Кыргызстандагы жайыт реформасы

Мындай учурда малчы менен мал ээси оозеки гана келишип алышат. “Биз кыргыздар сөзгө ишенебиз. Эч ким кагазга келишим түзүп олтурбайт”, - дейт Чүй өрөөнүндөгү малчылардын бири. Малды алыскы жайлоого алып чыканда мал ээси менен малчынын ортосунда тыгыз кызматташуу болот. Бирок, өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөр байыркыдан калган бул мамилелерге дагы өзүнүн таасирин тийгизүүдө.
Image caption Мындай учурда малчы менен мал ээси оозеки гана келишип алышат. “Биз кыргыздар сөзгө ишенебиз. Эч ким кагазга келишим түзүп олтурбайт”, - дейт Чүй өрөөнүндөгү малчылардын бири. Малды алыскы жайлоого алып чыканда мал ээси менен малчынын ортосунда тыгыз кызматташуу болот. Бирок, өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөр байыркыдан калган бул мамилелерге дагы өзүнүн таасирин тийгизүүдө.

Кыргыздардын байыркы көчмөн турмуштунда малчылык турмуш-тиричиликтин эң негизги бөлүгү болгон. Азыркы учурда дагы Кыргызстандын элетин малсыз элестетүү кыйын. Көптөгөн адамдар мал менен жан багат.

Ал эми ача туяктуулар менен ири мүйүздүүлөрдүн көбөйүшү жайыт маселесин курчуткансыды. Айылга жакын жерде жайгашкан жайыттардын бардыгы такырайып, алыскы жайыттар болсо, пайдалануудан чыгып баратат. Себеби, Советтер союзу ыдырагандан бери алыскы жайыттардын инфраструктуралары, жолдору дагы бузулуп жок болгон.

2009-жылы Кыргызстан жайыттарды жөнгө келтирүү боюнча мыйзам кабыл алып, бул маселени чечүүгө бел байлап келет. Мындай өзгөрүүлөргө абдан кылдаттык менен мамиле кылуу муктаждыгы бар. Себеби, эрежелердин өзгөрүшү жергиликтүүлөрдүн жайыт бөлүштүрүү жана жайыт маселелерин чечүү мүнөзүн өзгөртөт.

Кыргыздар байыркы замандардан бери жайытты алмаштырып пайдалануу жолдорун өздөштүрүп алышкан. Мисалы, жакада жашаган кишилер малын жайкысын малчыга кошуп тоого чыгарган. Ал эми малчылардын жана өздөрүнүн саан уйларын тескерсинче жакада алып калышкан.

Мындай мамилелер азыркы учурга чейин сакталып келет. Малчылар айылдагы үй-бүлөлөрдүн малын чогултуп, жайлоого алып чыгып кетет. Бул үчүн алар ар бир мал башына акы төлөтүшөт. Ошол эле учурда мал жоголуп кетсе же ит-кушка алдырып жиберишсе, малчылар чыгымды төлөп берүүгө милдеттенет.

Мындай учурда малчы менен мал ээси оозеки гана келишип алышат. “Биз кыргыздар сөзгө ишенебиз. Эч ким кагазга келишим түзүп олтурбайт”, - дейт Чүй өрөөнүндөгү малчылардын бири. Малды алыскы жайлоого алып чыканда мал ээси менен малчынын ортосунда тыгыз кызматташуу болот. Бирок, өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөр байыркыдан калган бул мамилелерге дагы өзүнүн таасирин тийгизүүдө.

Айтсак, 2009-жылга чеийнки жайыт мыйзамдарына ылайык малчылык тармагында тең салмактуулук бузулган. Малы көп адамдар мурдагыдай башкалардын дагы малын багуунун ордуна жыйыттарга өзүнүн гана малын алып чыгуу көрүнүшү күч алат. Алар үчүн өз алдынча болуп, жайыттарды көп жылга ижарага алууга же дээрлик “менчиктештирүүгө” мүмкүнчүлүк ачылган.

Буга кошумча мал сарайларды жана жайыттарды ээлөө, тосмолоп алуу көрүнүштөрү бадага чыккан малдын да жайытын тарыткан. Бул өз кезегинде жайытты алмаштырып колдонууну жокко чыгарып, мал ээлеринин арасындагы нааразылыктарды пайда кылган. “Кыштоо, жайлоодогу сайраларды ээлеп алышып, биздин мүмкүнчүлүктөр азайды. Эмне үчүн бул жайыттар бир кишиге гана берилиши керек? Башкалары эмне кылат?”, - деген суроолор козголгон.

Image caption Улан Касымов

2009-жылы өкмөттүн жайыттарды жөнгө келтирүү саясаты түп-тамыранан өзгөрдү. Анын негизги максаты малчылык тармагында пайда болгон социалдык жана айлана-чөйрө маселелерин чечүү болгон. Жайыттарды көзөмөлдөө үчүн Жайыт комитети түзүлдү. Жаңы мыйзам болсо, мурдагыдай жайырттарды көп жылдык ижарага берип коюунун ордуна, малчыларды мал башына салык төөлөө менен чектелүүгө милдеттендирди.

Мындай реформалар малчылардын ортосундагы тең салмактуулукту кайрадан кайтарууга өбөлгө түздү. Жайыттар комитетинин мурдагы мүчөсү айткандай, бул комитеттин маселелерди чечүүдөгү таасири артты.

“2011-жылы Кайратбек аттуу бай фермер сарай сатып алып, көп жерди узак мөөнөттүү ижарага алган экен. Ал малын жайлоого чыгарбай коюп, Жайлоо комитети аксакалдар сотуна салып олтуруп, аны малын тоого чыгарууга ынандырган. Бул жылы ал өзү эле мылын жайлоого чыгарып кетти”, - дейт ал.

Анткени менен бул өзгөрүүлөр жайыт маселесин толугу менен чече алган жок. Жаңы мыйзам жайыттарды узак мөөнөттүү ижарага алууга чектөө койгону менен мындан мурда берилген жайыттар мөөнүнүн аягына чейин фермерлердин ээлигинде калууда. Андан тышкары жаңы мыйзам жайырттарга сарайларды куруу маселесин чече алган жок. Адистердин айтымында, 2013-жылы жаңы мал сарайларды курууга уруксат алгандардын саны төрт эсеге көбөйгөн.

2009-жылдагы жайыт реформасы эң туура нукта башталган. Себеби, жайыттарды адилеттүү бөлүштүрүүгө негиз түзүлгөн. Анткени менен жаңы эрежелер дагы деле бир катар маселелерди чече албай келет.

Мисалы, жайытка өзү каалагандай сарай салуу, бай фермерлердин жайырттарды тосуп алышы сыяктуу көрүнүштөр дагы деле катталып келет. Реформалардын кийинки этабында кыргыз малчыларынын байыркы адат-салттарын жана карым-катыштарын калыбына келтирүү маселесине көңүл буруу муктаждыгы бар.

Автор жөнүндө:Улан Касымов, Берлиндеги Гумбольдт университетинин Экономикалык ресурстар бөлүмүнүн изилдөчүсү. Анын эмгектери институционалдык экономика, айлана-чөйрөнү жөнгө келтирүү жана элетти өнүктүрүү тармагын камтыйт.