Тажикстандын Хорогунда ким англисче сүйлөйт?

Брук Боландер
Image caption Брук Боландер

Хорогдон Достоевскийдин чыгармаларын англис тилинде окугандарды да, ошондой эле англисче бир сөздү айта албагандарды да жолуктурасыз. Памир тоолорунда, деӊиз деӊгээлинен 2 миӊ метр бийиктикте жайгашкан Хорог шаарын 30 миӊ чамалуу киши байырлап, алардын көбү жергиликтүү Шагни тилинде сүйлөшөт. Мындан тышкары аймактагы эл көп билген тилдер мурда расмий болгон тажик жана орус тили. Тажик тили боюнча президент Эмомали Рахмондун 2009-жылы кабыл алган «Тажикстандын мамлекеттик тилине» байланыштуу мыйзамынан кийин орус тилинин таасири расмий макамдуу жерлерде солгундай баштаган.

Хорогдо англис тилинин колдонулушун изилдеп өткөргөн бир айдын ичинде бул шаардагы элдин ар кайсы тилди колдонуудагы өзгөчөлүктөрү канчалык тез өзгөрүп турарын бат эле көрө алдым. Элдин көпчүлүгү шагни тилинде баарлашканды жактырышса, эне тили башка болгондор үчүн да тоскоолдуктар болбой койбойт экен. Маселен буга Мургабдагы кыргыз тилдүү калкты айтса болот. Тажик менен орус тилдерине карата мамиле да татаалдашкан. Жергиликтүү памирликтер менен баарлашканда мына ушул ар башка өзгөчөлүктөгү мамилени байкаса болот: көптөр тажик тилин үйрөнүүдөн кыйынчылык тартышып, орусча сүйлөшөт, бирок ошол эле коомчулуктун көпчүлүгү тажик тилинин улуттук статусун баса белгилешип, мындай жагдай мектеп жана медиада расмий түрдө сакталышы керек деген ишенимде. Мен болсо Хорогдо жашаган тажик улутундагылар менен пикир алыша албадым, ошентсе да алар орус тилине караганда тажикчени артык көргөндөй байкалат.

Анда англис тили бул жакка кандайча батат? Жалпысынан англис тилинде сүйлөөнү Кансыз согуш учурундагы душмандын тили катары кабылдоодон алыстаган. Бул тилдин өзгөчөлүгү дүйнөнүн 25 өлкөсүндө 10дон 50 миллионго чейин адамдар, анын ичинде борбор шаары Хорог болгон Тоолуу Бадахшандын көпчүлүгү туу туткан Исмаилиттердин руханий лидери азыркы Ага Хан төртүнчүнүн аркасы менен душман тили көз карашынан айрылгандай. Азыркы Ага Хандын чоӊ атасы Сэр Султан Мухаммад Шах Ага Хандардын ичинен исмаилиттерди англис тилин үйрөнүүгө үндөгөн ферманды же диний буйрукту берген биринчи киши болгон. Анын бул ферманы Дели аркылуу Түндүк Пакистандын Хунза шаарында обого чыккан ошол кездеги эки радио каналдын бирөөсүнөн уктурулган. Ал өз ферманында аны ээрчигендерди Европа тилдерин жана англисчени үйрөнүүгө чакырган. Азыркы тапта англис тили Исмаилиттер коомчулугунун расмий тили болгону менен биз изилдеген коомчулукта анын ырааттуу окутулушу же изилдениши каралган эмес.

Чегаранын аркы эле өйүзүндө жайгашкан Хунзадагы Исмаилиттерге англис тилин окуп үйрөнүү чакырыгы жаӊырып турганда берки өйүздөгү, же Борбор Азиядагы Тоолуу Бадахшандын тургундары Советтер Союзунун чеӊгелинде калып, орус тилдүү аймакка кирип кеткен. Анын үстүнө Советтер Союзу таркагыча Борбор Азиядагы Исмаилиттер менен Ага Хандын ортосунда кандайдыр бир байланыш болгон эмес. Ага Хан алгач ирээт Тоолуу Бадахшанга 1995-жылы барып, Исмаилиттердин алгачкы институту дал ушул жылдан кийин гана ачылган. 1995-жылкы зыяраты учурунда азыркы Ага Хан Исмаилиттерди англис тилин үйрөнүүгө чакырган. Бул жагдай жөнүндө мага Хорогдо баарлашкан адамдар айтып беришти, ал тургай алар айрым кишилер Ага Хандын сапарынан кийин дароо эле англисче окуп, үйрөнөлү деп аракет да кылып көрүшкөнүн да кошумчалашты.

Аймакта тажик тилине карата кызыгуунун артып жатканына катарлаш эле англис тилин үйрөнүүгө карата дилгирликти да байкай алдык. Анткени биринчиден, бул аймакта Ага Хан жана Исмаилиттердин институту иштеп, буга кошумча англис тили дүйнөлүк аренада аны билип, сүйлөгөн киши үчүн пайда алып келе турган глобалдык тил болгонун аӊдашкандай. Ошентип биздин Достоевскийди окуган жаш окурманыбызга кайтып барсак, ал англис тилин үйрөнүү менен чет өлкөгө кетип жакшы билим алгысы келсе, ал эми аймакта калганда англис тилин окуу менен Исмаилит диний агымынын алкагында иш алып барып, алардын ар кандай иш чараларынан болушунча пайда табуу деген максатты көздөйт (ал тургай биздин жаш окурманыбыз Исмаилиттерди окуткан мугалим болуп кетерине да ынандым).

Хорогдогулар үчүн англис тилин билүүнүн мааниси артканы менен тажик жана орус тилдерин үйрөнүүнүн мааниси андан да чоӊ. Орусиядан иш издеген жаш хорогдук үчүн орус тили дагы да болсо таасирлүү бойдон, ошондой эле өлкөнүн башкаруучу элитасынын бир бөлүгү болгусу келгендер үчүн тажик тилин билип алуу да чоӊ пайда. Андыктан азыркы кезде англис тили тажик мамлекеттик кызматында же Орусияда иш издегендер үчүн эмес, англис тилдүү университеттерден орун табууну көздөгөн элитанын эӊ эле аз бөлүгүндө актуалдуу экен.

Автор жөнүндө: Брук Боландер, Швецариядагы Цюрих Университетинин англис тили бөлүмүнүн докторанты.