Ызгаар суук менен кар тозоңун дүйнө кантип тосту?

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Өткөн дем алышта Европа континенти, ошондой эле Түндүк Американын көптөгөн шаарлары ызгаар менен калың кардын кучагында калып, электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, транспорт кырсыктары жүз берип, авиа каттамдар токтоду.

Москва Сүрөттүн автордук укугу EPA

Москвадагы Рождество түнүндө болгон суук кылым башынан берки эң катуу суук болуп калды. Абанын температурасы ишембиде минус 30 градуска чейин жетип, Москванын чет жакасында минус 33 градусту түздү.

Москва Сүрөттүн автордук укугу AFP

Жекшембиде андан да катуу суук күтүлүп, шаар бийлиги коркунучтун кызгылт-сары деңгээлин киргизип, тургундарды мүмкүн болсо үйдөн чыкпоого эскертти.

Санкт-Петербург Сүрөттүн автордук укугу EPA

Санкт-Петербургда болсо катуу аяздан улам асмандан чагылган өзгөчө түстү көрүүгө болот эле. Күн батып бараткан учурдагы бул адаттан тыш көрүнүштүн сүрөттөрү социалдык тармактарга тарай баштады.

Румыния Сүрөттүн автордук укугу EPA

Көптөгөн европалык шаарларга калың кар жаап, темир жол байланыштарын үзгүлтүккө учуратты.

Рим Сүрөттүн автордук укугу AP

Римдин кооз курулуштары аяздан кийин муз тиштеди.

Стамбул Сүрөттүн автордук укугу AFP

Кар жана аяз бул учурда жамгырлуу аба ырайы өкүм сүргөн Стамбулга да жетти. Айрым жерлерде жааган кардын калыңдыгы 40 сантиметрге жетти.

Cnfv,ek Сүрөттүн автордук укугу AFP

Стамбулду жердеген мышыктардын көбү мындай абалга даяр эмес экен.

Стамбул Сүрөттүн автордук укугу AFP

Калың жааган карга байланыштуу Стамбулдун Ататүрк аэропортундагы жүздөгөн каттамдар токтотулду.

Нью-Йорк Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Нью-Йорко биринчи кар ишемби күнү жаады.

Колорадо Сүрөттүн автордук укугу AP

Кар тозоңу көпчүлүк америкалык штаттарды жана Канаданы каптады.

Ванкувер Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Ванкуверде күтүүсүз түшкөн сууктан көчөлөргө муз тоңуп, тайгалак болду.

США Сүрөттүн автордук укугу AP

Кар менен ызгаар суук жол кырсыктарынын себеби болду.

Кент Сүрөттүн автордук укугу PA

Англиянын Кент графствосунда абанын температурасы нөлгө түштү, бирок андан төмөндөгөн жок.

Лондон Сүрөттүн автордук укугу PA

Лондондо бул дем алыш жамгырлуу болуп, аба ырайы +10 көрсөтүп турду.