Эмиль Дюркгейм (1858–1917)

Андрея Рота
Image caption Андрея Рота

Эмиль Дюркгейм Франциянын социология мектебинин негиздөөчүсү. Ал 1858-жылы Германия менен чектеш Эпинал аттуу чакан шаарчада туулган. Раввиндин баласы жана ортодокс жөөт үй-бүлөдөн чыккандыктан, атасынын жолун жолдойт деп күтүшкөн.

Бирок жаш Эмиль башкача жолду тандап алды. Ал бир нече жолу аракет кылып жатып, Париждеги жогорку нормалдуу мектебине өттү. Бул ошол кезде Франциядагы эң алдыңкы жогорку окуу жай болгон. Дюркгейм бул окуу жайда саясий жана диний көз караштарын гана калыптандырбастан, социалисттик идеяларга сугарылган.

Бир нече жыл мектеп мугалими болуп иштегенден кийин Дюркгейм 1885-жылы Франциянын түштүк-батышындагы Бордо университетине социалдык илим жана педагогика боюнча лекторлук кызматка орношот. Бордо анын эң жигердүү учуру болгон. 1902-жылы Дюркгейм Парижге кайтып келип, Сорбонна университетинде лектор, кийин профессорлук кызматты аркалайт. Окумуштуу 1917-жылы Биринчи дүйнөлүк согушта уулу Андренин өлүмүнөн соң күйүтүнө чыдабай көз жумган.

Дюркгейм өзүнүн өмүр жолун жаңы “коомдук илимди” негиздөөгө арнаган. Анын эң негизги маселеси - бул тармакты изилдөө үчүн кандай конкреттүү предмет керек? – деген суроого барып такалган. Дюркгейм социология “социалдык фактылар” деп аталган эмпирикалык байкоолорго негизделиши керек деп ойлогон.

Адамдардын аракетине же оюна көз карандысыз түрдө ойлонуу, аракеттенүү жана сезүү мүнөзү иликтениши керек деп айткан. Мисалы, соода-сатыктын эрежелери адамдардын өз акчасына эмне сатып алышына байланыштуу болбойт. Дюркгейм социология психология же саясий психологиядан айырмаланышы керек деген көз карашты калыптандырган. Андыктан бул илим социалдык жашоонун өзү аркылуу гана түшүндүрүлөт деген аныктама берген.

Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock
Image caption Дюркгейм статистикалык ыкманы колдонуу аркылуу суицид социалдык интеграция жана коомдун жеке адамдын жашоосуна таасир этүү күчүнө байланыштуу болоорун далилдөөгө аракет кылган.

Дюркгейм ар бир адамдын өзүнө гана мүнөздүү суицид сыяктуу көрүнүштөрдүн социалдык табиятын иликтөө аркылуу социологиялык анализдин күчүн көргөзгүсү келген. Ал өз өмүрүн кыйган адамдардын бул кадамга алып келген себептери ар башка болгону менен, өлкөнүн ичиндеги статистика туруктуу болоорун божомолдогон. Ошону менен бирге суицид көрсөткүчтөрү боюнча өлкөлөр бири-биренен айырмаланып тураарын айткан.

Дюркгейм статистикалык ыкманы колдонуу аркылуу суицид социалдык интеграция жана коомдун жеке адамдын жашоосуна таасир этүү күчүнө байланыштуу болоорун далилдөөгө аракет кылган. Мисалы, коомдогу социалдык олку-солку абалдар же тез өнүгүү коомдогу адеп-ахлак күчүн алсыратаарын айткан. Адамдардын жеке эмоцияларын ооздуктай турган социалдык эрежелер болбосо, суицид көрсөткүчтөрү өсөөрүн белгилеген.

Дюркгеймдин эмгектеринин өзөгүн социалдык мамилелердин анализи түзөт. Ал социалдык өзгөрүүлөр жана толкундоолордун доорунда жашаган. Илимпоз Франциядагы айыл чарбадан өнөр-жайга трансформацияланган коомго күбө болгон.

Анын баамында жөнөкөй коомдордо анын өкүлдөрүнүн окшоштугу “жамааттык аң-сезимди” калыптандырат. Ошол эле учурда адистешүү канчалык татаалдашкан сайын коомдогу жашоо дагы ошончолук кыйын болобу? – деген суроого жооп издеген. Дюркгеймдин аныктамасы боюнча, тескерисинче, эмгектин бөлүштүрүлүшү коомдогу тилектештикин жаңы формасынын пайда болушуна шарт түзгөн. Ар бир адистик же эмгектин түрү айырмаланып турат, бирок ошол эле учурда адамдардын турмуш-тиричилиги үчүн бири-бирине көз каранды.

Дюркгеймдин көз карашында социология коомдук жашоону туура түшүнүү аркылуу жашоонун сапатын жогорулатуучу диагностикалык функцияны аткарат. Окумуштуу социологияны ар дайым жамааттык илимий изденүү катары караган. Андыктан, 1898-жылы L’Année Sociologique (Социология жылы) аттуу илимий журналды негиздеген. Бул басылма азыркы күнгө чейин жарык көрүп келет.

Журналдын туңгуч авторлору кийин Франция жана анын тышында таанылган.

Автор жөнүндө:Андрея Рота, Берн университетинин изилдөөчүсү, Швейцария