Шаханов: акын-жазуучулар чындыкты айтышыбыз керек

Мухтар Шаханов Сүрөттүн автордук укугу social media

Атактуу казак акыны Мухтар Шаханов 2013-жылы Би-Бисиге маек куруп, замандашы, жакын пикирлеши залкар жазуучу Чынгыз Айтматовду эскерип, ошондой эле өзүнүн чыгармачылыгы, көз караштары менен ой бөлүшкөн эле.

Мухтар Шаханов:Жетимишинчи жылдардын аягында мен "12-3=?" деген поэма жазган элем. Ал кезде бүткүл Советтер союзун башкарган бүт эле карыя кишилер эле. Арвид Пельше, Константин Черненко, Михаил Суслов, Алексей Косыгин сыяктуу жашы улгайган жетекчи кызматтагы сексенге жакын карыялар болор эле. Ошолордун жасаган аракеттерин "12-3=?" поэмасы аркылуу кыйыр сындаган жайым бар. Ал поэманы орус тилине орустун улуу акыны Евгений Евтушенко которуп, баш сөздү жазган Чыңгыз Айтматов болгон. Ал поэманы "Огонек" журналынын баш редактору КПССтин (Советтер союзунун коммунистик партиясы) идеологиялык катчысы Сусловго алып барып берген экен. Суслов бууркан-шаркан болуп ачууланып, "Мухтар Шахановду кара тизмеге киргизгиле" деп тапшырма бериптир. Сусловдун ал мезгилде, "Айтматов чоң жазуучу болуп туруп Шахановдой кишини эмнеге колдойт" деп ирээнжиген да жайы бар. Баарынын эсинде болсо керек, 1986-жылы Казакстанда "Желтоксон" көтөрүлүшү болду. Ал көтөрүлүштө жазууга, сүйлөөгө катуу тыюу салынган болсо да, мен Москванын Кремлинде өткөн жыйында Арал деңизи тууралуу сөз айтамын деп Горбачевду алдап, үч мүнөт сөз алып туруп "Желтоксан" окуясы жөнүндө кеп салгам. Ошондо "бомба жарылгандай" эле болду. Баары таң калып, уу-дуу эле түшүп калды. Ошондой мезгилде да мени колдогон Чынгыз Айтматов болгон. Көп жылдар аны менен бирге жүрүп, ал киши көз жумгандан кийин өзүмдү жалгыз сезип жүрөм.

Би-Би-Си: Кайра куруу мезгилинен кийинки Кыргызстандын саясий окуяларын, соңку саясый абал туралуу Чынгыз Айтматов кандай көз-карашта карап, талдоого алчу эле? Сизге өлкөсүндө болуп жаткан саясий окуялар тууралуу айтчу беле?

Мухтар Шаханов: Ал киши колунан келишинче бир топ маселерге жардам берип жүрдү. Баардык иште экөөбүз акылдашып турдук. Мага Чынгыз Айтматов көп маселелерди айтчу эле.

Би-Би-Си: "Желтоксон" окуясын эскерип өттүңүз. Азыр Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде, андан тышкары бул мамлекеттердин бири-бири менен болгон алакасында бир топ саясый татаал жагдайлар бар. Бүгүнкү интеллегенция ошого үн кошкондой болуп жатабы?

Сүрөттүн автордук укугу social media

Мухтар Шаханов: Азыр Казакстанда жагдай башкача. Казактардын көпчүлүгү "туфли жалагычка" айланып кетти. Алар бийликти гана макташат. Мына ошолорго байланыштуу мен жакында "Правдоформула и восхождение на Эверест любви" деген китеп жаздым. Ал китепте азыркы учурдагы көйгөйлөрдүн баарын чагылдыргам. Андан тышкары жакынды эле жаңы концепция чыгаргам. Ага ылайык эгер кимде-ким чындыгын жоготуп алса, кимдир бирөө сөзү менен кишинин ортосуна келишпестик салса, сөзү башка, иши башка болсо, улуттук мүдөөгө тамыр жибере албаса, алардын баары өз калкынын толук кандуу перзенти эмес. Андайлар өзүнүн кара курсагын эле ойлогон байкуш деп айтмакмын. Ал азыр Казакстанда кызуу талкууга алынууда.

Би-Би-Си: Эми буга бийликтин көз-карашы кандай болуп жатат?

Мухтар Шаханов: Арийне, бийлик буга жакшы көз-карашта эмес. Анткени азыр бизде президент Нурсултан Назарбаевдин жеке керт башына сыйынуу күчөп кеткен. Жогоруда атап өткөн китебимде Назарбаевдин портрети ар бир 200-300 метр жүргөн сайын эки-үч кабат үйдүн бийиктигиндей болуп илинип турганын сындап жаздым, ачык эле сындадым. Нурсултан Назарбаев менин китебимди окугандан кийин Казакстандын булуң-бурчунда илинип турган сүрөттөрүн алдырып салыптыр.

Би-Би-Си: Сиз айтып жаткан жеке адамдын керт башына сыйынуу бир гана Казакстанга тиешелүү эмес да, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө деле байкалса керек. Демек, бул жалпы тенденцияга карата сиздин көз-карашпы?

МухтарШаханов: Кезинде Чынгыз Айтматов экөөбүз Түркмөнбашыны сындаганбыз. Түркмөнбашы ошол кезде өзүнө үч миң эстелик койдурган экен. Ошол нерсени катуу сындаган жайыбыз бар. Андан кийин Түркманбашы "Айтматов менен Шахановду Түркмөнстанга киргизбөө" тууралуу чечим чыгарган экен. Бул тууралуу Чынгыз Айтматов "Түркмөнстанга баралы деген оюбуз да жок болчу" деп айткан. Кызык окуяны айтып берейин, Түркмөнстанда Жутуев деген акын бар экен. Ал "Түркмөнбашы- Кудай, себеби Кудай Таалам түркмөн калкына жалгыз Түркмөнбашчысынын көзү, жүзү аркылуу гана карайт" дептир. Ал сөздөр Түркмөнстандын дээрлик бардык жерде илинип, бардык гезиттерге анын сөзү басылыптыр. Ошондой жагалданууну колдонгон казак акындары да бар. Казак калкы өтө таланттуу калк, таланты жагынан түркмөн калкынан да ашып кетет. Бизде ошол Жутуевди жарты журтта калтырып кете турган "туфли жалагыч таланттар" бар. Жетекчилерибизди Кудайга теңегендер андан да көп. Маселен, Фариза Онгарсынова деген акын кызыбыз жетекчини Мухаммед пайгамбарга теңептир. Шерхан Муртаза деген жазуучу президентти Нух пайгамбарга теңептир. Андан башка күнгө, айга теңегендердин баарын ушул чыгармамда ачык сынга алгам. Биз акын, жазуучулар дайыма чындыкты гана айтышыбыз керек. Мен ааламды араласам да эч жерде мындай бир адамдын жеке керт башына сыйынуучулукту көргөн жокмун.

Би-Би-Си: Бүгүнкү интеллигенция калыс сөзүн канчалык деңгээлде билдирип жатат деп айтууга болот?

Мухтар Шаханов: Азыр Казакстан жазуучуларынын аябай көп мүчөсү бар экен. Анын ичинен жетөө гана, ашып кетсе ону гана биз менен элдин улуттук мүдөөсү үчүн күрөшүүдө. Калгандары тилди сакташыбыз керек, руханий баалуулуктарды коргошубуз керек деп китебинде жазышканы менен, алардын сөзү менен иши бири-бирине төп келишпейт. Андайларды катардагы эле пенделердин бири катары билем. Учурда ошондой болгон чындыгын жоготкон адамдар өтө эле көбөйүп кетти.

Тектеш темалар