Заматта келген байлык адамды жалгыздыкка түртөт

жалгыздык Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock

BBC Capital баяндамачылары 30 жыл учакта борт коштоочу болуп иштеп, заматта эле бардар жашоого туштуккан Сэнди Стайндын турмуш сабактары тууралуу айтып берет.

Азыр Сэнди 65 жашта. Атайын сумкеге тагылып, бир топ ыңгайлуу жактары бар ачкычтарга кооздук үчүн жасалган желбирөөч (брелок) ойлоп тапкан учурда ал 54 жашта болчу. Аны ойлоп тапканы кол сумкалар үчүн жасалып, ачкычтарды издеп олтурбай дароо сууруп чыга турган ыңгайлуу буюм.

Көп өтпөй ал накталай акчага мыкты авто унаа сатып алды. Биринчи жолу өзү айлык төлөп, жардамчыларды жумушка алып, анын ойлоп тапкан буюмунан түшкөн пайда 4 млн АКШ долларын түздү.

Окуянын мындай өнүгүшүн ал түшүндө да көргөн эмес. Бирок мындай ийгилик менен бирге эле анын босогосун жалгыздык кошо аттады. Жолдошу менен ажырашты. Дайыма үй бүлөдөгү керектөөлөрдү өзү иштеп таап жүргөн эркек киши күтүүсүз келген аялынын ийгилигин оор кабыл алган.

Сэндинин ийгилиги достору менен мамилесин да бузду.

"Көралбастык кишилерди кооптуу аракеттерге түртөт же болбосо оозунан келген ушакты айттырат экен",-деп айтып берүүдө ал.

Бардар, бай жашоону кимдер гана кыялданып, ошого умтулбайт. Бирок бул каалоосу ишке ашкандар, дал ушул нерсе үчүн достору, жакындары тескери карап кетишкенин көп айтышат.

"Адам күтүүсүз байлыкка ээ болгондо анын жашоосу өзгөрөт,-дейт Money, Meaning & Choices Institute фирмасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, доктор Стивен Голдбарт.-Кимдир бирөөлөр үчүн бул психологиялык тажрыйба өтө оор болот".

Анын айтымында "күтүүсүз байлыктын синдрому" менен ооруп калып, жашоодо ордун табуудагы адашуулар бат эле болот. Ошондуктан сиз дагы жалгыздык сезимиңизди башкарууну билишиңиз керек.

Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock
Image caption Байлыкты жылдап эңсеп жүргөн менен көпчүлүгүбүз күтүүсүз байлыкка туш болгондон кийинки жакындарыбыз менен мамилелердеги чукул өзгөрүүлөргө даяр эмес экенбиз.

Ийгиликсиз мамилелер

Байлыкты жылдап эңсеп жүргөн менен баарыбыз эле күтүүсүз байлыкка туш болгондон кийинки жакындарыбыз менен мамилелердеги чукул өзгөрүүлөргө даяр эмес экенбиз.

Досторуң акырындап сенден алыстай баштады (балким өтө эле жакын болуп кетти), үй бүлө мүчөлөрү болсо күтүүсүздөн эле сиздин финансылык иштериңизге кийгилишп, жашооңуздун өзүнө чейин аралашууга өттү. Бул сизди бир сөз менен айтканда нес кылат.

"Мунун баары абдан бат болот жана аны жөнгө салуу татаал",-дейт Голдбарт.

Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock
Image caption Байлык жалгыздыкка алып келет

Акча кишини өзгөртөт

Акча кишини өзгөртөт. Финансылык терапия боюнча адис, Financial Therapy Association уюмунун президенти Меган Форддун айтымында, кээде бай кишилер өздөрү да түшүнүп-түшүнбөй эле эски достору, кесиптештери менен көп пикир келишпестиктерге барышат. Мунун албетте достору түшүнбөйт жана алар акырындап "манчыркап, көөп кетти" деп алыстай башташат. Бул болсо жалгыздыкка дуушар кылган көрүнүштөрдүн бири.

Өзгөчө достор менен туугандарыңдын мамилесин көзөмөлдөшүң кыйын. Күтүүсүз байыган кишиге анчейин жакшы тааныш эмес кишилер мамиле түзүүгө умтула башташат. Туугандар арасында, достордун ичинде деле ийгиликтүү киши менен мамилесин жакшы кылгысы келгендер четтен чыгат.

Бирок эң жакын адамыңыздын сизге мамилеси өзгөрүп жатканын сезет белеңиз? Көпчүлүгүбүз муну башкача кабылдамакпыз. Сиз түн уйкуңуздан кечип, бизнесиңизди өнүктүрөм деп жан сабап иштеп жүргөндө ошол достор, туугандар кайда эле? (!) Мына ушундай сезим болоору турган кеп.

Кимдин кандай ниети бар экенин түшүнүү татаал

Байлыкка ээ болгон үчүн гана мамиле түзүп, жакын болгусу келген кишилерден оолак болуу керек деп, чөйрөңүздү чектеп баштайсыз. Финансылык абалы бирдей болгон кишилер менен достошкусу келет. Мындай сезим сиз жаңы жашооңузга көнгөндөй кийин өзүнөн өзү жоголот.

"Ким чын дилинен дос болгусу келип жатканын билүү өтө кыйын. Эгер сиз эки-үч жолу адашсаңыз, анын кесепети кандай болорун айтуу оңой эле - сиз андан бетер жалгыздыкка батасыз",-деп түшүндүрөт Форд.

Макала англис тилинен кыскартылып которулду, анын оргиналын BBC Capital сайтынан табасыз.