Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Кыргыз адабияты Лондондо

Лондондо Ачык Азия коомунун адабий фестивалы жыйынтыкталды. Ачык Азия коому отуздан ашуун орто азиялык жазуучулардын алтымышка жакын чыгармасын англис тилине которгон. Быйыл кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовдун "Архат" чыгармасы англис тилинде чыгып, фестивалда анын эскерүү кечеси өттү.

Эл жазуучусу Султан Раевдин "Жанжаза" романы да Лондондо орус тилинде жарык көрдү.

Кыргыз адабияты үчүн бул фестивалдын мааниси кандай?