыз. Биринчи кезекте биз мезгилге жан дүйнөбүз менен гана үндөш боло алабыз, табият менен адамдын балансы тээ атамзамандан бери эле чечилбеген маселедей курч келген. Себеби мезгил деген түшүнүк адамдын жашоосунан обочодо калган кубулуш же көрүнүш эмес, ал адамдын фонунда болуп аткан табияттын кубулушу деп айтабыз. Мезгил сөзсүз түрдө өзүнүн чындыгын айтат, көрсөтөт. Биз өзүбүздүн чындыгыбызды күзгүдөн көргөндөй, ошол мезгилден көрөбүз. Биз канчалык деңгээлде ошол мезгилге, ошол доорго бүткүл жан дүйнөбүз, жашообуз, көз карашыбыз менен шайкеш болобуз? Шайкештик деген да өтө терең түшүнүк. Мисалы, биз адам гармонияда жашаш керек дейбиз. Ошол эле учурда адамдын жашоосунун гармониясы мезгил менен баланс болуу керек, бирок тилекке каршы, арабызда орду толгус дисбаланс турат. Азыркы доор бизге көп суроолорду коюп атат. Ал суроолорго жооп беришибиз үчүн биз эң оболу мезгилди аңдай, анын туткасын кармай алган шартта жашообуз лаазым. Мезгилди аңдоонун эң башкы принциби өзүбүздүн жан дүйнөбүздү таануу, өзүбуздүн киммдигибизди, биз кай жерде, кай чекте турабыз б.а. өзүбүздү-өзүбүз аңдай алган баскычка көтөрүлө алганда гана, мезгилдин өзүн да,ошо мезгилдеги өзүбуздү да түшүнө алабыз. Дүйнөлүк өнүгүүнүн спиарлы, адамдын кызыкчылыгынан алда канча обочолонуп турганын акыркы учурдун урунттуу маселелери кашкайта көрсөттү. Бүгүнкү күндө баалуулуктар, түшүнүктөр, дөөлөттөр талкаланып атат. Ал бизди Мезгилдин чакырыгына адекваттуу болууга чакырып атат. Ошондуктан айтар элем, чыгармачыл адамдар мезгилге өзгөчө түшүнүк, өзгөчө көз караш менен карайт. Себеби ошол мезгилдин ирмемин чыгармачыл адамдар гана кармап, аңдап, алдын ала көрө билгенге аракет жасайт. Мезгилдин ирмемин кармап калууга болбойт, бирок чыгармачыл адамдар ошол мезгилди өзүнүн жан дүйнөсү, көз карашы менен чагылдырып, мезгил ирмемин токтото алат. Акын-жазуучу, сүрөтчү, музыканттар мезгилдин кубулушун өзгөчө бир контекстте көрөт. Ошондуктан чыгармачыл адамдардын өзгөчөлүгү, табияты ошондо деп айта алам.

Би-Би-Си: Сиз менен бир жарым айга созулган карантинден кийин кезигип атабыз. Көп адамдарга бул карантин бир топ стресс алып келди, кээ бир адамдар мындан мүмкүнчүлүк тапты дегендей. Сиз дагы ошол карантин мүмкүнчүлүгүн жаза кетирген жок окшойсуз?

С.Раев: Мезгилди токтотуп болбойт, бирок карантин ар бир адамдын жашоосундагы, өмүрүндөгү мезгилди токтотту. Мисалга, карантинсиз жашообузду алып карасак, эртең менен турабыз, баарыбыз ишке кетебиз. Кечинде келгенде да бирибиз эрте, бирибиз кеч келип, ар кимибиз өзүнчө тамак ичебиз, колубуз бошой калса мобилдик телефонубузга үңүлөбүз. Карантин үй-бүлөнүн башын кошкондой болду. Анан да карантин убакытты токтотуп, ар бирибизге көз карашыбызды, ойлорубузду, сезимдерибизди жыйнап, системалаштырууга мүмкүнчүлүк берди. Карантин, Шакем айткандай, жалпы эле адамзатка түшкөн " каран түн" да болду. Бирок, бул пандемия, таажы тумоо адамзаттын биотехнология, маалыматтык технология, жасалма интеллект боюнча аябай чоң прогресс жасап, жаңы баскычка көтөрүлдүк деп шардана салганын "самындын көбүгүндөй" жарып салды... Таажы вирус адамзатты ордуна коюп койду. Көрсө, биз бир вирустун алдында алсыз, бир вирустун алдында бир бечара экендигибизди ачык сездик.Дүйнөлүк коркунуч, азыркы аскердик арсеналда же акыры заман, топон сууда эмес, дүйнөлүк коркунучту жараткан планетардык эпидемия да экендигин дагы бир ирет сездик.. Вирустун вакцинасын азыр дүйнө окумуштуулары, фармакологдору баары биригип издеп атышпайбы. "Таптык" деп кесе айткан өкүм үн да жок. Бул вирус эң алды менен бизге, адамдарга эскертүү, биздин бейруханий жашообузга чакырык таштады. Бул - маселенин глобалдык белгиси, эскертүүсү. Экинчи жагынан, сиз айтканда, дүйнө дымып калганда, ойлор дымыган жок. Бул биринчи кезекте чыгармачыл адамдарга, анын ичинде мага да жалгыз калып, обочолонуп иштегенге, доордун татаал суроолоруна жооп издегенге мүмкүнчүлүк берди, ар кимибиз өз алдбызча өзүбүз үчүн, адамдар үчүн, жашоо үчүн бушайман түштүк. деп ойлойм. Бир чындык, табияттын алдында, дагы бир жолу алдам экендигин, дүйнөнү түк көтөрө будун-чаң салган супер күч эмес экендигин сезди. Пандемия - адамдын Адамдыгын адамга эскертти. Достоевский "Зло порождает добро" деп айткандай ар бир нерсенин жаман да, жакшы да жактары бар. Чыгармачыл адамдар көптөн бери ойлонуп, колу тийбей жүргөн иш пландарын да карашты. Ал эми жеке өзүм тууралуу айтсам, карантин учурунда көбүн эсе окудум, эки-үч макала жаздым. Ошондой эле илгертен эле боёк менен сүрөт тартып жүрчүмүн, карантин маалында үч сүрөт тарттым. Көптөн бери эле кол тийбей жүргөн жан дүйнөмө рух азыгын бере турган чоң чыгармаларды окудум.

Сүрөттүн булагы, Social media

Би-Би-Си: Сүрөтчүлүк өнөрүңүздү чынында көпчүлүк окурмандарыңыз биле бербесе керек. Бул сиздин чыгармачылыгыңыздын көп кырлуу экенин көрсөтүп турат. Карантинде сиз макала жазып, сүрөт тартып аткан учурда башка адабиятчылар, окумуштуулар сиздин чыгармаңызды окуп, адабий изилдөө менен алек болушту. Чоң адабиятчы, окумуштуу Советбек Байгазиев сиздин чыгармачылыгыңыздын алгачкы этабын иликтеп "Кут Билим" гезитине "Султан Раевдин көркөм гуманисттик концепциясы" деген макала жазып жарыялады. "Күн кармаган бала" деген эң биринчи повесттиңизди электен өткөрүп: "Бул көркөм боёгу өчпөгөн, өлбөс чыгарма"- деген бүтүм жасады. Бул чыгарма кайра куруунун убагында жазылган, ошол убакта эле сиз адабиятка жаңычыл ойлонгон жазуучу катары киргениңизди көрсөтөт. Сиз советтик мезгилде социалисттик реализмге сугарылып окуганыңызга карабай, ошол салттан четтеп, анын таасиринде камалып калбай, эркин чабыттап кеткен экенсиз. Деги эле сиздин калемиңизден жаралган чыгармаларда башынан эле көндүм, шаблондук көрүнүштөргө каршылык көбүрөөк мүнөздүү окшобойбу?

С.Раев: Туура. Урматтуу окумуштуубуздун алгачкы чыгармаларыма карата жазган изилдөөсүн окудум. Албетте, повесттин тегерегинде бир топ маселелерди айтты. Советбек агайдын адабий сынын жеке чыгармачылыгыма байланышкан акыркы кездеги терең мамилеле катары карайм. Бул повесть, сиз айтып өткөндөй, кайра куруу мезгилинде жазылган чыгарма. Повестти биздин доордун, замандаштарымдын, курдаштарымдын өзгөчө бир көз карашын бириктирген синтез катары кароого болот. Себеби, бул жерде мезгилге болгон рухий протест, ички каршылык, ички мамиле көрсөтүлгөн. Чоң союз ыдыроонун алдында турганда, кайра куруу башталганда бизде башкача бир процесстер жүрдү. Биз бир коом менен экинчи коомдун ортосундагы ыдыроо доорунда жашадык. Ал учурда ар бир адамдын ошол доорго болгон көз карашы, мамилеси болгон. Повестти ошокездеги системага болгон ички жан-дүйнөмдүн каршылыгы катары кабылдоо туура деп эсептээр элем. Себеби чыгарманын символикалык мааниси, өзүнүн айта турган ой-чабыты, акыл калчаган философиялык мааниси ошо руханий тутумдун өзөгү тууралуу баян этет. Башкача айтканда, ошол мезгилге болгон жаш жазуучунун көз карашы, ички карама-каршылыгы. Бешинчи курсту бүтүп жатканымда бу повесть жазуучу Асанбек Стамов агайыбыздын баш сөзү менен алгач "Ала-Тоо" журналында жарык көргөн. Албетте, сиз айткандай, биз совет адабиятынын, социалисттик реализмдин эстетикасында тарбияландык. Бирок ошол эле учурда ошол доорго болгон биздин курактагылардын ички каршылыгы деп айтса болот. Чыгармада башкы каарман бала өзүнүн романтикасы, дүйнөсү менен жашайт,анын "Мен адамдарга Күндү кармап келем" деген романтикалуу сөзү бар. Бирок ошол эле учурда адамдарга адамгерчилик мамиле эмес, өзүнүн түшүнүк, баалуулугунда, көз карашында мамиле кылган адамга, анын абройуна коомдо өзгөчө бир "сый" бар, ал - бийлик адамына болгон көрпенделик сый. Ал эми "күн кармап келем" деген баланы мээсинен айныган чала адам болуп бааланып атпайбы. Бул жерде өтмө катары маани жатат, биздин өткөн коом адамдык сүйүунү эмес, идеалды, идеяны, режимди сүйүүнү талап эткен, ага каршы чыксаң, сени коомдогу "ооруулуу адамдай" бааланасың, көз карашың башка, позиция башка болсо, бу коомдо сенин ордуң жок. Бул чыгармада ушул ой кызыл сызыктай өткөн эле. Чындыгында адам үчүн, мезгил үчүн ички жарыгымды берем деген адамды түшүнбөй, келесоо чалыш адам катары көрөбүз. Ушундай адамдардын канчасы психооруканаларында өмүрүнүн акырын өткөрдү. Тескерисинче, бизге байлыгы ашкан, дүнүйөсү көп адамдар өзгөчө бир культ болуп калган. Демек, повесттеги айтайын дегенибиз, коомдо ушундай конфликт, карама-каршылык жаралды. Ой - дүйнөнү кыймылга келтирет. Кайра куруу доору сөзсүз түрдө бул системанын талкаланып, картадан жоголушуна алып келген өзгөчө бир коомдук-саясий процесс гана эмес, стандарттуу эмес ойлонуунун да феномени болуп калды.

Сүрөттүн булагы, Султан Раев

Би-Би-Си: Ошол учурдагы коммунисттик бийликтин өкүлү болгон раис менен конфликтке барган чабанды кайсы бир деңгээлде Айтматовдун Танабайы, же болбосо кийинки жазылган "Акыр замандагы" Бостон менен бир катарда, же аларды толуктаган образ катары караш керек го?

С.Раев: Айтматов жазган каармандар дагы коммунисттик системага каршы чыккан, өзүнүн көз карашы, дүйнөсү бар адамдар болгон да. Системанын эң күчөп турган чагында Чыңгыз Төрөкулович ошол маселени көтөрүп чыккан. Бул Айтматовдун адамдык да, жазуучулук да чоң каармандыгы. Ошол кездеги системага каршы чыккандардын эң алдыңкы сабында турган Ч.Айтматов эле. Ал ошол процесстин вулканына күйүп, ушул мердианда жашоонун күрөшү менен өтсө, аны чучугуна жеткире жазса, ал эми биз курактуулар өзүбүздүн балалык туюмубуздун карма-каршылыгы менен ошол мезгилди кабыл алганбыз. "Күн кармаган бала" повести балалык туюмдун алгачкы серпиндиси болгон деген ойдомун. Балалыктын бир касиети ал, дүйнөгө, түшүнбөгөн татаалдыкка дайыма суроо менен карган, ошол суроонун өзүндө биздин балалыгыбыз жашаган.

Би-Би-Си: Советбек Байгазиев сиздин чыгармачылыгыңыздан байкаган дагы бир өзгөчөлүк, кейипкерлердин автордун диктатынан эркин болгондугу. Кыргыздын салттуу адабиятын карап келгенде, көптөгөн авторлор өздөрү каалагандай эле каармандарды сүйлөтүп, каалагандай калчап, кейипкерлердин ордуна автордун өзүнүн үстөмдүгү күчтүү болгон учурлар көп. Сиз кейипкерлерди өзүнүн оюна, өзүнүн жолуна коёт экенсиз, алардын образы диалог, монолог менен ачылат экен.

С.Раев: Албетте, социалисттик реализм ал доордун идеологиялык өзөгүн түзгөн. Ошол коомдун адамынын культун, монументин түзүүгө жазуучулар түздөн-түз кызмат кылып, ошондой багыттагы чыгармалар жазылчу. Жазуучу эч качан өзүнүн кейипкерлерине, каармандарына "кукловод" болбош керек. Кейипкерлердин да өзүнүн жашоосу, табият дүйнөсү бар. Эң башкысы, жазуучу өзүнүн каарман-кейипкерлерине чыгармачылык эркиндик берсе, сөзсүз түрдө табигый чыгарма жаралат. Аны мажбурлап, кайсы бир саясатка ылайыктап койсо, бул чыгарма өзүнүн адабият деген табиятын жоготот. Адамды ошол системанын доордун өзү оң жана терс деп экиге бөлүп атпайбы. Биз китептин биринчи барагын окуп баштаганда эле бул оң каарман, тиги терс каарман экен деп сезе баштайбыз да, анан экөөнүн ортосундагы конфликт менен аягына чыгып кетебиз. Негизи адабият эч качан адамды экиге бөлбөш керек. Аны окурманга коюш керек. Окурман анын кандай адам экенин, жан дүйнөсү, көз карашы кандай экенин, эмне деген персонаж экенин, деги эле жазуучу эмнени айтайын дегенин окурман өзү талдашы керек. Окурманга чыгарманы эч качан сагыздай кылып чайнап чайнап берген болбойт. Адабият - ойдун "жвачкасы" эмес, ал азыркынын тили менен айтканда "мээнин фитнеси". Жазуучунун биринчи кезектеги милдети, функциясы - анын чыгармасы көркөм-эстетиканын предмети болуш керек жана аны окурман көркөм чыгарма катары кабыл алса гана ал өзүнүн максатына жеткен болот. Улуттук адабиятта Ч.Айтматов чоң стереотиптерди жокко чыгарды.

Би-Би-Си:Айтмакчы, ошол таптык принциптерди адабияттан жок кылган Айтматовдун биринчи чыгармаларынын бири "Жамийла" болуш керек деп ойлойм. Азыркы күнгө чейин таптык адабияттын идеологиясында тарбиялангандар "Жамийла өзү оң каарманбы же терс каарманбы?" деп суроо берет. Бир жагынан, күйөөсү мекенди коргоп кан кечип согушуп жүрсө, анын үйдө калган келинчеги тентип келген бирөөнүн этегин кармап алып баса берди. Керек болсо салтка да караган жок, элди да көзүнө илген жок дегендей. Экинчи жагынан алганда, ал өзүнүн бактысы үчүн күрөштү. Ошондо салттык тоскоолдуктарга баш ийбеген чечкиндүү бир аялзатынын образы келип чыгып атат. Мына ушундай карама-каршылыктуу образдарды чечмелей келгенде аны оң жана терс образ деп кароонун жараксыздыгы түшүнүктүү болот экен.

С.Раев: Советтик адабиятта өзүнчө бир идеологиялык клише болгон. Ошол клишенин призмасынан караганда, дал сиз айткандай болуп чыгат. Бирок, Айтматовдун улуулугу анын гуманизминде. Гуманисттик ойдун өзгөчө бир көркөмдүктө берген. Ошол гуманисттик ойдун эң чокусунда - Сүйүү турат. Сүйүүнү, сезимди эч ким эч качан дүйнөлүк апаат да, согуш да токтото албайт. Айтматовдун Жамийласын сезимдин эң бийик симфониясы, апогейи катары кабылдоо керек. Айтматов бир гана сүйүү эмес, сүйүү аркылуу согушка каршы күрөшкөн. Айтматовдун улуулугу сезим менен, сүйүүнун улуулугу менен согушка каршы. Адамдын бири-бирине ок атып, жок кылышына, кырууга каршы чыгып, ага баланс катары адамдын сезимин, сүйүүсүн - ушундай бир чоң гуманисттик идеяны койгондугу менен "Жамийла" чынында дүйнөнүн махабат жөнүндөгү поэзиясы катары ааламга таркады. Бул чыгарма өзүнүн көркөм бийик деңгээли менен дүйнөлүк шедевр катары бүгүнкү күнгө чейин элдин жүрөгүндө окулуп атат.

Би-Би-Си:Эми кайрадан сиздин чыгармачылыгыңызга кайтып келсек. Сөз тизгинин соңку романдарыңыздын бири болгон "Жанжаза" деген чыгармаңызга бурсам. Бул романыңыз кыргыз адабиятында өзүнчө бир жаңылык болду. Карама-каршылыктуу болсо дагы көп резонанс жаратты. Кээ бир адабиятты түшүнгөн адамдар деле бир жактуу оюн айта албай, андагы көркөм идеяны чечмелей албай, кыйналып тургансыды. Бирок Абдыкерим Муратов баарынан таамай айтты деп ойлойм. Туташ абстрактуулук, сюрреализм, метафоралык айкалыштардын ширелишинен жаралган бул чыгарманы Абдыкерим Муратов "Бул - метафора-роман" деп айтты.

С.Раев:"Жанжаза" тууралуу көптөгөн карама-каршылыктуу пикирлер чыкты, ар кандай ойлор айтылды. Сын көз караштарды жаратты. Бирок, эч качан жазуучу окурман түшүнөбү, түшүнбөй калабы деп ориентирди окурманга албаш керек. Ар бир окурман өзүнүн деңгээлин, өзүнүн даярдыгында, бийиктигинде чыгарманы окуйт, кабыл алат. Албетте, "Жанжаза" романында бир топ адабий уютку, синтез бардай. Себеби жашоонун өзү ошондой болуп атпайбы. Жашоодо бир гана реализм эмес, ар кандай сюрреализм, абстракция, модернизмдик көз караштардын уюткусунда жашап атпайбызбы. Мисалы, Маркестин чыгармаларында деле магиялык реализм багыты бар. Себеби адам өзү бүт дүйнө менен жуурулушкан, дүйнө менен гармонияда жашаган индивид. Бирок аны ар ким эле сезе бербейт. Ошол нерсенин баардыгын биз өзүбүздүн жашообуздун тегерегинде болуп аткан процесстер менен, фон менен, ар кандай кубулуштар менен сезе алабыз. Ошондуктан "Жанжаза" романында көп көз караштарды, тарых, философия, дин жана башка баардык катмарды бириктиргенге аракет жасагам. Романдын негизги идеясы - адам сөзсүз өзүнүн жасаган ишине, айтканына сөзсүз жооп бере турган табияттын чүрпөсү экендиги. Акыр заман, алаамат күн келгенде, кыямат кайым болгондо же тозокко түшкөндө эле эмес, жооп берүүнүн башка да учуру келет. Адамдын жанын жараткан берет, ал жараткандан берилген нерсе эң ыйык нерсе. Бул жашоого болгон укук, жашоого болгон метрика, табияттын өзгөчө берген белеги катары айткым келет. Биз карама-каршылыктуу мезгилде жашап атабыз. Коомдо, жашоодо жүрүп жаткан процесстерди караңызчы, качан ушундай болчу эле? Парадоксту карабайсызбы, азыр адамды ыйманга чакыра турган, тарбиялай турган көп институттар бар. Билим берүү системасы менен катар жайнаган мечиттер, диндин таасири күчөдү. Союз мезгилинде бул институттар жок болчу, болсо да алардын ролу үчүнчү планда эле. Азыр эми биринчи планга чыкты, бардыгы эле ыйманга, моралга, адеп-ахлакка чакырат, бирок реалдуулук таптакыр башка. Адамдык ыймандык деградациясы бузулуунун эң бир апогейине жетип калды. Ошол эле учурда жараткан берген жаныбызга, жашоого укук берген ыйык нерсеге да күнөө кылдык. Жандын жазасы - адамдын жазасы болуш керек. Жаза адамга берилет, бирок адамдан да өтүп, адамды адам кылып жүргөн жанына берилип жатпайбы. Баардык нерсеге жооп берүүгө даяр болуубуз керек, себеби күндөрдүн бир күндөрүндө ошол нерсеге бетме-бет келебиз, суралабыз. Биз ага кандай жооп беребиз, ошого жараша биз өзүбүздүн жашообузду, ыймандык жана башка маселелердин баардыгын ошого үндөш кылышыбыз керек. Бул дүйнөдө кандай жашап өттүк, эртең ошо чындыктын, акыйкаттын көзүн карап жооп бере алабызбы?

Би-Би-Си:Бул романыңызда азыркы учурдун эң бир мүшкүлдүү, көйгөйлүү темасын көтөрүп жатасыз. Бирок азыркы окурмандар көркөм метафораны эмес, кээ бирде жөнөкөй сөздүн төркүнүн дагы түшүнбөй жаткан учурлар да болууда. Так ушул себептүү, бул романга тиши өтпөгөн катардагы окурмандар да болду окшойт. Балким, бул романдагы идеяны түшүнүш үчүн окурмандын кайсы бир деңгээлде интеллектуалдык даярдыгы болуш керектир. Ч.Айтматов убагында бул чыгармаңызды окуганда окурмандын даярдыгы жөнүндө айткан турбайбы.

С.Раев:Ырас, андай татаалдыктар да бар. Романдын башкы главасындагы 45-60-беттери окурманды тестирлөөдөн өткөрөт. 60- беттен кийин андан ары кетеби же ошол барактардын арасында калып жаап коёбу? Себеби, ошол нерсеге окурманды даярдаш керек, башка нерсе жөнүндө кеп болот, бул жеринде көндүм эмес маселе жөнүндө айтылат деп. "Мен окуй албай койдум, башындагы 3-бетте эмне жазылганын 16-бетке келгенде түшүнбөй калдым"- деп айткандар болду . Романдагы Чыңгызхан, Таис Афинская, Искендер Зулкарнайн, Король Лир, Клеопатра деген каармандардын ооруканада коюлган аттары. Алардын денесине ошол реалдуу каармандардын жаны кирет. Мисалы, Чыңгызханды, Македонскийди дүйнөнүн жарымын караткан, лавр таажысын кийген император болгон дейбиз. Ошол таажыга, дүйнөлүк тирандыкка, генийликке адамдын өмүрү, каны менен жетип атпайбы. Романда паралеллизм, метафора, контропункт деген ар кандай адабий ыкмалар бар.

Би-Би-Си:Жашоодо убагында көпчүлүк окурмандар түшүнбөгөн жазуучулар, чыгармалар да болуп келген эмеспи. Мисалы, убагында Уитмендин ак ырларын окуп алып окурмандары менен калемдештери аны шылдыңдап күлүшкөн да. Ошондон бир топ убакыттан кийин гений турбайбы деп акыйкат бааны кийинки муун берип атпайбы. Ошондуктан, балким, бул романдын окурмандары көбөйүш үчүн дагы убакыт керектир.

С.Раев:Жаңыдан чыкканда окурмандар аябай эле аз болду. Башында китеп текчелеринде эле турду, бирок жарым жылдан кийин таптакыр калбай калды. Себеби, ар бир чыгарманы кабыл алуу да өзүнчө кыйын. Чыңгыз Төрөкуловичке кол жазмамы бергенимде чыгарманы бир жарым жылда ( шартка байланыштуу ) окуган. Ал кезде элчиликте кызматта эле. Бир жолу Бишкекке келгенде мага эртең менен эрте чалып: "Кечинде үйгө келип кетчи", - деди. Арийне, роман боюнча да сөзсүз түрдө сөз болот болуш керек деп болгодум.. Барып сүйлөшүп олтурганда: "Романыңды окуп бүттүм. Муну көп адамдар түшүнө бербейт го, буга даярдык керек экен. Романды окуп жатып, мен дагы кээ бир жерлеринен чаташып кеттим,"-деп айтты. Ушул эле сөздүм чоң баа катары кабыл алдым. "Роман өзү мага жакты. Бир гана таклибим бар (Агай таклип деп айтчу). Эгер кабыл алсаң, ушул жөнүндө ойлонгун",- деди. Өзүңөр билгендей, токсонунчу жылдардын башында "Акыркы пайгамбар" деп үзүндүлөрү чыгып жүрбөдүбү (кийинчерээк "Кыргыз рухуна", ж.б. гезиттерге да чыгып жүрдү). Окурмандар кандай кабыл алат экен деп атайы үзүндүлөрүн бергем. "Акыркы пайгамбар" деп койгон атың мени көп ынандырбай атат. Бул романды эртең эле ушул ат менен чыгарсаң окулбай атып тепкиде каласың. Ошондуктан бул романдын атын ойлонушуң керек,"-деди. "Сага чалгандан баштап эле кандай ат туура келет деп өзүм да ойлоно баштадым. Менин чыгармамды Чыңгыз Төрөкулович коюп берген деп Султан айтып жүрөт эле деп ойлондум. Бул романдын өзөгү жан жөнүндө, адамдын жан дүйнөсү жөнүндө сөз болуп жатпайбы. Ошондон улам бул романдын аты "Жан" деген сөз менен аталыш керек. Бирок "жан" деп койсо да болбойт, сөзсүз түрдө ушул сөзгө жөлөк боло турган дагы бир сөз керек. Ойлонгун,"-деп айтты. Чындыгында ичимден аябай сүйүндүм. Атактуу кишинин караанын көргөндө эле канча сүйүнчүбүз, анан залкардын ою, албетте, мен үчүн аябай чоң мааниге ээ эле. "Жан" деген аталыш боюнча көп ойлондум. Бир сапар Алматыга кыргыз-казак форумуна барып калдык. Ага Чыңгыз Айтматов да барган эле. Ал жактан бизге казак туугандар жыйында "Казак адабияты" деген гезитти берди. Кечинде мейманканага келип гезитти алып окусам, "Жанураан" деген аталыштагы бир макала турат. Бул сөздүн мааниси кандай болду экен деп эртеси Нурлан Орозалин акын агабыздан сурап калдым. "Ой Суке, бул деген гимн гой, жандын урааны"-деди. Болду, мен чыгарманын атын таптым дедим. Ага чейин "Жан жана жаза" деп коюп аттым эле, бирок ал "Преступление и наказаниеге" окшоп калып аткан. Ошондо "жана" деген сөздү алып салып, "Жанжаза" болуп аталып калды. Чындыгында мындай сөз жок эле, жаңы сөз болуп калды. Улуу жазуучунун берген кеңеши ушул нерсеге түрттү. Бул роман көптөгөн тилдерге которулуп чыкты. Лондондон, Анкарадан, Астанадан чыкты, Кореядан чыгып атат. "Азаттык" радиосунда Амирбек Усманов ошол роман жөнүндө жазды. Анын макаласында, Лондондон чыккан бул романга үч миңге жакын ар кандай ой пикир айтылганы тууралуу жазды. "Жанжаза" романы боюнча Түркияда докторлук, кандидаттык иштер жазылып жатыптыр...

Би-Би-Си:Бул чыгарманы токсонунчу жылдардын башында эле баштагансыз. Анан сиз аны жазып бүткүчө чейрек кылымга жакын убакыт өтүп кетти. Мен жана сизден убакыт менен чыгармачылыктын диалектикасы жөнүндө бекер сураганым жок. Эмне үчүн ушунча убакытка созулду?

С.Раев:91-жылы комсомолдук "Жаштык жарчысы" гезитинде иштеп жүргөндө эки-үч санына жарыяладык, "Кыргыз рухуна" да жарыялаганбыз. Убакыттын өткөндүгү, мезгилдин созулуп кеткендиги романдын пайдасына гана жүрдү. Себеби, ошол роман менен чогуу параллелдүү түрдө ойлонуп, көп жагынан роман өзгөрдү, оңдолду, убакыт жазуучуга эч качан жакшы чыгарма жаратууга тоскоолдук бербейт. Убакыт жазуучунун ички дүйнөсүнүн абийрине айланат. Себеби, көп көз караштарды, ойлорду, идея, формаларды камтыганга мезгил өзү жардам берди. Ар бир чыгарма мага өзгөчө Устат, өзгөчө өнөрканадай сезилет. Ачыгын айтайын, эгерде 91-жылдагы түшүнүгүмдүн алкагында жарык көрсө, азыркы деңгээлге жетпейт эле. Жазуу процесси ар кандай болот. Илхом келгенде жазасың. Эң эле кыйын нерсе - жазып аткан чыгармама акыркы чекитти коюу. Акыркы чекитти коё албасам, аябай кыйналам. Жазып келип, акыркы чекитти коё алсам, ошол күнү тынч жатып уктайм. Кээде романды жазып атып процесстен чыгып кетесиң, ар кандай болот. Жазып аткан чыгармаңа бир-эки күндө же бир жумада, бир айда кайрыласың. Кайра киресиң. Чыгармачылыктын күн тартиби жок. Регламентке баш ийбейт. Кээде бир жылдан кийин кайрылган учурлар болот. Бирок ошонун баары пайдага гана жүрөт. Ошонун орбитасынан чыгып кетесиң, анан башкача ойлонуп, таразалайсың, синтездейсиң, ой менен олтурасың. Окурман тарабынан кызыгуу жаратабы деген сөзсүз түрдө ички суроо да, ички талап да болуш керек.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Генрик Сенкевич атындагы эл аралык сыйлык

Би-Би-Си:Швецияда эл аралык адабий сынакта баш байге алган "Топон" романыңыз дагы окурмандар тарабынан жакшы кабыл алынууда. Анда дүйнөнү сактап калуу жөнүндөгү глобалдык идея, адамзатты жарга такаган руханий апаат жөнүндө сөз болуп атат. Нух пайгамбардай болуп дүйнөнү сактап калууга мүмкүнчүлүк бир эле үйдүн колунда болот, бирок анын дагы шансы калбайт экен. Муну кайсы бир деңгээлде он тогузунчу кылымдагы атактуу ойчул акындар Арстанбек менен Калыгулдун ошол учурдагы пессимисттик же көрөгөчтүк ой-толгоолорунун уландысы катарында караса болчудайбы?...

С.Раев:Калыгул, Арстанбек бабаларыбыз, албетте, өзгөчө феномен болгон. Ошол эле мезгилде алардын дүйнөнү системалуу карай алган интуитивдик акылы болгон экен. Чындыгында эле бүгүнкү картина ошолор көргөндөй, ошолор туйгандай эле болуп атат. Мунун изилдей турган да жактары көп. Эмне үчүн эч кандай университетти,академияны бүткөн эмес, бирок табиятында ошол нерсе болгон. Алардын табияттан ички туюму, дүйнөнү көрө билүү, андай билүү интуициясы алда канча күчтүү болгон. Адам дүйнөнү өзүнүн түшүнүгүнүн деңгээлинде системалуу кабылдайт, ой жүгүртөт. Себеби ал дагы бекеринен эмес. Эмне үчүн качандыр бир мезгилде айтылган сөз, көз караш бүгүн өзүнүн чындыгына, өзүнүн аңдоо циклине ээ болуп жатат. Демек, бул жерде ойдун, эс тутумдун өзгөчө бир руханий спиралы бириктирген нерсе бар. Акыл-эс коду. Дүйнөнү биз бир бүтүн катары кабыл алышыбыз керек, бул дүйнөдө баарыбыз чырмалышканбыз. Чыңгыз Айтматов "Баарыбыз бир кайыктабыз"-деп туура айткан. Чындыгында эле баарыбыз бир кайыктабыз, ал кайыктын аты - Жер. Ошол эле учурда биз ошол спираль менен байланышканбыз. Кишилердин мээсин чыңалткан ойлор, акыр заман, пессимизм дейбиз, башка дейбиз, андагы башкы нерсе алар дүйнөнү сканерге салгандай эле көрүп койду. Бу эс дүйнөнун рух күзгүсү, чагылышы. Генетикалык эс-тутум ошол эле мезгил менен гана токтоп калбайт, ал улана берет. Эс-тутум табияттын, жашоонун коду катары биздин аң-сезимибизде, эс тутумубузда, жүрөгүбүздө жашайт. Мисалы үчүн чыгарманы окуп жатканда "Бул реалдуулук эмес да, көркөм чыгарма. Бул жазуучунун фантазиясынын продуктусу" деп ойлойбуз. Бирок ошол эле учурда биз ага ишенебиз, ошондо айтылган ойлорду жан дүйнөбүзгө кабылдап жашайбыз. Анын сыңарындай эле, чыгармачылыкта бир киши жазат, аны миң киши окуйт, кабыл алат же ал ой менен макул болот. Калыгул менен Арстанбектин, башка ойчулдардын деле өз мезгилинде айтканы бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн актуалдуулугун жоготпой келет. Бу кыргыз улуттук аңдоо, дүйнө таанып-билүү циклинин өзгөчө бир системасы десек болот. Космос менен кыргыздын дүйнөтаанымы ушунчалык унисон, ушунчалык уникалдуу көрүнүш. Бу атайын изилдөөнү талап кылат.

"Топон" романы топон сууда тирүү калган бир үй-бүлөнүн тарыхы жөнүндө жазылган. Бул баягы "Топон" суу эмес, ал улуу суудан кийинки, б.а.биздин замандын, топон суусу жөнүндө. Акыл калчап, ой жүгүртүп көрсөк, ушул азыркы биздин цивилизация кайсы бир мезгилге барганда топон суу каптап, Жер планетасы жоголду деп коёлу. Кудайдын амири менен бир үй-бүлө калды. Эч кандай байланыш жок, өзүнчө ээн аралда атасы, апасы, эки баласы эле калды. Дүйнө бир эле ушул аралдан тургандай. Ошондо адамдын жашоосу кандай болот, ой жүгүртүүсү, жан дүйнөсү кандай болот? Дүйнөнү, адамзатты сактап калуу ушул эле үй-бүлөнүн, эки баласынын тагдырына түштү дейли. Ошону сактап кала алабы алар деген маселе болду?.. Тилекке каршы, сактап кала алган жок. Башкысы, адамзаты үчүн эң коркунучтуу нерсе топон суу да эмес, акыр заман да эмес. Акыр заман адамдык, ыймандык чектөөбүздү, акыл туюмубузду, моралдык рамкабызды, адамдык касиеттин тутумунда кармап турган философиялык түшүнүк болушу мүмкүн. Биз акыр замандын бар экенин унутсак, биз адамдыгыбызды, жоопкерчилигибизди унутканыбыз да. Акыр замандан да, топон суудан да эң коркунучтуу нерсе - жүрөгүбүздө болуп аткан ыймансыздыктын топону, рухий жардылыктын топону, ачкөздүк менен дүйнөпараздыктын топону, мээдеги бүт дүйнөнүн акыр-чикири. Топон сууну - биз өзүбүзгө өзүбүз алып келебиз, өзүбүзгө өзүбүз жакындатабыз, анын башкы себеби адам ыйманынын кыйроосу, жандүйнөнүн рухий ыдыроосу, моралдын айбандык сезимге айланышы, адамдын дүйнөгө керектөөчүлүк мамилеси. Бул адамдын зомбилениши. Бул апаатты биз Жараткандын жазыгынан мурда алып келшибиз мүмкүн, себеби биз ошол жолдо кетип бара жатабыз. Ага дүйнөдө толгон-токой мисалдар бар. Бул роман Стокгольмдо өткөн эл аралык адабий конкурста Гран-прини алды. Москвадан чыкты. Сеул, Анкарадан жарык көрүү алдында турат. Россиянын атактуу режиссеру, "Золотая маска" сыйлыгынын ээси Андрей Борисов бул чыгарманы МХАТта коюу жөнүндөгү оюн мага билдирген.

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Султан Раевдин спектакли Лондондогу театрда көрсөтүлүп жаткан учуру

Би-Би-Си:"Акыркы керээз" деп аталган драмаңыз Лондондо BBC тарабынан жазылып алынып, конкурста жакшы баага татып, дүйнөлүк жети мыкты драматургдун катарында сиздин ысымыңыз аталды. Британияга көп жолу бардыңыз, анын ичинде Улуу Британиянын королевасы Елизавета Сизди Букингем сарайына чакырып, "дүйнөлүк N1 аристократка" менен учурашып келдиңиз. Деги эле ушул Улуу Британияга сиздин чыгармачылыгыңыздын таасири, тизгини да көбүрөөк тарагансып, тарткансып турат. Шекспирдин мекени менен кандай байланышыңыз бар?

С.Раев:Британия дүйнөлүк цивилизациянын баш өзөгүндө турган өлкө. Ал дүйнөнү "багындырып алуунун" бир гана жолу бар, ал курал эмес же күч эмес - тил экенин көрсөттү. Азыр дүйнө жүзүнүн бүт баары англис тилинде сүйлөйт, Шекспирди жакшы көрүп, сүйүп окуйт. Англия адамзат цивилизациясындагы өзгөчө флагман катары адамдык туюмумда өзүнчө чоң орду бар. Себеби англис адабиятын аябай жакшы көрүп, көп окугам. Өзгөчө Шекспирдин чыгармаларын. Англичандар бүгүнкү цивилизациянын жаратмандары болгон улут. Ушундай чоң эволюциялык прогресске жеткирген элдин бири. Англияда көп эле болдум. 2006-2007-жылы BBC-3 радиосу дүйнөлүк конкурс жарыялап, дүйнөдөгү эң мыкты жети драматургдун чыгармасы жеңип чыккан. Ошолордун катарына менин дагы "Акыркы керээз" ( "Last curl" ) деген пьесам өтүп, англис тилинде дүйнөлүк драматургиянын эң мыктыларын берген BBC -3 каналынан коюлду. Пьесамда дүйнөгө атагы чыккан актёрлор ойногонуна таң калдым. Андан мурда 2002-жылы Улуу Британиянын королевасы Елизавета айым Букингем сарайына чакырган. Бул дагы өзгөчө бир жомоктой болгон. Чакырганда бир нерсеге таң калдым. Чакырганда бир себеп же чакырылган адамдын да бир өзгөчөлүгү болушу керек да. Ойлоп көрсөм, постсоветтик өлкөлөрдөгү жаңы өсүп келе жаткан жаш жазуучулардын тобунда келаткандарды изилдеп көрүп, тандоо мага түшкөн экен. Атактуу Букингем сарайына барып эл катары королева Елизавета II менен жолугуп, сыйын, сыймыгын көрүп келгем. Ага чейин эле Улуу Британияга өзгөчө бир сүйүүм бар эле, алм мага өзгөчө түрткү берди. Дүйнөм аңтарылып- теңтерилип, таптакыр башка бир космосто жашагандай сезимде жүрдүм. " Королеванын, дүйнөнүн ар тарабынан келген улуу адамдардын жанында турганда кандай кыялда болдуңуз?" - деп сурап калат. Ачыгын айтсам, Королеванын жанында турганымда, ички уйгу-туйгу сезимимде бир гана ой, кыял болду. "Ушуну апам көрүп калса жакшы болот эле" деген ой мээмден кетпей койду... Апам өмүр бою кетмен чаап, талаада иштеп, пахта терип, сегиз баланы тарбиялаган аял да. Ушул учурду апам көрүп калса кандай болот эле, сыймыктанат беле деген сезим болду... Лондондо биринчи жолу, атактуу Шекспирдин театры "Глобадан" "Король Лир" менен "Ромео жана Жульетта" спектаклин көрдүм. Шекспирдин тушунда кандай ойнолсо, ошондой көрсөтүлдү. Эч кандай азыркыдай жарык, жасалга жок, нукура ойнолуп, көрүүчүлөр туруп алып же эски тепкичтерде олтуруп алып көрүштү. Өзгөчөлүгү да мына ошондо. Бир нерсеге таң калдым. Англияда Шекспирге болгон өзгөчө культ бар. Бизде кыргыздын духу Манас десек, Англиянын духу - Шекспир. Себеби ар бир англичанин Шекспирдин чыгармасын, үзүндүсүн жатка билет. Бул маданият чыгармачылыгыма өзгөчө чоң таасир берди деп айтар элем. Кийин Лондондон "Kara" деген романым чыкты. Китептин презентациясы Лондон университетинде, Кембридж университетинде болду. Бүгүнкү күндө Англиянын улуттук китепканасында романым бар. Ушулар мага чоң түрткү берди, дүйнөм таптакыр өзгөрүлдү десем болот. Китебим дүйнөлүк бренд "Amazona.со.uk" аркылуу сатылды.

Би-Би-Си:Сөзүбүздүн арасына бир тамаша кыстара кетейин. Ч. Айтматов атагы чыгып, дүйнөгө таанылып калган мезгилде белгилүү сынчы Салижан Жигитовдон: "Бу артыбызда чыгармачылыктын дүбүртү кандай, кандай жаш акын-жазуучулар чыгып келе жатат?"-деп сураган экен. Анда белгилүү сынчы: "Чыке, эч кам санабаңыз, артыңыз жымжырт" деп жооп берген дешет. Сизге да ушуга окшош суроо берейин. Сиз азыр постсоветтик доордогу, азыркы эгемендик замандагы жазуучулардын көч башында келаткандардын жоон тобунан болуп калдыңыз. Өзүңүздөн кийин же катарлаш адабиятка кошулган калемгерлер жөнүндө кандай ойдосуз?

С.Раев:Улут болгондон кийин улуттун уучу куру болбойт да. Адабият дайыма жүрүп турган, бир эстетикадан экинчи эстетикага эволюция болуп турган табигый көрүнүш, жандуу процесс. Албетте, кийинки келе жаткан муундардын арасынан да чоң үмүт жараткан, адабиятыбыздын өзгөчө бир көрүнүшү болуп кала турчу мыкты жазуучуларыбыз бар. Соңку кыргыз адабиятынын өзгөчө мууну А.Матисаков, Б.Усубалиев, М.Апышев, Т.Субанбеков,Турусбек Мадылбай, К.Иманалиев, акындар К.Урманбетов, Култегин, Ө.Тиллебаев, Ж.Саалаев, Б.Чотурова, Ф.Абдалова, Б.Сарыгулова, А.Акбаров ж.у.с. Ал эми, өзүм жаштардын чыгармачылыгына көп маани берем. Беш-алты акындын китебине, чыгармаларына өзүм баш сөз жазып бердим. Себеби, жаштарды колдоп, аларга өз учурунда дем бере билиш керек. Бул дагы жазуучулуктун өзгөчө бир сыпаты. Жакшы чыгармаларды жараткан жаштар бар. Мисалы, Арслан Койчиев "Чыңгызхан менен бакшы" деген романды жазды. Мен ага соңку кездерде жазылган романдардын алдыңкы сабындагы чыгарма деп пикир жаздым. Бул жеке көз карашым. Биз сөзсүз түрдө кубатташыбыз керек, бизде эч качан эгоизм болбошу керек. Мына биз жаш кезибизде аксакалдардан канча "токмок жедик". Акезде жаштарга жол көрсөтүп, баш сөз жазып дем бергендер чанда болгон. Айтматов өз кезегинде 2008-жылы китебиме баш сөз жазып чыгарганда мен да аябай сыймыктангам. Айтматов ушундай баа бергенден кийин, өзүңдүн деле начар чыгарма жазганга моралдык укугуң жок болот. Анын сыңарындай, Арслан Койчиевдин романы урунттуу чыгармалардын бири. Жаш акындарыбыз да арбын. Өзүнчө бир үйүрдүн, топтун келгени да жакшы. Себеби, алар бир лидерди алып чыгат.

Би-Би-Си:Кайсы бир жазуучунун "Таланттар тобу менен келишет" деген учкул сөзү бар эле...

С.Раев:Ооба, таланттар тобу менен келет. Мына биздин алтымышынчы жылдардагы маданиятыбызды алалы. Айтматов баш болгон бүт генийлердин бардыгы ошол алтын доордо жашаган. Т.Касымбеков, М.Байжиев, Б.Жакиев, К.Жусубалиев, М.Гапаров, Ж.Мамытов, Т.Кожомбердиев, А.Саспаев,Р.Рыскулов, С.Акматбекова, Т.Муканов, аларга улагалаш Ш.Дүйшеев, А.Рыскулов,К.Көкүлөв жана башка чыгаан акын-жазуучуларыбыз тобу менен келишкен. Топ алдыга күлүктөрдү алып чыгат. Жанагы марафондо деле чуркаганда баары марага чейин чуркап келишет, бирок алдыга бирөө эле чыгат. Адабиятта деле ошондой. Демек, биздин адабиятыбызда жаңы процесстер болуп, жаңы көз-караштарды, эстетиканы белгилей турган чыгармачыл адамдар болушу керек. Адабияттын кайра жаралуусу күтүлүп атат. Албетте, мен ошол жаш акын-жазуучулардын сөзсүз түрдө ошол багытта, бийикте чыгармачылыгын улантышын каалар элем. Акындардан Нарсулуу Гургубаеванын, эрте өтүп кеткен Зайырбек Ажыматовдун, Жыргалбек Касаболотовдун, жазуучулардан Мамат Сабыровдун, Топчүгүл Шайдуллаеванын, о.э. дагы ушуга окшогон мыктылардын чыгармаларында изденүү бар. Буюрса, ошолор биздин улуттук адабияттын туусун көтөрүп кетет деген ой-тилегим, үмүтүм бар.

Би-Би-Си:Эми сөз сонунда, адабияттагы калемгерлердин бул жашоодогу миссиясы жөнүндө сөз кылсак. Албетте, бул жөнүндө бирдиктүү көз караш жок. Ар качандыр ар кандай көз караштар, талаш пикирлер болуп келген. Он тогузунчу кылымдагы атактуу, улуу орус ойчулу Б.Белинский элдин чыныгы турмушунан ажыраган, элдин үмүт-тилегин чагылдырбаган, өз казанында өзү кайнаган адабияттын кереги жок деп сындап чыкканын жакшы билесиз. Мына ушундай көз караштагы макаласын жакында экс-президент Роза Отунбаева да жарыялады. Бурулайдын аянычтуу тагдырын мисал тартып, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук күчөгөн коомдогу оор, көзгө чиркөө болгон көрүнүштөрдү биздин-акын жазуучулар жазбай жатканын сынга алды. Коомду өзгөртүүнүн, коомду тарбиялоонун каражаты катарында милдетин аткарбай жатат, деп экс-президентибиз капа болгондой пикирин жазыптыр. Буга жалпы кыргыз жазуучуларынын атынан сиз кандай деген жооп айтат элеңиз?

С.Раев:Бул көз караштын өзүнүн өзөгү бар. Себеби, адабият ошол мезгилдин күүсүн, мүнөзүн, турмушун, философиясын, кубулушун сезип турган өзгөчө бир көркөм жанр болуп эсептелет. Албетте, коомдо болуп аткан окуялар бул биздин адабияттын фабуласы болуш керек. Кийинки мезгилде болуп аткан ар кандай төбө чачты тик тургузган окуялар, албетте, көркөм туунду, образ, адабият катары ордун табыш керек деп ойлойм. Эми жазуучунун миссиясы биринчи кезекте илгертен бери эле Шекспирден тартып Айтматовго чейин эле адамдагы адамдыкты чагылдырып көрсөтүү. Жазуучунун эң башкы каарманы бул - Адам болушу керек. Адам мезгилдин доордун призмасында болуш керек. Бирок, бүгүнкү адабияттын тенденциясын, агымын, демин, динамикасын сезген сынчыл ой, көз караштар сейрек. Бүгүн адабият адабиятка берилип калды. Ар ким кандай түшүнсө, ошондой кабыл алып калды. Бүгүнкү күндө чыныгы адабият кайсы, адабият сөрөйү кайсы, жөнөкөй эле жазмакерлик кайсы экендиги чоң суроо. Жазуучу лакмус кагазындай, коомдогу көрүнүштөр ага бат таасир берип, бат кабыл алат. Коомдогу болуп аткан Бурулайдын тагдыры көркөм туюмдан өтүш керек. Ал окуяларды окурманга, элге жеткирүүдө, эмоционалдык таасир берүүдө да көркөм адабияттын мүмкүнчүлүгү чоң. Бул биздин тагдырыбыз, биздин жашообуз, бүгүнкү Кыргызстандын жашоосу. Ошол жашоо сөзсүз түрдө адабиятта өзүнүн ордун табыш керек деп ойлойм. Мунун бардыгы эмнеден болуп атат? Деги эле биздин коомдук кубулушка ой-пикир же көз караш айтуу маданиятыбыз активдүү болбой калды. Биринчи кезекте ал интеллигенциядан байкалат. Мисалы, саясий аренаны караңыз, башканы караңыз, кимдер чыгып атат, кимдер чыгып алды. Саясатты люмпенизация процесси жүрүп жатат. Азыр билимдүү, илимдүү адамдар экинчи планга чыгып калды. Интелект - бул башкы баалуулук. Ал эми интеллигенция акыркы отуз жылдыкта өзүнөн-өзү эле деградацияланып баратат. А, балким жаңылышармын, кескин айткым келбейт. Алардын сөзүн уккан адам жок. Бийликтин саясатына туура келбеген ойлорун айтып, запкы жеп калгандар болгон. Ошондон улам сүткө оозун күйгүзүп, айранды үйлөп ичкен синдром болуп атат. Интеллигенция деген башка түшүнүк, ал эми интеллигенттүүлүк деген башка түшүнүк. Өзүнүн өлкөсүнүн тагдырына чындап күйгөн, ошого өзүнүн көз карашы,ою, позициясы бар адам бу мекенчил-интеллигенттүү адам, ошолор коомдун каймактары. Бүгүн негедир коомдун каймактары дымып жаткандай сезилет. Негизи бүгүнкү болуп жаткан процесстер бизди уктатпаш керек. Эң эле коркунучтуу жагы, биз ошол процесстерге кайдыгерлик көз караш менен мамиле жасасак, коомду жок кылып алабыз. Биздин коом бир гана саясатчылардан, депутаттардан турбайт. Биздин коом кыргыз элинен, жамаатынан, интеллигенциясынан, окумуштуулардан турат. Өкүнүчтүүсү, жашоонун, адамдыктын, адамгерчиликтин, гуманизмдин, маданияттын саясаты аренадан жоголуп баратат. Эгер саясаттын гана саясаты боло берсе, биз эч качан жакшы жыйынтыкка жетпейбиз. Стереотиптер бузулуп, жаңы ойлор, жаңы генерациялар келиши керек. Карап көрсөң, бардык чоң саясий окуялар бири-бирин кайталайт. Мындан беш-он жыл мурун ошол нерсе болгон, азыр да ошол нерселер кайталанып атат. Азыркы эле парламенттик шайлоолорду айталычы, кимдер келатат? Агы, карасы, айтор бардык түстөрдүн гаммасы бар, бирок идеясы жок. Бизде системалуу кризис жүрүп жатканын бу шайлоо да ачыктап койду. Көрсө, биздин коомдо, саясий аренада идеялардын да кризиси дүркүрөп жүрүп жатканы байкалды. Саясий партиялардын лозунгдары буга кашкайган далил. Саясий стратегия, платформа, программа жокко эсе. Тек гана, тоодон түшкөн көчкүдөй болуп эле бийликке атырылганы болбосо. Бу нонсес. Бул чынжыр үзүлүп, стереотиптер бузулуп, муз эриш керек. Ошондуктан бизге жаңы элитаны келиши аба суудай керек. Азыр мезгил көрсөтүп атпайбы, бир жолку макаламда жаздым, жүз партиянын лидерине караганда бир руханий лидердин таасири өтө күчтүү. Мисалы, Айтматовдун коомго болгон таасири баарынан күчтүү болгон. Карлик лидерлер эч качан өлкөнү интеллектуалдык, экономикалык же башка жактан өнүктүрө албайт. Мындан он жылдай мурда кыска сап ыр жаздым эле: "Шалтурук, дүйнөнү башкарам дейт шал туруп" деген. Азыркы коомбуз руханий "шал" оорусуна чалдыккан таризде. Албетте, өзүн сыйлаган элде сөзсүз түрдө улуттун каймактары болуш керек. Ошолор негизги улуттук ойдун саясатын берип турушу керек. Бизде азыр бири-бирибизди укпай, сөзгө конок бербей калбадыкпы. Азыр шайтандын куралы болгон ушак, фейк менен фң-сезимибизди башкарып бараткандай. Сергек ой жүгүртүү ушу сыяктуу акир-чикирдин көрүстөнүндө калды. Өзүнүн ой-пикири менен элди азыктандырып, аркасынан ээрчитип, багыт бере турган, көзүн ачып, сергитип турган адамдар коомдун лидери болушу керек. Акылманы жок элдин, ырысы таят. Коомубузда баары аралашып кетти, чындыктын чыркыраган үнү да, калптын кайнаган казаны да. Пейил жоголгон жерде, ырыска орун жок, ишеним уурдалган жерде чындык жоголот. Кыргыз болуу сыймык, ал бир гана сөз менен эмес, мекенди сүйүү менен, атуулдук сезим менен, жарандык жоопкерчилик түшүндүрүлөт. Манас урпагынын азыркыдай үбөлөнүп майдаланганына көкүрөктөгү кыргыз деген ат да, зат да жол бербеши керек. Өлкөмү жарды, элими кедей дегендер менин биринчи душманым дегим келет. Өз элин жерге чапкан адамга эч качан канат бүтпөйт. Элбиздин улуулугу анын кебелбеген рухунда, ал бир күнү күлдөн учуп чыккан Феникис куштай чыныгы кыргыз мүнөзүн,духун көрсөтө аларына ишенем...