Коммунисттердин Бишкекке Сталиндин эстелегин тургузуу демилгеси

Бишкек шаары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бишкек шаары

Бишкекте бир катар активисттер Сталиндин эстелигин борборго орнотуу идеясын көтөрүүдө. Демилгечилер кыргыз эли үчүн Сталиндин эмгеги чоң болгон деген жүйөө келтирип жатышат. Социал-демократтар бул демилгеге каршылыгын билдирип, коммунисттерди сынга алууда.

'Азыр кыргыз мамлекетин түптөгөнгө салым кошкон деген саясатчылар көбөйүп кетпедиби, аларга караганда Сталиндин эмгеги өтө зор. Бул киши Кыргызстанды өзүнчө автономдуу облус, андан кийин автономдуу республика кылган. Биздин биринчи конститутциябызды жазган киши дагы бул - Сталин. Кыргыз коомчулугу кимдин ким экенин тандай билиши керек. Азыр биз скульпторлор менен сүйлөшүп, анын эстелигин даярдатып жатабыз. Сталинди колдогон эл арасында абдан көп, биздин демилге кубаттоого алынат деп ойлойм', - дейт 'Коммунисттер' партиясынын мүчөсү Улукман Калыбеков.

Бул сыяктуу совет бийлигинин башында турган лидерлердин эстелигине карата кыргыз коомчулугунда маал-маалы менен талаш-тартыштар чыгып келе жатат. Сталиндин эстелигин тарыхый мурас катары сактоого ынтызар болгон коммунист жаштардын пикири албетте коомчулукта талаш-тартыштарды жаратты.

'Сталинди кайра жаратуу аракетин көргөндөр ал башкарган доорду билишпейт окшойт. Ошон үчүн алар биздин тарыхты окуса ойлору өзгөрмөк деп ойлойм. 1937-жылдардан баштап кыргыздын чыгаан инсандары кандай болуп атылып кеткендерин окушса. Демократияны тандап алганыбыздан кийин ушу жол менен кетишибиз керек', - дейт Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов.

'Эгемен Кыргызстанда Сталиндин айкелин орнотууга эч кандай муктаждык жок. Бүгүнкү күндө Коммунисттик партиянын таасири коомдо же саясатта жок калган, таасирге да ээ эмес. Акыркы жылдары парламенттик шайлоого катышпай деле калды. Андыктан алар өздөрүнүн бар экендигин элдин эсине салыш үчүн ушундай кадамдарга барып жатат деп ойлойм', - дейт тарыхчы Сабыр Арстанов.

Сталиндин эстелигине байланышкан талкуулар буга чейин Казакстан, Грузия сыяктуу өлкөлөрдө болгон. Кыргызстанда буга чейин Ош шаарынын жаштары "Лениндин эстелиги өзүнүн тарыхый милдетин аткарып бүттү, эгемен өлкө болгондон кийин ошону туюндурган, ошого ылайык келген эстелик болушу абзел" деген жүйө менен Лениндин эстелигин алып салуу сунушу менен жергиликтүү бийликке эки ирет кайрылган эле. Бирок шаар бийлиги алуунун зарылчылыгы жок деп жооп бергени бар.