Жапайы жаратылыштагы күлкү жараткан сүрөттөр

«Жапайы жаратылыштагы күлкүлүү сүрөттөр» (The Comedy Wildlife 2017 competition) конкурсунун калыстары жеңүүчүлөрдүн эмгектерин атады. Биринчи сыйлыкты фотограф Тибор Керч үкүнүн сүрөтү үчүн алды. Жалпысы болуп конкурска 3500ге чукул сүрөт келип түшкөн.

Сүрөттүн автордук укугу Tibor Kercz / Barcroft Images
Image caption Ийкемдүүлүк жана баланс. Үкүлөрдүн бири тең салмактуулугун жоготуп, бутактан кулап баратат. Венгер фотографы Тибор Керч ушул көз ирмемди кармап калган. Үкүнүн эптеп тырмышып туруп, мурдагы абалында турууга жасаган аракети. Бул сүрөт сынактын жеңип алды.
Сүрөттүн автордук укугу Andrea Zampatti / Barcroft Images
Image caption Кемирүүчүлөр дагы сулуулукка суктанганды билет. Фотограф Андреа Зампаттинин сүрөтү «Жерде» деген категория боюнча мыкты деп табылды.
Сүрөттүн автордук укугу Troy Mayne / Bancroft images
Image caption Балыктар дагы кээде жаакка жейт. Деңиз таш бакасы бул балыкты бетке чапты. Троя Мейнанын сүрөтү. «Суу алдында» деген номинациясын жеңип алды.
Сүрөттүн автордук укугу John Threlfall
Image caption Учак сыяктуу канаттуулар. Фотограф Жон Трилфоллдун эмгеги «Абада» деген номинацияны утуп алды.
Сүрөттүн автордук укугу Daisy Gilardini
Image caption Бул мамалак энесинин артынан түшпөй жүрүп абдан татаал маршруттарды жаттап бүткөн. Сүрөтчү Дейзи Джилардини, Канада.
Сүрөттүн автордук укугу Penny Palmer
Image caption Дене көнүгүүлөрдү атүгүл кемчеттер да аткарышат. Пенни Палмер, АКШ, Калифорния.
Сүрөттүн автордук укугу Carl Henry
Image caption Адамдын эч нерсеси пингвиндерге жат эмес. Карла Генринин сүрөтү, Атлантикадагы Түштүк Георгия аралы.
Сүрөттүн автордук укугу Olivier Colle
Image caption Абдан ачка болгонуп тамактанып жатканда, кайдан-жайдан бир сүрөтчү пайда болуп калды. Оливера Колленин сүрөтү, Бельгия.
Сүрөттүн автордук укугу Katy Laveck-Foster
Image caption Даярсыңарбы?! Кеттик анда! Бул эки маймыл чындап эле мотоциклди айдаганы жаткандай туюлат. Кети Лавек-Фостер бул сүрөттү Индонезияда тарткан.
Сүрөттүн автордук укугу Jean-Jacques Alcalay
Image caption Бул антилопа гну өзүнүн досторунун үстүндө басып жүрөт. Жан-Жак Алкалей бул сүрөттү Кенияда тартып алган.
Сүрөттүн автордук укугу George Cathcart
Image caption Нерпа мынчалык эмнеге таң калды болду экен. Жордж Каткартанын сүрөтү.
Сүрөттүн автордук укугу Douglas Croft
Image caption Гольф үчүн курулган бул жашыл талааны түлкү ушунтип баалады. Калифорниядагы Сан-Хоседе. Сүрөттүн автору Дуглас Крофт.
Сүрөттүн автордук укугу Daniel Trim
Image caption Бул бакалар эмне тууралуу ырдап жатты болду экен. Алардын Таиланддагы концертине Дэниэл Трим күбө болгон.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар