Жаңы өкмөттүн боосу бекемби?

  • Кубатбек Чекиров
  • Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
Кыргыз өкмөтүнүен жаңы курамында алты жаңы министр бар

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кыргыз өкмөтүнүн жаңы курамы

Кыргызстанда жаңы коалиция кураган өкмөт өзүнүн программасы менен курамын Жогорку Кеңеште бекитип алып, ишке киришти. Депутаттар жаңы өкмөттүн саясий жана экономикалык маселелерди чечүүгө даярдыгы жетишпейт деп сынга алышкан менен акырында аны аванс менен колдоп берди. Ал ортодо жаңы өкмөттүн алдында турган кечиктирбей чечүүнү талап кылган социалдык-экономикалык маселелер курчуп баратат.

Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттүн курамын жана программасын карап жаткан убакта сыртта жердин трансформация маселеси көп жылдан бери чечилбей жатканына нааразы жарандар жыйналып турушту.

Ошентип, жаңы өкмөттүн алдында кечиктирбей чечүүнү талап кылган курчуган социалдык-экономикалык маселелер толуп турат. Экономиканын кайсыл тармагын алба, энергетика, жол, айыл чарба, тоо-кен болобу, чечилбей жаткан көйгөй көп.

Жогорку Кеӊеште болгон талкууда Өкмөттүн жаӊы курамы да, программасы да көп сынга алынды. Премьер-министр кызматына бекиген Сооронбай Жээнбеков жаңы өкмөттүн экономикалык өсүштү камсыз кылуу, коррупция менен күрөшүү боюнча көп пландарын айткан менен, депутаттар жаңы өкмөттүн экономикалык да, саясий маселелерди да чечүүгө даярдыгы начар деп жатышат.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу Өкмөт программасында үстүрт каралганын сынга алды.

Мамлекеттик бюджеттен каржыланган сапатсыз курулуштар жөнүндө”Республика-Ата-журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов маселе көтөрдү.

Оппозицияда калган “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларындагы депутаттар министр кызматына башкаруучулук тажрыйбасы жок адамдар тандалып жатканын айрыкча белгилешти.

Ички иштер министри кызматына бекиген, президенттин мурдакы жан сакчысы Улан Исраилов депутаттар тарабынан берилген бир топ суроолорго жооп бере алган жок.

Чолпон Жакупова элементардык суроого жооп бере албаган министр коомдук тартипти жана коопсуздукту кантип камсыз кылат деп сынга алды.

"Бир бол” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев өкмөттүн жаңы программасы анын апрелдеги программасы менен коендой окшош экенин белгилеп, жаңы өкмөт мүчөлөрү бул программаны өздөрү жазганына, керек болсо окуганына ишенбей турганын айтты.

Бирок канчалык курч талкуу болбосун, баары бир жыйынтыгында депутаттар жүздөн ашык добуш менен өкмөттүн программасын да, курамын да аванс менен колдоп беришти. Жогорку Кеңештин башка аргасы да жок эле. Азыр кыш босогого келип, отун-суу даярдоо маселеси курч турат.

Экинчиден, декабрда болуучу баш мыйзамды өзгөрткөн референдумдан кийин парламент да, өкмөт да ордунда каларына толук ишеним жок.