Планета качан бейишке айланат?

Жер жүзүндөгү жашоочулардын саны артууда Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service
Image caption Жер жүзүндөгү жашоочулардын саны артууда

Жер жүзүндөгү калктын санын көзөмөлгө алуу бүгүнкү күндүн негизги талаптарынан болууга тийиш. 2043-жылга чейин жердеги адамдардын саны 9 миллиарддан ашмакчы. Бул сан БУУнун мурдатан божомолунан алда канча көп.

Жердеги жашоочулардын саны 10 миллиардга жеткенде дүйнөгө коркунуч жаралмакчы. Көбөйүүнүн азыркы тенденциясы бул санга жетүүгө мүмкүн экенин көрсөтүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдө төрөлүү саны кескин азайганы менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө тескерисинче көбөйүүдө.

Бул багытта плансыз кош бойлуу болуп калуу жана аялдардын төрөө же төрөбөөгө болгон эркин чечимин көзөмөлдөө зарыл.

Ашыкча чыгымды ооздуктоо

Калктын саны көбөйүп, ошол эле мезгилде ар бир адамдын керектөөсү, чыгымдары да артууда. Бул чыгымдарды ооздуктабаса жыйынтыгы абдан эле коркунучтуу болот. Өнүккөн өлкөлөр өз атуулдарынын ашыкча чыгымдарын тыйып, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү атуулдардын керектөөлөрү да камсыз болмоюнча дүйнөнү башаламандык күтүп турат.

Азыркы тапта өнүккөн өлкөлөр бул багытта эч кандай чараларды көрбөй жатат. Тескерисинче жердин эң бай тургундарынын чыгымдары менен жакырларынын керектөөлөрүнүн ортосундагы ажырым асман менен жердей.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Адамзаттын жашоосу келечекте кандай болот?

Бул абдан кооптуу тендеция. Бай өлкөлөрдүн тургундары керектөөлөрдү жана чыгымдарды чектөө жана каражатты туура пайдалануу менен башкаларга да көмөк көрсөтүп үлгү болууга милдеттүү.

Азык-түлүктү коротууда жердин бай тургундары менен жакырларынын ортосундагы айырмачылыкты жоготуп, тең салмактуулукту сакташ керек. Ошондой эле глобалдык экосистемага өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. Бул маселени да азырынча эч ким тийиштүү даражада козгой элек.

Адам жаратылышка каршы чыгып

Азыркы тапта адамзатынын жердеги жашоого болгон көз карашы өзгөчө кооптонууну жаратууда. Биз, адамдар, бүтүндөй биологиялык түрлөрдү, экологиялык системаларды жок кылуудабыз.

Айлана-чөйрөнү коргоого багытталган азыркы ишмердүүлүктөн эч кандай натыйжа чыкпай жатат. Кандайдыр бир максаттуу иш алып барбай, ошентсе да таза суу жана глобалдык жылуулукка каршы ар кыл программаларды түзүп жатабыз.

Мунун баары жакшы, бирок биологиялык түрлөрдү сактап калуу да өзгөчө мааниге ээ. Айбанаттар менен өсүмдүктөрдү коргоочу коруктар жана заповедниктер көп санда курулушу керек. Бул багытта жүргүзүл жаткан азыркы иш чаралар чоң океандын тамчысындай эле.

Image caption Жер жүзүндөгү бай тургундар жашоо-турмушу оорлогон калктын катмарына жардам көрсөтөбү?

Азыртадан адамдардан толугу менен корголгон биологиялык аймактар курулуп, экосистемалардын жандануусу, биологиялык түрлөрдүн калыптануусун шартташыбыз керек.

Мындай чаралар ишке ашса XXI кылымдын соңуна чейин планетабыз ар бир адам керектөөлөрүн потенциалдуу камсыз кылып, эң жакшы шартта жашай ала турган бейишке айланат. Эгер ишке ашпаса анда жер жүзүндө жашоо абдан кыйын сыноо болуп калат.

Макаланын автору профессор Эдвард Уилсон - биолог, илимпоз. Пулитцер сыйлыгынын эки жолку ээси. Гарвард университетинин кызматкери. Гарвард салыштырмалуу биология музейинде да иштейт.