«Шоро» компаниясы ачык сатыкка чыкты

Кыргызстандык белгилүү бренд «Шоро» компаниясынын 33,3% акциясы ачык сатыкка чыкты. Үй-бүлөлүк бизнестеги үлүштү бир туугандардын бири Жумадыл Эгембердиев сатууда. Бул акцияларды каалоочулар тобу менен, болбосо бөлүп-бөлүп сатып алса болот. “Шоро” компаниясы Кыргызстандагы ири салык төлөөчүлөрдүн бири. Ал улуттук суусундуктарды чыгарган белгилүү бренд.

“Шоро” компаниясынын сатыка коюлган 4795 акцияларынын бири $1754 бааланып, 33,3 пайыздык үлүштүн жалпы баасы $8 млн 410 миң 430 бааланып жатат. Бул рыноктогу суроо-талаптын негизинде саналып чыккан баа болду дейт "Сенти" финансалык компаниясынын директору Нелли Симонова

"Алгач компания сунуштаган баа мындан дагы кымбат болчу. Бирок биз рынокто анализдеп өз бааларыбызды берген соң, компания ушул баага макул болду. Азырынча сатып алуу ниетин эч ким билдире элек. Бир катар компаниялар “Шоронун” ички финансалык абалына кызыгып жатышат",-деди Нелли Симонова.

Жер тилкелери, жабдуу, имараттары болуп "Шоронун" негизги каражаты 2013-жылдын соңу менен 207 млн 83 миң сомго бааланган. Ал эми компаниянын өткөн жылы тапкан кирешеси мурдагы 2012-жылга салыштырмалуу 5 млн сомго азайып, 290 млн. 639 миң сомду түзгөн. Деги эле 2012-жыл “Шоро” үчүн ийгиликтүү жыл болгон. Анда компания 2011-жылга салыштырмалуу бир жарым эсе көбүрөөк киреше таап, 46 млн 494 миң сом таза пайда көргөн.

Өткөн жылы болсо компаниянын таза пайдасы кыйла кыскарып, 22 млн 320 сомду түзгөн. Жалпысынан финансисттер муну туруктуу өнүгүп келе жаткан компания катары сыпатташат. Мындай туруктуу үй-бүлөлүк бизнестен четтөөсүнө эмне себеп болгонун кичүү Эгембердиев түшүндүрүүдөн азырынча карманууда. Ал эми компаниянын негизги акционери болуп калган Табылды Эгембердиев бизнесте орун алмшуулар боло берет деп түшүндүрдү.

Үй-бүлөлүк бизнес

Жумадыл Эгембердиев өз акцияларынын 14,2 пайызын агасы Табылды Эгембердиевке сатып, ошондой эле дагы 33% акцияларын фондулук биржага чыгарды. Компаниядагы чакан үлүшкө ээ болуп келген Эгембердиева Анархан дагы 5 пайыздык акцияларын Табылды Эгембердиевке саткан. Ал эми Табылды Эгембердиев өз акцияларынын 19,2 пайызын Келдибек Тумановко сатканы компания тараткан расмий билдирүүдө жазылат. Табылды Эгембердиев сатып алуу жана сатуулардан кийин акциялардын 47,5 пайызына ээлик кылып, “Шоро” компаниясынын ири акционери катары калууда.

Image caption Табылды Эгембердиев “Шоро” компаниясынын ири акционери катары калууда.

Ал эми Табылды Эгембердиевке таандык болгон акциялардын дээрлик 20 пайызга чукулун сатып алган Келдибек Туманов экинчи акционер болуп калды. Келдибек Туманов Жалал-Абад облусундагы “Келечек” АККнын президенти. Бул акционердик коомго бир катар ишканалар кирет жана алардын бири минералдык суу жана кондитердик азыктарды чыгарат. Айтмакчы, “Шоронун” жаңы акционеринин бир туугандарынын бири Токтогул Туманов Социал-демократтар фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, экинчиси Кубанычбек Туманов “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты. Кыргыздардын улуттук суусундуктарын чыгарган “Шоро” Кыргызстандагы белгилүү бренддердин бири. Бул компанияны бир туугандар Табылды жана Жумадыл Эгембердиевдер негиздеген.

Кыргыз рыногунда 22 жылдан бери иштеп келе жаткан бул компаниянын активдери ага-инилердин ортосунда теңме-тең бөлүнүп, ошондой эле беш пайыз дагы бир тууганына таандык болуп келген. Тактап айтканда, компаниянын акцияларын башкаруучу пакетине эч ким ээлик кылган эмес. Эми бул компанияга ээлик кылуудан үй-бүлө мүчөлөрүнүн экөө четтеп, улуу Эгембердиев гана калууда.

Your contact details
Disclaimer