Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Классикалык музыка: Клод Дебюссинин чыгармачылыгы

Жагымдуу кеч, жакын адамдар жана музыка угуу ар бирибиздин көңүлүбүздү куштарлантат эмеспи. Ар аптанын жума күндөрү обого чыгып келген “Классикалык музыка” түрмөгүнө кезек беребиз. Микрофондо продюсер Гүлнара Касмамбетова менен Лондондогу музыка адиси Айнура Дурусалиева.

Импрессионизм жанрынын көрүнүктүү өкүлү, композитор сынчы Клод Дебюсси студент жылдарынан тарта эле музыка ааламында өзүнө гана таандык, өзгөчө стилди издөөгө аракет кылган.