Карнеги Холлду багынткан алгачкы кыргыз

Азамат дүйнөлүк классикалык музыка сүйүүчүлөрдүн алдында буга чейин дагы ойноп келген. Бирок буга чейин бир дагы кыргызстандык музыкант айтылуу Карнеги Холлду багынткан эмес Сүрөттүн автордук укугу azamat sydykov
Image caption Азамат дүйнөлүк классикалык музыка сүйүүчүлөрдүн алдында буга чейин дагы ойноп келген. Бирок буга чейин бир дагы кыргызстандык музыкант айтылуу Карнеги Холлду багынткан эмес

Нью-Йорктогу айтылуу Карнеги Холлдо өтө турган кыргызстандык музыкант Азамат Сыдыковдун концертине билеттер сатыла баштады. Бул Азамат Сыдыковдун чыгармачылыгындагы эле эмес, кыргыз классикалык музыка тарыхындагы маанилүү окуя.

Азамат дүйнөлүк классикалык музыка сүйүүчүлөрдүн алдында буга чейин дагы ойноп келген. Бирок биринчи жолу айтылуу Карнеги Холлдо концерт бергени турат.

-Бул менин көп жылдан берки түйшүктүү аракетимдин алгачкы чоң жыйынтыгы десем болот. Мен алгач Кыргызстандын музыкалык мектептеринен сабак алып, кийин Москванын борбордук музыка мектебинде, анан П. Чайковский атындагы Москва консерваториясында окудум.

Пианист ушул тапта музыкалык билимин АКШда улантууда. Ал азыр Нью-Йорктогу музыкалык колледждин аспиранты.

Ал Кыргызстандын, Россиянын жана Батыш музыкалык билим берүү деңгээлин, аудиториясын салыштырып, ар биринин өзүнө таандык өзгөчөлүгүн белгилейт.

“Албетте, азыр постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда бандиттик “баалуулуктар” алдыга чыгып, турмуштук түйшүктөрдөн улам эл маданияттан четтеп кетти. Бирок азыр дагы бизде көптөгөн таланттар бар, дагы да болсо музыкалык мектептер иштеп жатат. Албетте бул тармак эптеп эле жашап жатат ушу тапта, аларга колдоо көрсөткөнгө өкмөттүн чамасы чынында эле келбейт. Демек алды менен коомдун маданиятка болгон мамилеси өзгөрүш керек”, - дейт музыкант.

Бир кылымдан ашык тарыхы бар бул концерттик залда Чайковский баштаган атактуу композиторлор ойноп, Рихард Штраус, Сергей Рахманинов, Чарлз Айвздын симфониялары жаңырып, канчалаган дүйнөлүк премьералар өткөн.

Азамат Сыдыков өзүнүн жеке концерттик программасында Сергей Рахманинов жана Ференц Листин чыгармаларын аткармакчы.