ФИФАнын мурунку расмийи Катардан акча алганбы?

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption 2022-жылы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат Катарда өтөт.

Шейшембинин негизги спорт жаңылыктары

ФИФА

Британдык “Дейли Телеграф” гезити Катардын мурунку футбол расмийи ээлик кылган компания ФИФАнын мурунку өкүлүнө ири суммада акча төлөгөнүн ырастаган документти көргөнүн билдирди.

Гезит жазгандай, ФИФАнын мурунку вице-президенти Жак Уорнерге ФИФАга Катардын атынан мүчө болгон Мухаммед Бин Хаммамдын компаниясы эки миллион доллар төлөгөн. Уюштуруучулар Катарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү укугун алуу ФИФАнын бардык эрежелерин сактоо менен жасалган, ал эми жеке инсандар ортосундагы бизнестер тууралуу маалыматыбыз жок деп билдирди. 2022-жылы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат Катарда өтөт.

Футбол

Чемпиондор лигасынын экинчи таймашында “Челси” бүгүн "Галатасарай" менен ойноп, өзүнүн мурунку чабуулчусу Дидиер Дрогба менен бет келет. Дрогба “Челсиден” 2012-жылы кеткен. Аны “Чэлсинин” тренери Жозе Мориньо эң мыкты чабуулчулардын бири деп баалайт. Эгер “Челси” утса Чемпиондор лигасынын чейрек финалына чыккан биринчи англис командасы болот. Бүгүн “Реал Мадрид” менен “Шалка” дагы беттешет.

Формула-1

“Формула-1” жарышынын Австралиядагы гранприсинде тынчыраак машинелер чыкканы айрымдарга жаккан жок. Күйөрмандар менен уюштуруучулар былтыркы В-8 менен быйылкы В-6 моторундагы добуштун айырмасын байкаган. Добуш азайганы бул спорттун жагымдуулугун азайтат деген кооптонуулар айтылды. “Формула-1дин” ээси Берни Эклестон маселени карайм деди.