АКШ көк бөрүдөн мыкты команда болууга умтулат
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

АКШ көк бөрүдөн мыкты команда болууга умтулат

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында АКШнын көк бөрү командасы жарым финалга өтпөгөнү менен мыкты оюн көрсөтүп, күйөрмандардын колдоосун алды.

Би-Би-Си редактору Гүлнара Касмамбетова АКШнын көк бөрү командасынын машыктыруучусу Кандра Дэйди кепке тартып, эмнеге кыргыз көк бөрү оюнуна кызыгып калганын сурады.