“ИМ” тобунун мурунку мүчөлөрү Европаны көздөй качууда
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

“ИМ” тобунун мурунку мүчөлөрү Европаны көздөй качууда

Өздөрүн “Ислам мамлекети” атаган эстремисттик, террордук топ барган сайын Сирия менен Ирактын аймагындагы ээлеп алган жерлеринен айрылып, улам чегинүүдө. Алсыраган террордук уюмдун жактоочулары Сириядан Европа өлкөлөрүн көздөй качууда.

"Эркин сириялык армиянын" аскерлери чек арадан согушкерлерди кармоого аракет кылып жатат. Бирок, ушул эле багыттар менен согуштан качкан жайкын тургундар дагы өтүп жаткандыктан, согушкерлерди кармоо иши татаалдыктарга туштукту. Соңку төрт айдын ичинде чек арачылар "ИМ" тобунун миңге чукул тарапташтарын кармады. Ага карабай экстремисттик уюмдун көптөгөн согушкерлери эркиндикте калып, эптеп качып кетүү айласын издеп жатат. Алардын канчасы Европага өтүп кеткенин так айтуу кыйын.

Түркиянын полициясы тынымсыз рейддерди өткөрүп, террорчулар жашырынып алышы мүмкүн болгон үйлөрдү текшерүүгө алат. Бирок, полиция келгенге чейин шектүүлөрдүн болжолу 20 пайызы качып кетүүгө үлгүрөт деген маалыматтар бар. (AbA)