Токиодо кыргыз желегин Кубанычбекова Каныкей менен Денис Петрашов көтөрүп чыгат

Токиодо кыргыз желегин Кубанычбекова Каныкей менен Денис Петрашов көтөрүп чыгат

Токиодо бүгүн жайкы олимпиадалык оюндардын ачылышы салтанатында Кыргызстандын желегин Каныкей Кубанычбекова менен Денис Петрашов көтөрүп чыгат. Бул жөнүндө бүгүн Токиодон Олимпиада айылынан Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт комитетинин башкармалыгынын башчысы Марат Аскарбеков билдирди.