Кыргызстандагы Жайыт Комитетинин маселелери

2010-жылдын июль айында Кыргызстанга жайыт маселесин изилдөө үчүн келгенимде “Жайыт туралуу мыйзамдын” кабыл алынгандыгына бир жылдын гана жүзү болгон экен (мыйзам 2009 жылдын 29-январында күчүнө кирген).

2010-жылдын жай мезгилинде жайыттарды жөнгө салуу тууралуу кабыл алынган жаңы мыйзам жөнүндө жайыт колдонуучуларынын да, мамлекеттик, же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу өкүлдөрүнүн да кеңири маалыматы жок болчу.

Бул мурдагы президент Бакиев бийликтен кулагандан кийин көп өтпөй болгон окуя жана “Бакиевдин мыйзамы” деп аталып калган буга чейинки мыйзамга карата нааразычылык абдан күч алган учур эле. Бир нече жылга созулган борборлоштурулган башкаруу бийлигинен кийин, жайыт тууралуу мыйзам коомчулуктун кызыкчылыктарын коргогон башкаруу мыйзамына ылайык иш жүргүзүүгө багытталды.

Айыл-аймактык жайыт колодонуучуларынын бардыгы Жайыт колдонуучулар Ассоциациясынын мүчөлөрү жана Жайыт Комитетин шайлашат.

Жайыттарды бөлүштүрүү жана мониторинг жүргүзүү боюнча маселелерге ушул аткаруучу орган жооптуу. Алардын негизги бюджети жайыт колдонуучуларынан чогултулуп алынган салыктын эсебинен камсыздалат.

Жайыттар мамлекеттин менчиги болгондугуна байланыштуу жерге салынган салыктардын бир бөлүгү борбордук казынага берилет.

Эң негизги максаттары начарлап кеткен жайыттарды жакшыртуу жана туруктуу башкаруу болгон Жайыт тууралуу кабыл алынган жаңы мыйзамдын экологиялык, экономикалык жана социалдык мааниси чоң.

Андан сырткары бул мыйзам жайыт колдонуучуларына жерди тегиз түрдө бөлүштүрүп берүү аркылуу социалдык теңдикти жакшыртуу жана мал-чарбачылык өндүрүштөргө керектүү ресурстарды сактоо аркылуу узак мөөнөттүү экономикалык кирешелерди алууга багытталган.

Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин төрт жылдан кийин өлкө боюнча бардыгы болуп 454 жайыт комитети иштей баштаган. Алардын түзулгөндүгү бир кыйла кооптуу болгондугуна жана көптөгөн тоскоолдуктарга карабастан ишмердүүлүктөрүн уланта беришкен.

2013-жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков Жайыт комитеттерин жокко чыгарууну (жоюуну) сунуш кылган.

Ал жергиликтүү жайытчылардан топтолгон мамлекеттин казынасына түшүүчү салыктар сол чөнтөккө түшүп жатат деп сындаган болчу. Жайыл районунун Жайыт комитетинин мүчөсү да айыпталган эле.

Андан сырткары, Панфилов районунун жайыт колдонуучулары Жайыт Комитети алардын жайытты колдонуу боюнча маселелерине кылган кайдыгер мамилелеринен улам жол тоскон учурлары да катталган.

Ачыктыктын жана чечим кабыл алуунун жетиштүү деңгээлде болбогондугу, эсептөөлөргө байланышкан маселелер жана бир эле учурда көптөгөн башкаруучулар маселе жараткан.

Жайыт Комитети түзүлгөндөн тарта эле бийлик тууралуу маселелер көтөрүлгөн.

Коомчулуктун кызыкчылыгына карата иш алып баруучу жаңы кабыл алынган башкаруунун эрежелерин иш жүзүндө аткаруу учурунда, айыл жергелериндеги чабандардын жай мезгилиндеги жайыттарында тренингтер өткөрүлгөн.

Ошентсе да, маалымат бул маселеге кызыктар болгондордун баарына тең жеткиликтүу болгон эмес.

Жайыт Комитети жайгашкан аймактардын борборлорунан алыс жашаган элеттик калктын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусу дале да болсо чечилбеген маселе бойдон калууда.

Негизинен мындай кыйынчылыктар жайкысын алыскы жайыттырды байырлаган жана кээде кышкысын айылдын сыртындагы кыштоолорду кыштаган көптөгөн малдуу чабандар жана койчумандарды камтыйт.

Ал эми айылдардын борборлорунда калгандар негизинен тоют камдап, жайкысын малдарын чабандарга берген фермерлер.

Төмөнкүдө көрсөтүлгөндөй эле Жайыт Комитетинин өкүлдөрү тиешелүү түрдө суракка алынып, бул тармакты жакшыртууга тийиш.

Эрежеге ылайык жогорудан төмөндү карай колдонулуусу керек деп эсептелинген жерлер, Жайыт Комитетинин мүчөлөрүнө мыйзамда жазылган башкарууну жана ал мыйзамдар айыл жергелеринде кандай өзгөчөлүктөр менен өздөштүрүлүүсүн үйрөтүү керек экендигин эч кимдин оюна да келбесе керек.

Ошондой болсо да, инновациялык конкреттүү механизмдер ишке ашырылган.

Алсак, эсептөөлөр менен байланышкан маселелер дагы бир орчундуу көйгөй болуп, Нарын областынын Жайыт Комитетинин мүчөлөрү жайыт колдонуучулары менен биргеликте төлөмдөр тууралуу бир гана Жайыт Комитетинин жеттекчилери гана кабардар болбостон, жалпыга жеткиликтүү маалымат менен камсыз кылган параллелдүү эсептөө системасын киргизишти. Бул жол менен алар коррупциянын алдын алуу чарасын көрүшкөн.

Жайыт Департаменти (Кыргыз Республикасынын айыл- чарба жана мелиорация министирлиги), Бейөкмөт уюмдар жана донорлор да жайыт колдонуучуларына мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө бүткүл аракеттерин жумшоодо.

Бирок, алар бул маселеге кызыктар болгондордун арасындагы Жайыт Комитетинин максаттары кантип жүзөгө ашырылуусу керек деген талаш- тартыштардан улам ар түрдүү түшүнбөстүктөргө кабылышууда. Биринчиден, жайыт колдонуучуларынын арасында жайыт башкармалыгы тууралуу приоритеттери бир кыйла айырмаланышы мүмкүн.

Анан да Жайыт Комитетинин милдеттери жана ролу тууралуу түшүнүктөрү айыл менен улуттук деңгээлде бир кыйла айырмаланат.

Image caption Ирэне Местре

Кээ бир саясатчылар менен мамлекеттик мекемелер Жайыт Комитетинен борбордук казынага түшкөн каражаттарга ылайык, алардын иш- аракеттеринин жемиштүүлүгүн баалаганча, жергиликтүү кызыктарларды жайытты колдонуу маселеси тынчсыздандырып келет.

Мындан тышкары, Жайыт Комитетинин милдеттеринин катарына дагы бир жоопкерчилик кошулду, мисалы, профилактикалык ветеринардык чаралар жана экосистемалык башкаруу. Жайыт Комитетинин мүчөлөрү жеке аары өстүрүүчүлөрүнөн тарта чоң тоо-кен компаниялары сыяктуу ар түрдүү тармактагы жайыт колдонуучулары жана жаратылыш ресурстары менен байланышкан мамлекеттик мекемелер менен биргеликте иш алып баруусу шартталат.

Ар тармактуу иш-аракеттерде алар тиешелүү тармактардагы адистер менен жана жогорудан төмөндү карай усулун колдонуп иш жүргүзгөн мамлекеттик мекемелер менен тыгыз байланышта болуусу шарт.

Бул болсо мурунку борборлошкон башкаруу усулу, чечим кабыл алуу жана техникалык чечимдер жайыт колдонуучуларынын колунда болгон жаңы усулдун ортосунда карама- каршылыктардын жаралуусуна түрткү болот.

Учурдагы Жайыт Комитети туш болуп жаткан негизги маселе бул жергиликтүү коомчулукту иш-чараларга тартуу маселеси: ошондой эле тиешелүү адистерди, коомчулуктун кызыкчылыктарына негизделген башкаруу системасын колдонгон мамлекеттик мекемелер менен саясатчыларды табуу маселесин да камтыйт.

Жайытка кызыкдар тараптар жаратылыш ресурстарынын кенири масштабдагы башкармалыгы болгон Жайыт Комитетине биригүүдөгү өздөрүнүн ролун аныктоо үчүн чечим кабыл алуу процесстерин кылдаттуу түрдө иштеп чыгуусу зарыл.

Автор жөнүндө: Ирэне Местре Борбор Азиядагы элет жерлерин иликтеген географ-изилдөөчү, Жан Мулен атындагы Лион-3 университетинин студенти.