25 жыл мурда жоголуп, өз үйүн Google картадан кайра тапты

1986-жылы жоголуп кеткен Саруу Браерли
Image caption 1986-жылы жоголуп кеткен Саруу Браерли

1986-жылы жоголуп кеткен бала апасын Google-дүйнө картасын колдонуп, 25 жылдан кийин тапты.

Саруу жоголгондо беш гана жашта болчу. Ал поезд тазалагыч болуп иштеген байкеси менен чогуу Индиянын темир жолдорун кыдырып жүргөн.

“Түн ортосу болуп калган. Биз поездден түшкөндө аябай чарчап калган элем. Станцияга кичине отура калып, көзүм илинип кетиптир. Ойгонсом агам жок экен. Байкем поездге кайра түшүп кеттиби деп, станцияга токтогон каттамга эле секирдим. Поездди аралап чуркап, агамды таппай койдум. Ушунчалык чарчаган экем, турган жеримде эле 14 саат уктап калыпмын”, - дейт Саруу.

Балакай ойгонгондо Индиянын калкынын саны жана жакыр райондору э­ң эле көп Калькуттасына барып калган болот.

“Жүрөгүм түшүп калды. Кайда экенимди биле албадым. Нары-бери чуркап, элден жардам сурадым. Абдан коркунучтуу жер экен. Бир да ата-эне беш жаштагы баласын Калькуттанын станцияларында жалгыз чуркап, коркуп жүргөнүн каалабаса керек”, - дейт Саруу көзүнө жаш алып.

Кетирекей өзүн-өзү бакканды акырындап үйрөнөт. Ал кароосуз балдардай эле кайыр сурайт. “Абдан кылдат болушум керек эле. Эч кимге ишенчү эмесмин. Бир жолу бир киши менин курсагымды тойгузуп, кийим алып берем. Ата-энеңе кайра жиберем деди. Аны ээрчип баратып, ниети түзүк эмес экенин сезип калдым да, качып кеттим”, - дейт.

Соңунда анын көчөдөгү жашоосу да бүтөт. Жетимканага алынып, ал жактан Сарууну тасманиялык Браерли аттуу жубайлар асырап алышат. “Жоголуп кеткенден кийин өз ата-энем мени таба албайт го деп үмүтүмдү үзүп койдум. Австралияга барып, жаңы жашоо баштоо мага жакшы болобу деп ойлодум”, - дейт Саруу.

Image caption Саруу Браерли өз энесин кайра көрүү каалоосу менен жашаган. Азыр анын бул тилеги ишке ашты.

Саруу жаңы үйүнө тез эле көнүп кетти. Бирок эс тарткан сайын өз үй-бүлөсүн табуу арзуусу улам күчөп баратты. Кептин баары ал жоголуп кеткенде беш гана жашта болуп, ата-энесинин аты жөнүн, дарегин жөндөп биле албаганында эле. Жалаң гана беш жаштагы баланын эскермелери менен жашады. Акыры ал Google-дүйнө кызматын пайдаланып, ата-энесин издеди.

“Өзүмдү “Супермен” сездим. Картадан жердин ар бир карышын карап, сүрөттөр менен эсимде калган көз ирмемдерди салыштырып отурдум. Дал келбей жатты. Ар бир карышты карадым. Ар бир сүрөттү миң ирет текшердим”, - дейт Саруу.

Акырында ал түшкөн поездинин ылдамдыгы менен уктап калган убактысын эсептеп чыгат. 14 сатта саатына 1200 чакырым ылдамдыкта жүргөн Индия поезди канча жерди кыдырат деген суроону койот.

Калькуттаны борбор кылып, поезддин ылдамдыгына дал келе турган бардык жерлерди айланасына чийип чыгып, акыры бир Хандва аттуу аймак буга туура келерин аныктайт.

“Муну тапканымда Хандванын сүрөттөрүн картадан улам жакындатып, алыстатып карадым. Наристе кезимде ойногон шаркыратманын сүрөттөрүн таптым”. Интернеттен тапкан Хандвага кыска убакытта эле жетип барат. Үйүнө барчу жолун станцияда туруп алып, беш жашында мээсинде калган элестер менен табат. Акыры ал Ганеш Талай аттуу райондогу өз үйүн таап барат.

Бирок ал үйүнө жеткенде кара кулпу илинип турганын көрөт. Саруу коңшу-колоңго өзүнүн кичине кезиндеги сүрөтүн көрсөтүп, бул үйдө ким жашаганын, азыр кайда экенин сурайт. Коңшулар Сарууга үй-бүлөсү көчүп кеткенин кабарлашат. Бирок бир нече кишиден сурап отуруп акыры бирөөсү “Азыр мени ээрчи, сени апаңа алып барам”, - дейт.

"Эмне кыларымды билбей калдым. Эсим эңгиреп туруп калыпмын. Уккан кулагыма ишенбедим”.

Image caption 1986-жылы жоголуп кеткен бала апасын Google-дүйнө картасын колдонуп, 25 жылдан кийин тапты.

Сарууну жакын арада жашаган энесинин жанына алып барганда ал аны дароо эле тааный койбоду: “Акыркы ирээт мен көргөндө апам 34 жашта болчу. Жылдар ага терс таасир тийгизет деп ойлобопмун. Бирок бет түзүлүшү өзгөрбөптөр. Аны таанып апам экенин айттым. Колумду кыса кармап, үйүнө алып кирди. Оозунан сөзү түшүп, үндөбөй калды. Мен да ошондой абалда элем. 25 жыл бою жоголгон уулу көрүмчүдөй кайтып келгенине ишене албай турду”, - дейт.

Саруунун апасы аны өлдү деп ойлоп жүргөн. Бирок жергиликтүү төлгөчүлөрдүн бири уулуң тирүү кайтып келет дегенинен узак убакыттан бери күтүп жүргөн.

Бирок, Сарууну ээрчитип жүргөн агасынын тагдыры аянычтуу болуп чыкты. Бөбөгү жоголуп кеткенден бир ай өтпөй анын экиге бөлүнгөн жансыз денеси темир жолдон табылат. Ал мындай кырсыкка кантип кабылганы апасы үчүн табышмак бойдон калды.

Төрт жыл бою Саруу Браерли өз энесин кайра көрүү каалоосу менен жашаган. Азыр анын бул тилеги ишке ашты. Жаңы эле тапкан “эски” үй-бүлөсү менен азыр абдан жакын. “Ийнимден оор жүк түшкөндөй эле болду. Тынч уктап калдым”, - деди Саруу Би-Би-Си дүйнөлүк кызматына.

Ал эми киночулар менен жазуучулар анын бул окуясын сүрөттөөгө ашыга башташты.