Казакстанда улуттук мамлекет талкуусу

Диана Кудайбергенова Сүрөттүн автордук укугу none
Image caption Диана Кудайбергенова

2000-жылдын ортосунан бери саясатчылардын жана саясаттан алыс чөйрөлөрдүн арасында Казакстан качан чыныгы улут болот деген суроо көңүл чордонунда. Көптөгөн мамлекеттик программалар жана өнүктүрүү стратегиялары саны өсүп жаткан казак париотторуна жоопко караганда көп суроолорду жаратып жаткандай.

Бул убакыт аралыгында расмий жана расмий эмес массалык маалымат кражаттары улуттук түзүлүштү курууда конкреттүү долбоорлорду сунуштоо боюнча талкууларды орус тилинде жүргүзүштү. Казакстандагы көп улуттук дискурстар, символдор жана пикирлер атайын режим тарабынан жумшартылды. Ар түрдүү улуттар жана жарандык коом үчүн «улуттук идея» долбоору белгисиз талаа, ал эми элита үчүн күтүү оюну болуп калды. Мурдагы Совет салты болгон мамлекеттик тил аркылуу ишке ашчу конкреттүү улуттук саясат жана улуттук-мамлекеттик түзүлүш Советтер союзунан он жылдан кийин көптөгөн патриоттордун жана алардын тарапташтарынын талабына айланып отурат.

Өлкөдөгү туюкка кептелген абал улутташтыруу жана «акыркы» улуттук идентификацияны аныктоо муктаждыгына алып келди. 1990 жана 2000-жылдардын аягындагы улуттук белгисиздик казак жана орус тилдүүлөр арасындагы социалдык ажырымды жаратты.

Бийлик биринчи жолу өзүнүн улуттук түзүлүшүн жаңылоо аркылуу улутту түзүүнү баштады. «Казакстан - 2030» жана «Казакстан - 2050» аттуу өнүктүрүү программалары 1997 жана 2012-жылы чыкты. Ошондой эле, этностор аралык туруктуулуктан сырткары мамлекеттин келечеги гүлдөп өсүүсүнө шарт түзчү экономикалык жана өндүрүш потенциалын толук өнүктүрүү идеологиясы коюлду. Көп түрдүү маданият саясатын колдогон мамлекеттик мекеме Казакстан эл ассамблеясы 2009-жылы Улуттук биримдиктин доктринасы долбоорун сунуштаган. Бул доктрина Казакстандын идентификациясын жалгыз улуттук идентификация болсун деп сунуштаган.

Улуттук патриоттор доктринанын иш жүзүндө мааниси жок жана так эмес сунуштарына катуу каршы чыгышкан. Бул патриоттор аталган доктрина жоголуу коркунучунда турган казактардын этникалык идентификациясын жана казак тилин жогорку статуста сактоого шарт түзбөй турганын айтып чыгышкан. 2010-жылдын башында доктрина сунушталгандан бир нече айдан кийин аны кайра жазып чыгуу талабы коюлган. Анын жаңы чыккан версиясында мамлекеттик түзүлуштү куруу процессинде казак тили жана маданиятына басым жасалды. Бирок бул доктринанын өмүрү узак болгон жок. Анткени ал «теорияларды бириктирүү» милдетин аткаруу өңдүү жеке максаттарына жеткен жок. Андан сырткары ал Казакстандын улуттук-мамлекеттик түзүлүшүн куруу тууралуу ар кандай пикирлерди башкаруу куралы да боло алмак эмес.

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Астана

Доктрина жана ушул сыяктуу документтер Казакстандын улуттук идеологиясын колдогондор үчүн трамплин катары кызмат кылуу үчүн түзүлгөндөй. Бирок тарых казак лидерлерине декларативдик программалар же беш жылдык идеологиялык пландар максатына жетпей турганын көрсөттү. Бул сыяктуу доктриналардын пардоксу Казакстандын улам өзгөрүп жаткан көп түрдүү идентификациясына каршы конкретүү жана бир учурда улуттук идеологияны түзүүнү талап кылганында жатат.

Бийликтин күтүү оюнуна каршы чыккан улуттук патриоттор мамлекеттен күчтүү декларацияны жана казак тилинин мүмкүнчүлүктөрү менен укуктарын кеңейтүүнү талап кылышты. Бул өз учурунда казак жана казак эмес коомчулуктарынын бири-бири менен жашап кетүүсүндө билинбеген ажырымды, такай чыңалууну жаратты.

2014-жылдын январында президент Назарбаев бул чыңалууну жумшартуу максатында көптөн күткөн «Мангилик эл» же «Түбөлүктүү улут» атту улуттук идеяны чыгарды. «Мангилик эл» экономикалык инновация жана өндүрүшкө негизделген улуттук бриимдик, тынчтык, социалдык гармония жана экономикалык өнүгүү өңдүү баалуулуктарды камтыйт. «Мангилик эл» ушул тапта, 2015-жылы мамлекеттик майрамдардын чордонунда болуп, акындар арасындагы расмий айтыштардын негизги темасын түзүүдө.

Андан сырткары «Мангилик эл» казак талааларындагы түстүү биллбордордун темасына айланды. Бирок улутчулдар жана бийлик талап кылып жаткан «Түбөлүктүү улут» «акыркы идеология» боло ала турганын ким айта алат? Балким Казакстандын улуттук-мамлекеттик түзүлүшүн куруудагы каталарынын өзөгү пост-советтик өлкөлөрдүн менталитетине тиешелүү мамлекеттин кайсы бир деңгээлде жөндөмсүздүгүнөндүр.

Автор тууралуу: Диана Кудайбергенова пост-советтик Борбордук Азиядагы, Украинадагы жана Балтиядагы Улуттук өнүгүүнү изилдеген социолог. Ал айрыкча улуттук идентификациянын калыптануусу, анын символдору жана ага таасир эткен элитага кызыгып жүрөт. Автор PhD диссертациясын Кэмбридж университетинде жазган.