Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Азиянын мыкты күрөшчүсү атыккан алгачкы кыргыз кызы

Таиланддын Бангкок шаарында өткөн 2016-жылкы Азия чемпионатында кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова алтын медал утуп алды.

Айсулуу 58 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, Корея, Индия, Монголия жана Казакстандын балбандарын кулатты.

Ошентип ал аялдар күрөшү боюнча Азиялык чемпион наамына ээ болгон биринчи кыргызстандык айым болду.

Балбан айым менен кабарчыбыз Руфат Эргешов жолугуп келди.