Лондондун “Глобус” театры Бишкекте

Бишкекке чейин “Гамлет” Түркия, Тажикстан жана Өзбекстанда коюлду. Сүрөттүн автордук укугу UK Embassy in Tajikistan Shohrat Sharifov
Image caption Бишкекке чейин “Гамлет” Түркия, Тажикстан жана Өзбекстанда коюлду.

7-ноябрда Лондондун белгилүү “Глобус” театры Бишкектеги Т.Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында “Гамлет” спектаклин койду.

Британиялык труппа Бишкектеги көрүүчүлөргө адаттан тыш Гамлетти тартуулады. Оюнда салттуу кийимдер, декорациялар болгон жок. Ар бир актер эки-үчтөн роль аткарышты.

"Лондондон келген артисттер бизге заманбап Гамлетти көрсөтүштү. Бирок ошол эле учурда Шекспирдин "өл же кал" (to be or not to be) деген турмуштук философиясын таамай жеткиришти", - дейт көрүүчүлөрдүн бири 25 жаштардагы Бакыт.

"Гамлетти көрүүгө өкмөт башчы Темир Сариев, министрлер кабинети, чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр жана социалдык тармактардан билет утуп алгандар келишти. Кыргыз драма театрына эл көптөн бери биринчи жолу батпай турду", - деп айтты оюнду көргөн Би-Би-Си кабарчысы.

Image caption “Гамлетти” Бутан, Непал, Түштүк Корея, Япония сыяктуу өлкөлөрдөн баштап, Сомали, Судан, Афганстан сыяктуу өлкөлөргө чейин кызыгып көрүштү дешет уюштуруучулар.

Бул иш-чара Кыргызстандын маданий турмушундагы жылдын окуясы катары сыпатталууда. Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева: “Глобустун” Бишкекке келишин өзгөчө маданий окуя” деп мүнөздөдү.

Кыргызстандагы Улуу Британия элчилиги маалымдагандай, “Глобустун” Бишкек гастролу дүйнөлүк турдун алкагында уюштурулган.

“Глобус” мындан бир жыл мурда – 2014-жылдын 23-апрелинде Шекспирдин туулган күнүнүн 450 жылдыгына карата дүйнөлүк тур баштаган. Эки жылга созулуучу бул өнөктүктү ЮНЕСКО колдоого алып, дээрлик ар бир өлкөнү кыдырып чыгуу пландалган.

Бишкекке чейин “Гамлет” Түркия, Тажикстан жана Өзбекстанда коюлду.

“Глобустун” дүйнөлүк турунун картасын бул жерден табууга болот.

Буга чейин “Глобус” 143 өлкөнү кыдырып, 100 миңден ашуун көрүүчүгө Шекспирдин чыгармаларын эне тилинде тартуулап берди.

“Гамлетти” Бутан, Непал, Түштүк Корея, Япония сыяктуу өлкөлөрдөн баштап, Сомали, Судан сыяктуу өлкөлөргө чейин кызыгып көрүштү дешет уюштуруучулар.

“Гамлет” биринчи жолу жазылгандан сегиз жыл өткөндөн кийин 1608-жылы Йемендин жээгинде “Кызыл ажыдаар” аттуу кеменин үстүндө коюлган.

Сүрөттүн автордук укугу bbc
Image caption Темзанын боюндагы “Глобус” театрын британиялыктар Шекспирдин театры деп коюшат. Ал 1599-жылы өрттөнүп кетип, он төрт жылдан кийин кайрадан өзүнүн баштапкы чиймеси боюнча курулган.

Шекспирдин бул чыгармасы бат эле бир катар өлкөлөрдө таанылып, он жылдын ичинде бүткүл Түндүк Европада сахнага чыгарылган.

Темзанын боюндагы “Глобус” театрын британиялыктар Шекспирдин театры деп коюшат.

Ал 1599-жылы өрттөнүп кетип, он төрт жылдан кийин кайрадан өзүнүн баштапкы чиймеси боюнча курулган.