Надалдын күтүүсүз жеңилиши

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Испаниялык теннисчи - Рафаэль Надаль.

Күндүн негизги спорт жаңылыктары менен таанышып алыңыз.

Теннис

Дүйнөдөгү 12-ракетка саналган француз Жо-Уилфрид Цонга травма алып, ушул айда өтө турган Австралия ачык чемпионатына катышпай турган болду. Андан тышкары Рафаэль Надаль дагы мыкты даярдыкта эмес окшойт. Ал Катардын ачык мелдешинде германиялык Майкл Беррерден утулуп калды. Надалды жеңип алган Беррер дүйнөлүк теннис рейтингинде 127-орунда турат.

Футбол

Футболдо “Ливерпулдун” капитаны Стивен Жерард “эгерде клуб өткөн жайда келишим сунуш кылса, кетпейт болчумун” деп билдирди. Ага ноябрь айында жаңы келишим сунуш кылынган. Бирок Жерард “Ливерпулдагы” 25 жылдык ишмердигин токтотуп, америкалык “LA Galaxy” тобуна өтүүгө камынууда.

Бокс

Бокс боюнча оор салмактагы мурунку дүйнөлүк чемпион Мухаммед Али дарылануу курсунан кийин бейтапканадан чыкты. 72 жаштагы Али Паркинсон илдетинен жабыркап келет. Ал үч апта мурун пневмонияга кабылды деп ооруканага жаткырылган болчу.