“Согуш тулпарына” принц Уильям жубайы менен барды

Принц Уильям жубайы Кейт  менен Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption Принц Уильям жубайы Кейт менен

Кэмбридждин герцогу деген титулу бар Принц Уильям жубайы Кейт менен Стивен Спилбергдин жаңы тартылган “Согуш тулпары” аттуу тасмасынын Британиядагы бет ачарына катышты.

Лондондун Лейчестер скверинде болгон бул иш чара Принц Уильям менен Гарринин кайрымдуулук фондунун алкагында өттү.

Бет ачарга мурдагы аскер кызматкерлери үй-бүлөлөрүн да алып келишип, ошондой эле Стивен Спилберг башында турган тасманы жаратуучулар менен бирге жалпысынан 600 адам катышты.

Тасманын негизги жылдызы – Жой аттуу ат да кызыл килемден басып өттү.

Спилбергдин айтымында бул бет ачарга королдук үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусу анын кадыр-баркын өзгөчө арттырды. Айрыкча, окуяны Принц Вильямдын 30-туулган күнүнө да дал келүүсү менен көптөрдү кубандырды.

Бул тасмага азыркы учурда Британияда атактуу болуп жаткан “Жаңы Шерлок Холмс” фильмине тартылган актерлор Бенедикт Камбербач, Эмили Уотсон, Том Хиддлстон та тартылган.

“Кэмбридж герцогу менен герцогинясынын катышуусунда менин тасмамдын бет ачары алгач ирээт болуп жатат. Бул абдан мыкты окуя. Мен толкунданып жатам”, - деди Стивен Спилберг.

Актер Жереми Ирвин: “Мен бир аз чарчап турам. Узун жолдон кийин үйгө кайткандай сезим бар”, - деди.

Бул тасма Майкл Морпургонун 1982-жылы жазылган повестине негизделип тартылды. Анда Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Францияга аты жиберилген бала менен жылкынын тагдыры берилген.

Капитан Николстун ролун аткарган Том Хиддлстон да королдук үй-бүлөнүн бет ачарга келгенине сүйүнгөнүн билдирди. “Тасмага принц менен жубайынын келүүсү чындыгында бул фильмдин мааниси канчалык экенинен кабар берет”, - деди ал.

“Тонни” сыйлыгынын ээси

Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы адам менен аттын ортосундагы өз ара мамилени чагылдырган бул тасма былтыр Нью-Йорктогу “Тони” аттуу эларалык сыйлыкты алган.

"Бул китепти окуп чыкканымда, мен тарта турган тасманы дароо элестете алдым. Чыгарманы жандандырууда жигердүү иштедик", - дейт Спилберг. Тасма 2012-жылдагы “Оскар” сыйлыгына коюла тургандардын алгачкы катарында.

Бет ачарга Принц Уильям иштеген RAF издөө жана куткаруу кызматы, королдук атчандар тобу, Ирландия атчан аскерлери, королдук аба күчтөоү, королдук Навал аттуу суу алдындагы аскер күчтөрүнүн өкүлдөрү да катышты.