Кичи Мекен

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Студент кезимен бери жакшылыгыма кубанып, жамандыгымда башымды жөлөгөн бир курбум бар. Акчабыз жок кезде бир куксини бөлө жеген далай күн да өткөн.

Ал Баткендин Сүлүктүсүнөн. Боюу узун. Ак жүздүү. Мырза мүнөзү бар.

Экөөбүз тең аталарыбызга окшошпуз. Кесиби юрист. Кызыгы ал такыр кыргызча ыр укпайт. Анан менин жазган ырларымды да түшүнбөйт. Бирок экөөбүз бирге жүргөн, бири- бирибизди колдоп, таяган жылдар менен жашап келе жатабыз. Ал жок болсо ар тарабым аңгырай түшөт. Ал азыр мен жазып атканымды да такыр окубашы мүмкүн.

Мен анын кичи мекенине барган эмесмин. Жакындарын да толук тааныбайм. Бирок курбумдун ыйманы, тартиби, адамдыгы анан сулуулугу мага анын жакшы бир жердин, жакшы бир үйдүн кызы экенин далилдейт. Мен ал аркылуу бардык Баткенди, өзгөчө Сүлүктүнү жакшы көрөм. Алыстан. Баргым келет. Кудум өзүмдүн кичи мекеним сыяктуу элестетем. Анткени курбум мага окшош.

Көрсө, эч качан жаман жер болбойт экен. Жаман эл да болбойт экен. Бирок жаман мүнөз адамдар болот экен. Ошол жаман адамдар өздөрүнүн кичи мекенин да жаман көрсөтүп салышат тура. Сиз кандайсыз?

Акылдуу сөз:«Ички сулуулук, сырткы сулуулукка караганда пайдалуу жана түбөлүктүү» (Азирети Умар р.а.)

Жазгүл Жамангулова, Бишкектик журналист