Шамалдай ылдам тайгандар
Шамалдай ылдам тайгандар
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы тайган жарышта Бириккен Араб Эмираттарынын атынан чыккан “Тезаб” деген каймана аты бар тайган биринчи орунду алып, 50 миң сом байге менен сыйланды.
Кыргыз тайганы Кылжейрен экинчи орунда келген. Үчүнчү болуп, орусиялыктардын атынан жарышка чыккан тайган келди.
Тайгандар 350 метр арылыкка чуркашты. Атайын жасалган түлкүнүн жана коендун терисин сүйрөткөн чабандес, ат менен катуу чаап сүйрөтүп кетип, артынан күлүк тайгандарды чуркатышты.